Семенов айылдык аймагынын айылдык кенешинин «Семеновка айыл аймагында жергиликтүү курултайды өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
СЕМЕНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ Эл депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык кенешинин кезексиз 9 - сессиясынын
2022-жылдын 23-сентябрындагы № 30
Семеновка айыл аймагында жергиликтүү курултайды өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын айкындуулугун жана эл менен байланышын чындоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы"Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө" № 284 Жарлыгына жана биринчи Элдик Курултайга Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынан жана шаарлардан делегаттарды шайлоо боюнча аткарылуучу аракеттердин нускамасына ылайык маселени карап, талкуулап чыгып Семеновка айылдык Кенеши токтом кылат:
1 .Семеновка айыл аймагынын жергиликтүү курултайы 2022-жылдын 10-октябрына саат 11-00 гө чакырылсын.
2. Семеновка айыл аймагынан жергиликтүү курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 11 адамдан бекитилсин (тиркеме 1)
3. Семеновка айыл аймагынан жергиликтүү курултайынын курамы калктын санына ылайык 50 делегаттан турары белгиленсин. (тиркеме 2)
4. Семеновка айыл аймагында жергиликтуу курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү 2022-жылдын 23-сентябрынан 27-сентябрына чейин белгиленсин. (Тиркеме 3)
5. Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтуу курултайды өткөрүү 2022-жылдын 10-октябры деп белгиленсин. (тиркеме 4).
6. Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеӊештин депутаттарына, айыл башчыларга жана жумушчу топко жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү, уюштуруу жагы милдеттендирилсин.
7. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Семеновка айылдык кеӊешинин жаштар иштери,спорт жана маданият,депутаттык этика,уюштуруу иштери,жалпыга маалымдоо каражаттары,регламент боюнча № 4 туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тɵрайым
А.С.Бараканова
Эскертүү: 1, 2, 3, 4-тиркемелердин кагаз нускамасы келип түшкөн эмес.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 "Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.08.2022 · № 284 · Күчүн жоготкон