Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Токтогул шаардык кеңешинин «Электр энергиясы үчүн берилүүчү компенсацияны жыл сайын республикалык бюджеттин эсебинен төлөө жөнүндө» токтому
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы 2022-жылдын 30-декабры № 23 Электр энергиясы үчүн берилүүчү компенсацияны жыл сайын республикалык бюджеттин эсебинен төлөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 15.08.2022-жылдагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” № 284 Жарлыгынын негизинде болуп өткөн биринчи Элдик курултайдын жүрүшүндө Токтогул районунун атынан чыгып сүйлөгөн делегаттардын сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 02.04.2010-жылдагы "Бийик тоолуу жана алыскы, барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жана чек ара райондорунда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндөгү " № 206 токтомунун негизинде электр энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсацияны системалуу түрдө жыл сайын республикалык бюджеттин эсебинен төлөөнү камсыздоо менен барууга кыйын райондордун бири Токтогул району, Токтогул шаарында жашап, иштеген адамдарга, кошумча мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү, калкка даректүү колдоо көрсөтүүнү жана социалдык кепилдиктердин системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча сунуш, өтүнүчтөр талкууланды. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы, токтом кылат:
1. "Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жана чек ара райондорунда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндөгү " № 206 токтомунун негизинде, Токтогул шаарында жашап, иштеген адамдарга электр энергиясы үчүн берилүүчү компенсацияны системалуу түрдө жыл сайын республикалык бюджеттин эсебинен төлөп туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго өтүнүч келтирилсин.
2. Токтомду аткаруу боюнча жогорку органдарга кайрылуу, тиешелеүү иштерди жүргүзүү Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданов) милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, бир нускасын Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага:
Б.С.Белеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 "Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик…Постановление · 02.04.2010 · № 206
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 "Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.08.2022 · № 284 · Күчүн жоготкон