Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Тамчы айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Уюштуруу комитетинин курамын түзүү жөнʏндө» токтому
ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезексиз IX сессиясы 2022-жылдын 26-сентябры № 2 Уюштуруу комитетинин курамын түзүү жөнʏндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 “Элдик Курултады чакыруу жөнүндө” Жарлыгы менен аныкталган 2022- жылдын 25-ноябрында өтүүчү биринчи Элдик Курултайга айыл аймактарынан жана шаарлардан делегаттарды шайлоо боюнча уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө маселени депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы төмөндөгүчө түзүлсүн:
- Мамбетов Элнар Асангазиевич – айылдык кеңештин төрагасы –
уюштуруу комитетинин төрагасы
- Искаков Рысбек Тургунаалыевич – айыл Өкмөтүнүн кызматкери –
уюштуруу комитетинин катчысы
Мүчөлөрү:
- Самат уулу Арзымат - айылдык кеңештин депутаты
- Сейдакматов. Усупбек Сагалиевич – айылдык кеңештин депутаты
- Сукенова Назгул Мелисовна - айылдык кеңештин депутаты
- Жылкыбек уулу Улукбек – айылдык кеңештин депутаты
- Рыспай уулу Нурсултан - айылдык кеңештин депутаты
- Акеев Кубанычбек Белекович - Аксакалдар Сотунун төрагасы
- Эгеев Жолдошбек Абышович - Аксакалдар Сотунун төрагасы
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айылдык кеңештин туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага
Э.А.Мамбетов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 "Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.08.2022 · № 284 · Күчүн жоготкон