Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Төш-Булак айылдык кеңешинин “Жергиликтүү курултайды чакыруу жөнүндө” токтому
ТӨШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Төш-Булак айылдык кеңешинин сессиясы
2022-жылдын 14-сентябры № 01-6/17
“Жергиликтүү курултайды чакыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында жана “Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө” ЖОБОнун негизинде:
1. Биринчи Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоого жергиликтүү курултайды өткөрүү үчүн уюштуруу комитетинин курамы төмөндөгүдөй бекитилсин :
Джавчалышев Уран Шакирбекович – айылдык Кеңештин депутаты Джунушева Салкын Бейшенбековна– айылдык Кеңештин депутаты Сыдыгалиева Назира Зарлыковна – айыл өкмөттүн социалдык коргоо боюнча жетектөөчү адиси Рыскулова Калия Рахматовна – аялдар кеңешинин төрайымы Борбиев Руслан Акылбекович – аксакалдар сотунун төрагасы Дамыркул уулу Мирлан - айыл өкмөттүн адиси Солтонбеков Нурланбек Апудаевич – айылдык Кеңештин депутаты Изатбеков Арген Азаматович– айылдык Кеңештин депутаты Талипов Руслан Өмүрбекович – айыл башчы Мураталиева Роза Кеңешбековна – айылдык Кеңештин төраганын орун басары Шаршенкулов Самат Сатаркулович - айыл өкмөттүн жооптуу катчысы
2. Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча Төш-Булак айыл аймагынын жергиликтүү курултайды өткөрүүнүн иш-чаралар планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Уюштуруу комитети бекитилген планга ылайык иш алып барсын.
4. Тош-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жумашалиев уюштуруу комитетинин жумушун уюштурууга ар-кандай көмөк көрсөтсүн.
5. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төраганын орун басары
Мураталиева Р.К.
Төш-Булак айылдык Кеңешинин 2022-жылдын «14» сентябрында № 01-6/17 Токтому менен бекитилген 1-тиркеме_________________________
Биринчи Элдик Курултайды Өткөрүү боюнча Төш-Булак айыл аймагынын жергиликтүү курултайын өткөрүүнүн иш-чаралар планы
№
Иш-чаралар мазмуну
Аткаруу мөөнөтү
Жооптуу аткаруучулар
1
2
3
4
1
Жергиликтүү Курултайды өткөрүүнүн календардык планын иштеп чыгуу жана бекитүү
2022-жылдын 9-сентябрь айында
Жергиликтүү Курултайды өткөрүүү боюнча уюштуруу комитети (Жумушчу топ)
2
Жергиликтүү Кеңештин кезексиз жыйынын чакыруу
2022-жылдын 15-сентябрь айына чейин
Жергиликтүү Кеңештин төрагасы, орун басары
3
Жергиликтүү Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комиссиясын түзүү
2022-жылдын 15-сентябрь айына чейин
Жергиликтүү Кеңеш, Айыл өкмөттүн өкүлдөрү
4
Жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн жергиликтүү курултайга чакыруу жөнүндө чечип, анын күн тартибин жана өткөрүлгөн мөөнөтүн бекитүү
2022-жылдын 15-сентябрь айына чейин
Жергиликтүү Кеңеш, Уюштуруу комитет (Жумушчу топ)
5
Жер – жерлерде элдик жыйындарды өткөрүү жана жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо
2022-жылдын 15-октябрь айынан 25- октябрга чейин
Жумушчу топ
6
Жергиликтүү курултайды өткөрүү жана Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо
2022-жылдын 5-ноябрь айында
Жумушчу топ
7
Элдик Курултайда көтөрүүчү үчтөн көп эмес маселелерди аныктоо жана протоколго киргизүү
2022-жылдын 5-ноябрь айында
Жумушчу топ
8
Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо жөнүндө протоколду, толтурулган анкеталарды, паспорт көчүрмөлөрдү жана сүрөттөрдү (3х4 кызыл фон 2 делегат) Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комиссиясы жөнөтөт
2022-жылдын 5-ноябрь айынан 10-ноябрга чейин
Жумушчу топ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 "Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.08.2022 · № 284 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.