Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Чельпек айылдык кеңешинин «Чельпек айылынын жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө» токтому
ЧЕЛЬПЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ ТОКТОМ Чельпек айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектүү XXI-сессиясы
2022-жылдын 23-сентябрындагы № 40
Чельпек айылынын жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында. КР Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” №284 Жарлыгына жана биринчи Элдик Курултайды уюштуруу боюнча комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы “Биринчи Элдик Курултайга КР айылдык аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткарылуучу аракеттердин НУСКАМАСЫНА”ылайык маселени карап жана талкуулап чыгып, Чельпек айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз XXI- сессиясынын негизинде:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чельпек айылынын жергиликтүү Курултайы 2022- жылдын 5-ноябрында саат 10:00 го чакырылсын.
2. Чельпек айылынын жергиликтүү Курултайынын курамы калктын санына ылайык 50 делегаттан турары белгиленсин.
3. Чельпек айылынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы -11 адамдан бекитилсин. ( №1- тиркеме)
4. Жергиликтүү жаматтар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 15- октябрдан 21- октябрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн. ( №2- тиркеме)
5. Чельпек айыл аймагында Курултайды уюштурууга жумушчу топко ар тараптуу көрсөтүүгө жана белгиленген мөөнөттө графикке ылайык жыйындарга калктын келүүсүн, жыйын өтүүчү жайды тиешелүү аппараттар менен камсыздоого милдеттендирилсин.
6. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Каракол шаарынын областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Б. Саревага жүктөлсүн.
Төрага
Б. Омуркулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 "Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.08.2022 · № 284 · Күчүн жоготкон