Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 284 «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента Кыргызской Республики от 15 августа 2023 года УП № 194 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-08-15.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Президентинин 2023-жылдын 15-августундагы ПЖ № 194 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 15-августу ПЖ № 284
Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө (КР Президентинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы ПЖ № 328 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жарандар мыйзамдарды, республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын жарандары коомдун жана мамлекеттин иштерин башкарууга түздөн-түз, ошондой эле өз өкүлдөрү аркылуу катышууга укуктуу. Жарандар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча, башка маанилүү маселелер боюнча кыргыздардын тарыхый салты болуп саналган курултайларды өткөрүүгө укуктуу. Элдик Курултай - коомдук-өкүлчүлүктүү, кеңешүүчү, байкоочу жыйын, ал коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берет. Кыргыз Республикасында улуттар аралык ынтымакты андан ары бекемдөө, жарандык коомду бириктирүү жана социалдык мобилизациялоого көмөктөшүү максатында, ошондой эле өлкө жаңы глобалдык жана региондук чакырыктардын жана көйгөйлөрдүн босогосунда тургандыгын, аларды чечүү өз өкүлдөрү аркылуу бардык жергиликтүү жамааттардын катышуусун талап кылгандыгын эске алып, кыргыз мамлекетин жана коомду туруктуу өнүктүрүү, этностор аралык жана диндер аралык ынтымакка жетишүү жана анын өлкөнү башкарууга катышуусу үчүн Кыргызстан элин түзгөн бардык улуттарды жана этносторду бириктирүү максатында жалпы улуттук диалогду камсыз кылуу зарылдыгы бышып жетилгендигин таанып, ата-бабабыздын наркын, салтын сактап, Айкөл Манастын осуяттарына таянып, биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта табият менен таттуу мамиледе жашоону улап, мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууда жарандык консолидацияны жана кызыкчылыктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн балансын камсыз кылууга арналган, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинде каралган Элдик Курултайды түзүү зарылдыгын эске алып, Элдик Курултайдын статусун мыйзам менен жөнгө салууга чейин, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 61-беренесин, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4, 7, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. 2022-жылдын 25-ноябрында жума күнү Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында биринчи Элдик Курултай чакырылсын.
2. Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин (мындан ары - Уюштуруу комитети) курамы жана Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобо ушул Жарлыктын 1 жана 2-тиркемелерине ылайык бекитилсин.
3. Уюштуруу комитети:
- административдик-аймактык бирдиктерден (айыл аймактарынан жана шаарлардан), эмгек мигранттарынан, конфессиялык коомчулуктардан Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзсүн;
- Убактылуу жободон келип чыгуучу чечимдерди, ошондой эле биринчи Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча башка зарыл чараларды кабыл алсын;”;
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы ПЖ № 328 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
- Элдик Курултайдын регламентинин долбоорун андан кийин Элдик Курултайдын бекитүүсүнө киргизүү менен иштеп чыксын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан финансылык жана башка уюштуруу-техникалык маселелерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынын эсебинен чечсин.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери Уюштуруу комитетине биринчи Элдик Курултайды даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жергиликтүү курултайларда Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту сактоо боюнча зарыл чараларды көрсүн.
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
1-тиркеме
Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ Касмамбетов Суйунбек Сапарбекович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, уюштуруу комитетинин төрагасы; Абдразаков Бейшенбек Токтобаевич - "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Абыкеев Чолпонбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси; Борубашов Бекбосун Ишенбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, 2020-жылдагы Конституциялык кеңешменин төрагасы; Айтиев Замирбек Каримович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти, уюштуруу комитетинин катчысы; Алымбаев Абдрахман (Байас Турал) - "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча); Арабаев Чолпонкул Исаевич - "Элдик курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча); Дуйшеев Кубанычбек Турдумамбетович - "Элдик курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча); Кошалиев Кадырали Амиракулович - "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча); Райымкулов Билим Сардалбекович -Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Джунушалиев Айбек Жанышбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги; Укушов Мурат Каниметович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги; Кожоев Мирбек Кокулбаевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы; Туманбаев Каныбек Тургунбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу; Алимбаев Абдикарим Карбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Алымбаев Нурил Джайылбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Жамалдинов Зиядин Исламович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Нарбеков Бакытбек Наркулович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Сыргабаев Абсаттар Токтогулович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Сулайманов Алтынбек Турдубаевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Эргешов Алтынбек Калдарович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович - Бишкек шаарынын мэри; Мамбетов Алмаз Ишенбекович - Ош шаарынын мэри.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 40 · байланышкандар: 7
Цитата келтиргендер (40)
- Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 Жарлыгына)Положение · 15.08.2022 · № 284
- Төш-Булак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-сентябры № 01-6/17 “Жергиликтүү курултайды чакыруу жөнүндө” токтомуПостановление · 14.09.2022 · № 01-6/17
- Новопавловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 7-октябры № 18/122 "Новопавловка айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын курултайын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.10.2022 · № 18/122
- Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 42 "Электр энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсанцияны жыл сайын төлөттүрүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2022 · № 42
- Ак- Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 40 "Элдик Биринчи Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.09.2022 · № 40
- Шопоков шаардык кеңешинин 2022-жылдын 1 октябры № 66 "Жергиликтүү курултайды өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.10.2022 · № 66
- Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 41 "Токтогул районунун аймагында курула турган ГЭСтердин дирекциясын Токтогул шаарына жайгаштыруу жөнүндө"…Постановление · 14.12.2022 · № 41
- Красная Речка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-октябрындагы № 19/VII "Красная Речка айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын өткөрүсүн уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.10.2022 · № 19/VII
- Гавриловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 21-сентябры № 31 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ №284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын…Постановление · 21.09.2022 · № 31
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022-жылдын 04-октябры № 02 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын…Постановление · 04.10.2022 · № 02
- Салам-Алик айылдык кеңешинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын…Постановление · 09.09.2022 · № 83
- Орловка шаарынын кеңешинин 2022-жылдын 14-октябры № 68/15-28 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ №284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын…Постановление · 14.10.2022 · № 68/15-28
- Кыштут айылдык кеӊешинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыгын…Постановление · 15.09.2022 · № 50
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 105-28 "Аламүдүн айыл аймагында жергиликтүү Курултайды уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.09.2022 · № 105-28
- Момбеков айылдык кеңешинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 1 "Жергиликтүү Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо, уюштуруу жана өткөрүү күнүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.09.2022 · № 1
- Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 15-отурумунун 2022-жылдын 06-октябрынын № 15/2 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284-«Элдик…Постановление · 06.10.2022 · № 15/2
- Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 19 "Жергиликтүү курултайды өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.09.2022 · № 19
- Нарын шаардык кеңешинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 1 "Нарын шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн биринчи курултайын чакыруу жана өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 19.09.2022 · № 1
- Тамчы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 26-сентябрындагы № 2 "Уюштуруу комитетинин курамын түзүү жөнʏндө" токтомуПостановление · 26.09.2022 · № 2
- Тамчы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 26-сентябрындагы № 1 "Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 26.09.2022 · № 1
40 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-июлундагы № 146 "Элдик Курултай жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 24.07.2023 · № 146
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-августундагы ПЖ № 194 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.08.2023 · № 194
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (7)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Токтогул шаардык кеңешинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 23 "Электр энергиясы үчүн берилүүчү компенсацияны жыл сайын республикалык бюджеттин эсебинен төлөө жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2022 · № 23
- Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 1 "Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 15.09.2022 · № 1
- Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 15-сентябры № 15/1 "Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.09.2022 · № 15/1
- Чельпек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 40 "Чельпек айылынын жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 23.09.2022 · № 40
- Семенов айылдык аймагынын айылдык кенешинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 30 "Семеновка айыл аймагында жергиликтүү курултайды өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 23.09.2022 · № 30
- Ысык-Ата айылдык Кенешинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 81 /XIII-28 "Ысык-Ата айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 16.09.2022 · № 81 /XIII-28
- Боо-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” ПЖ №284 Жарлыгын…Постановление · 22.09.2022 · № 1