Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-08-11.
КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2006-жылдын 28-декабры № 210
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу
2006-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кенеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 2000-ж., № 11, 683-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
7-статьяда:
5-бөлүгүндөгү "баштапкы (нөлдүк)" деген сөздөр "биринчи" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7-бөлүгүндө:
- экинчи абзацтагы "эњ аз айлык акынын 75 проценти" деген сөздөр "разрядка ылайык тарифтик ставкадан 15 процент" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацтагы "эњ аз айлык акынын 100 проценти" деген сөздөр "разрядка ылайык тарифтик ставкадан 20 процент" деген сөздөргө алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"Эгер мугалимдин мурда алган үстөгү, тарифтик ставкадан процент менен белгиленген класс жетекчилик үчүн эмгек акыга үстөктүн өлчөмүнөн жогору болгон учурда, мурда белгиленген үстөк төлөнөт";
8-бөлүк 9-бөлүк деп эсептелсин;
9-бөлүктөгү "айлык акынын бир өлчөмүндө, айыл жеринде эки өлчөмүндө, чек ара райондорунда - үч өлчөмүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Мугалимдин статусу жөнүндөЗакон · 14.01.2001 · № 9 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Мугалимдин статусу жөнүндөЗакон · 14.01.2001 · № 9 · Күчүн жоготкон