Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ысык-Ата айылдык Кенешинин /XIII-28 «Ысык-Ата айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө» токтому
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезексиз XIII (он үчүнчү) сессиясы
2022-жылдын 16-сентябры № 81 /XIII-28
Ысык-Ата айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чындоо максатында, КР Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” №284 Жарлыгына жана биринчи Элдик Курултайды уюштуруу боюнча комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы “Биринчи Элдик Курултайга КР айылдык аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткарылуучу аракеттердин нускамасына” ылайык маселени карап жана талкуулап чыгып, Ысык–Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл аймагында жергиликтүү Курултайы 2022-жылдын 5-ноябрына саат 10:00 го чакырылсын.
2. Ысык-Ата айыл аймагында жергиликтүү Курултайдын курамы калктын санына ылайык – 50 делегаттан турары белгиленсин.
3. Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 15-октябрдан 20-октябрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн (№1 тиркеме) жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөрү эскертилсин.
4. Ысык-Ата айыл аймагында жергиликтүү Курултайдын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы – 11 адамдан бекитилсин. (№2 тиркеме).
5. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Чүй-Бишкек- Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом www.ysykata-ao.org.kg вебсайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө жагы социалдык иштер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага
Ж. Бейшекеев
Ысык – Ата айылдык Кеңешинин 2022-жылдын 16- сентябрындагы №81 /XIII-28 токтому менен бекитилген №1 тиркеме
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин жергиликтүү курултайына делегаттарды көрсөтүү боюнча өткөрүлүүчү чогулуштардын ( жыйындардын ) ГРАФИГИ:
№
Өткөрүүлүчүү орду
Убактысы
Калтын саны
Делегаттардын саны
Жооптуулар
күнү
сааты
1
Карагай-Булак
17.10.22
10.00
864
5
А.Бектуров
2
Тогуз-Булак
17.10.22
13.00
693
5
Г.Садыбаева
3
Горная-Серафимовка
17.10.22
15.00
470
5
А.Алымкулова
4
Алмалуу
18.10.22
10.00
1770
10
С.Арунова
5
Джогорку -Ичке-Суу
18.10.22
13.00
398
5
Н.Ибраимов
6
Ичке-Суу
18.10.22
15.00
405
5
Г.Чотиева
7
Норус
19.10.22
10.00
404
5
М.Сарыбаева
8
Үч-Эмчек
19.10.22
13.00
837
5
К.Теңизбаев
9
Таш-Башат
19.10.22
15.00
273
5
Г.Байтемирова
Төрага
Ж. Бейшекеев
Ысык – Ата айылдык Кеңешинин 2022-жылдын 16- сентябрындагы №81 /XIII-28 токтому менен бекитилген №2 тиркеме
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин жергиликтүү курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы:
№
Ф.А.А.
Кызматы
1
Ж.Бейшекеев
төрага
2
Ж.Тентимишова
катчысы
3
А.Бектуров
мүчөсү
4
Г.Садыбаева
мүчөсү
5
А.Алымкулова
мүчөсү
6
С.Арунова
мүчөсү
7
Н.Ибраимов
мүчөсү
8
Г.Чотиева
мүчөсү
9
М.Сарыбаева
мүчөсү
10
Г.Байтемирова
мүчөсү
11
К.Теңизбаев
мүчөсү
Төрага
Ж. Бейшекеев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 "Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.08.2022 · № 284 · Күчүн жоготкон