Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-08-21.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 21-августу № 574 "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2000-ж, № 11, 678-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын киришмеси төмөнкү редакцияда берилсин:
"1-берене. Ушул Мыйзамды жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам мугалимдин ишине байланышкан мамлекеттик саясаттын принциптерин аныктайт, укуктук, социалдык-зкономикалык мамилелерди жөнгө салат жана мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү, атайын билим берүү уюмдарынын, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин укуктук абалын сапаттуу жакшыртууну камсыз кылган шарттарды түзүүгө, аларды социалдык жактан коргоо кепилдиктерин ишке ашырууга багытталган."
2. 1-1-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"1-1-берене. Мугалимдин статусу
Мугалим - зарыл кесиптик билимге жана тиешелүү квалификацияга ээ, мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү, атайын билим берүү уюмдарында, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарында иштеген, окутуу, илимий, усулдук, тарбиялык, уюштуруучулук жана жетекчилик иштерди аткаруучу адам. Педагогдук иштин шарттары жана мүнөзү мугалимдин статусунун мазмунун аныктайт, ал мугалимдин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин, ошондой эле аларды ишке ашыруунун кепилдиктерин камтыйт.".
3. 2-берененин:
1) 1-бөлүгүндөгү "жалпы орто, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде" деген сөздөр "мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү, атайын билим берүү уюмдарында, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
4. 4-берененин 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- окуучуларды жыныс белгиси, расасы, тили, майыптыгы, этникалык теги, диний ишеними, жаш курагы, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча түздөн-түз, тымызын жана (же) кыйыр басмырлоого, укуктарын чектөөгө же артыкчылыктарды берүүгө жол бербөө;".
5. 5-берененин:
1) 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Мыйзамда аныкталган зарыл билими жана тиешелүү педагогикалык квалификациясы бар адамдар педагогикалык иш жүргүзүүгө укуктуу.";
2) 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 2-бөлүгүнүн тогузунчу абзацындагы "жашы жетпегендердин" деген сөздөр "балдардын" деген сөзгө алмаштырылсын.
6. 6-берененин 3-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин;
"Мугалимдин ишин аттестациялоо, инспекциялоо жана ишин көзөмөлдөө тартиби билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Өкмөт тарабынан аныкталат.".
7. 7-берененин:
1) 1-бөлүгүндөгү "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "мыйзамдарда" деген сөзгө алмаштырылсын:
2) 4-бөлүгүндөгү "Мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары" деген сөздөр "Мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү, атайын билим берүү уюмдары, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 13-бөлүгү күчүн жоготуу деп табылсын;
4) 14-бөлүгүндөгү "Мектептерде, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде" деген сөздөр "Мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү, атайын билим берүү уюмдарында, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 16-бөлүгүндөгү "Мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары" деген сөздөр "Мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү, атайын билим берүү уюмдары, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 8-берененин 2-бөлүгүндөгү "башкаруу жана" деген сөздөр алып салынсын.
9. 9-берененин 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Мугалимдин иш күнүнүн жана иш жумасынын узактыгы мыйзамда аныктатат.".
10. 12-беренедеги "мектептердеги, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде" деген сөздөр "мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү, атайын билим берүү уюмдарында, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 13-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"13-берене. Сыйлануу укугу
Өсүп келе жаткан муундарды окутууда жана тарбиялоодо жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн мугалим билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук сыйлыктарына жана мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлүшү мүмкүн.".
12. 17-берененин 2-бөлүгүндөгү "билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр "билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 18-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Мамлекет мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдарынын, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарынын бардык типтеги мекемелеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо үчүн бардык шарттарды түзүүнүн кепилдигин алат. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу юридикалык жактар тарабынан жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү уюмдары, кошумча кесиптик билим берүү уюмдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий булакка жарыяланууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ушул долбоору Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин алдындагы ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында иштелип чыккан. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамдын 12-беренесине ылайык мыйзамдын киришмесине ченемдик көрсөтмөлөрдү киргизүүгө жол берилбей тургандыгын эске алуу менен, "Мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамдын аны жөнгө салуу предметин аныктаган киришмесин өзүнчө берене катары жол-жоболоштуруу сунушталууда. Ошондой эле Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча бирдей атоолорду колдонуу максатында билим берүү уюмдарынын аталыштары "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамдын 12-беренесине ылайык келтирилүүдө, ага ылайык билим берүү уюмдарынын катарына мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдары, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдары кирет. Ошондой эле "Мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамдын 5-беренесинде мыйзамда аныкталган зарыл билимге жана тиешелүү педагогикалык квалификацияга ээ адамдар педагогикалык иш жүргүзүүгө укуктуу деп көрсөтүлгөндүктөн, "Мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамындагы ички карама-каршылыктарды жоюу максатында анын 2-беренесинин 2-бөлүгүн күчүн жоготту деп табуу сунуш кылынат. Ошондой эле жогоруда аталган Мыйзамдын 4-беренеси Конституциянын 16-беренесине ылайык келтирилүүдө, ага ылайык эч кимди жыныс белгиси, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол берилбейт. Буга кошумча "Мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамды "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталууда, ага ылайык министрликтер жана ведомстволор ченемдик укуктук актыларды чыгаруу боюнча ыйгарым укуктарын жоготуп олтурушат. Мындан тышкары балдар жөнүндө кодекстин жоболорун жүзөгө ашыруу максатында Мыйзам долбоору аркылуу "Мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамдын 5-беренесине "жашы жете электер" түшүнүгүн "балдар" түшүнүгүнө алмаштыруу жаатында өзгөртүү киргизүү сунуш кылынууда. Ошондой эле мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоодо мамлекеттик органдардын аталышы улам өзгөрүүгө дуушар болуп жаткандыгына байланыштуу "иштин тиешелүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" жалпыланган атоосун пайдалануу сунушталат. Ошондой эле "Мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамда коомдук мамилелердин тиешелүү тармагын жөнгө салган башка мыйзамдардын ченемдери, жоболору кайталанып жүргөндүгүн белгилөө абзел. Ушундан улам "Мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамдын 7-беренесинин 13-бөлүгүн күчүн жоготту деп табуу сунушталууда, анткени анда козголгон маселе Жер кодекси аркылуу чечилет. Мындан тышкары "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамда мугалимдин иш күнүнүн жана иш жумалыгынын узактыгы маселелери регламенттештирилбегендиктен "Мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамдын 9-беренесине тиешелүү түзөтүүлөр киргизилүүдө. Ошону менен бирге көрсөтүлгөн долбоорду коомдук талкуулоонун жүрүшүндө эч кандай сунуштардын жана сын-пикирлердин келип түшпөгөндүгүн белгилейбиз. Ошондой эле, ушул долбоордун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерин алып келбей тургандыгын айта кетүүгө болот. Мындан тышкары улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин талдоонун жыйынтыгы боюнча сунушталган мыйзам долбоорундагы ченемдер колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбей тургандыгын белгилей кетебиз. Ал эми ушул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы каражаттарын талап кылбай тургандыгын кошумча билдире кетмекчибиз.
Министр
А.Шыкмаматов
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Иштеп жаткан баяндамасы | Сунушталган баяндамасы |
|---|---|
| [Ушул Мыйзам мамлекеттик саясаттын принциптерин аныктайт, мугалимдин иши менен байланышкан укуктук, социалдык-экономикалык мамилелерди жөнгө салат жана жалпы орто, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин укуктук абалын сапаттык жактан жакшыртууну камсыз кылуучу шарттарды түзүп берүүгө, аларды социалдык жактан коргоо кепилдиктерин ишке ашырууга багытталган.] | [1-статья. Ушул Мыйзамды жөнгө салуу предмети Ушул Мыйзам мугалимдин ишине байланышкан мамлекеттик саясаттын принциптерин аныктайт, укуктук, социалдык-экономикалык мамилелерди жөнгө салат жана мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдарынын, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин укуктук абалын сапаттуу жакшыртууну камсыз кылган шарттарды түзүүгө, алардын социалдык корголушунун кепилдиктерин жүзөгө ашырууга багытталган.] |
| [1-статья. Мугалимдин статусунун мазмуну Мугалим - зарыл кесиптик билимге жана тиешелүү квалификацияга ээ, жалпы орто мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде иштеп жаткан, окутуу, илимий, усулдук, тарбиялык, уюштуруучулук жана жетекчилик иштерди аткаруучу киши. Педагогдук иштин шарттары жана мүнөзү мугалимдин статусунун мазмунун аныктайт, ал мугалимдин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин, ошондой эле аларды ишке ашыруунун кепилдиктерин камтыйт. Мугалим Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген бардык укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланат.] | [1-1-статья. Мугалимдин статусу Мугалим - зарыл кесиптик билимге жана тиешелүү квалификацияга ээ мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү, атайын билим берүү уюмдарында, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарында иштеген, окуу, илимий, усулдук, тарбиялык, уюштуруучулук жана жетекчилик ишин аткарган адам Педагогдук иштин шарттары жана мүнөзү мугалимдин статусунун мазмунун аныктайт, ал өзүндө мугалимдин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин, ошондой эле аларды ишке ашыруунун кепилдиктерин камтыйт.] |
| 2-статья. Мугалимдик статуска ээ болгондор Кыргыз Республикасынын жана башка ар кандай өлкөнүн зарыл болгон педагогикалык билимге жана тиешелүү квалификацияга ээ болгон, ар түрдүү типтеги жана менчиктин түрүндөгү, окутуу, илимий, усулдук, тарбиялык, уюштуруучулук жана жетекчилик иштерди аткаруучу [жалпы орто, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде] иштеген жарандары мугалимдик статуска ээ. [Педагогикалык билими жана квалификациясы жокторго квалификацияны жогорулатуучу тийиштүү кайра даярдыктан жана аттестациядан өткөндөн кийин мектептердин, мектепке чейинки жана мектептен тышкары билим берүү мекемелеринин педагогикалык кеңешинин чечими боюнча педагогдук иш жүргүзүү укугу берилет.] Квалификациясынын жетишсиздигине жана окуу-тарбия ишинин принциптерине сыйбаган адепсиз аракеттерине байланыштуу мугалимди статусунан ажыратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. | 2-статья. Мугалимдик статуска ээ болгондор Кыргыз Республикасынын жана башка ар кандай өлкөнүн зарыл болгон педагогикалык билимге жана тиешелүү квалификацияга ээ болгон, ар түрдүү типтеги жана менчиктин түрүндөгү, окутуу, илимий, усулдук, тарбиялык, уюштуруучулук жана жетекчилик иштерди аткаруучу мектепке чейинки [билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү, атайын билим берүү уюмдары, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдары иштеген] жарандары мугалимдик статуска ээ. [Күчүн жоготту деп табылсын.] Квалификациясынын жетишсиздигине жана окуу-тарбия ишинин принциптерине сыйбаган адепсиз аракеттерине байланыштуу мугалимди статусунан ажыратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. |
| 4-статья. Мугалимдин педагогдук ишинин принциптери Мугалимдин ишинин негизги принциптери: - окуучуну окутууга, тарбиялоого, өнүктүрүүгө жекече багытталган мамиле; - окуучунун укуктарын жана эркиндиктерин, улуттук-маданий каада-салттарга урмат көрсөтүүнү камсыз кылган окутуунун жана тарбиялоонун гумандуулук мүнөзү; - жалпы адамзатка таандык моралдык принциптерди жана адеп-ахлактык дөөлөттөрү жактоо; [- окуучуларга алардын жынысы, этникалык теги, тили, тек жайы, диний ынанымы боюнча түздөн-түз же жекече же коомдук мүнөздөгү кандайдыр бир башка шарттар жана жагдайлар боюнча түздөн-түз тымызын жана (же) кыйыр басмырлоого, укуктарын чектөөгө жана артыкчылык берүүгө жол бербөө;] - окуучуларды мекенди сүйүү, жогорку жарандуулук, эл достугунун духунда тарбиялоо; - билим берүүнүн жолун жолдоочулугу; - педагогикалык иштин уюштуруу усулдардын жана формаларын эркин тандап алуу; - окутуу жана тарбия берүү принциптеринин биримдиги; - илимдин, техниканын жана маданияттын эң жетишкендиктеринин негизинде өз билимин өркүндөтүү; - окуучулар жана алардын үй-бүлөлөрү менен тыгыз байланыш; - балдар жана жаштар бирикмелери, эмгек жамааттары, ошондой эле иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бул ишке таламдаш мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар м кызматташтык болуп саналат. | 4-статья. Мугалимдин педагогдук ишинин принциптери Мугалимдин ишинин негизги принциптери: - окуучуну окутууга, тарбиялоого, өнүктүрүүгө жекече багытталган мамиле; - окуучунун укуктарын жана эркиндиктерин, улуттук-маданий каада-салттарга урмат көрсөтүүнү камсыз кылган окутуунун жана тарбиялоонун гумандуулук мүнөзү; - жалпы адамзатка таандык моралдык принциптерди жана адеп-ахлактык дөөлөттөрү жактоо; [- окуучуларды жыныс белгиси, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча түздөн-түз, тымызын жана (же) кыйыр басмырлоого, укуктарын чектөөгө же артыкчылыктарды берүүгө жол бербөө;] - окуучуларды мекенди сүйүү, жогорку жарандуулук, эл достугунун духунда тарбиялоо; - билим берүүнүн жолун жолдоочулугу; - педагогикалык иштин уюштуруу усулдардын жана формаларын эркин тандап алуу; - окутуу жана тарбия берүү принциптеринин биримдиги; - илимдин, техниканын жана маданияттын эн жетишкендиктеринин негизинде өз билимин өркүндөтүү; - окуучулар жана алардын үй-бүлөлөрү менен тыгыз байланыш; - балдар жана жаштар бирикмелери, эмгек жамааттары, ошондой эле иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бул ишке таламдаш мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар кызматташтык болуп саналат. |
| 5-статья. Мугалимдин кесиптик ишиндеги укуктары [Мыйзамда аныкталган зарыл билими жана тийиштүү педагогикалык квалификациясы бар адамдар улутуна, жынысына, тилине, социалдык тегине жана туткан динине карабастан, педагогикалык иш жүргүзүүгө укуктуу.] Мугалим: - мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык келген жана [билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун борбордук органы] бекиткен окуу программаларын, окутуу формаларын жана усулдарын, окуу китептерин жана окуу куралдарын эркин тандап алууга; - жаны автордук программаларды, окуу китептерин жана окуу куралдарын иштеп чыгууга катышууга; - новатордук усулдарды жана ыкмаларды түзүүгө жана пайдаланууга, илимий-педагогикалык эксперимент жүргүзүүгө, алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны ишке ашырууга; - педагогикалык иште новатордук усулдарды жана ыкмаларды түзгөндүгү жана жайылткандыгы үчүн сыйланууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жекече педагогдук иш жүргүзүүгө; - категорияны жогорулатуу максатында мөөнөтүнөн мурда аттестацияланууга; - белгиленген тартипте беш жылда бир жолудан кем эмес квалификациясын жогорулатып турууга; [- жашы жетпегендердин] укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого укуктуу. Мугалим Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык өз ишин башка иш менен айкалыштырып иштөө укугунан пайдалана алат. Мугалим мектепти башкарууга катышууга укуктуу. Мугалимдин кызмат абалынын туруктуулугу ал мектепте билим берүү тутумун уюштуруу толук же жарым-жартылай өзгөртүлгөн учурда да кепилдикке алынат. | 5-статья. Мугалимдин кесиптик ишиндеги укуктары Мыйзамда аныкталган зарыл билимге жана тиешелүү педагогикалык квалификацияга ээ адамдар педагогикалык иш жүргүзүүгө укуктуу. Мугалим: - мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык келген жана Өкмөт бекиткен окуу программаларын, окутуу формаларын жана усулдарын, окуу китептерин жана окуу куралдарын эркин тандап алууга; - жаңы автордук программаларды, окуу китептерин жана окуу куралдарын иштеп чыгууга катышууга; - новатордук усулдарды жана ыкмаларды түзүүгө жана пайдаланууга, илимий-педагогикалык эксперимент жүргүзүүгө, алдынкы педагогикалык тажрыйбаны ишке ашырууга; - педагогикалык иште новатордук усулдарды жана ыкмаларды түзгөндүгү жана жайылткандыгы үчүн сыйланууга; - Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жекече педагогдук иш жүргүзүүгө; - категорияны жогорулатуу максатында мөөнөтүнөн мурда аттестацияланууга; - белгиленген тартипте беш жылда бир жолудан кем эмес квалификациясын жогорулатып турууга; - [балдар] укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого укуктуу. Мугалим Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык өз ишин башка иш менен айкалыштырып иштөө укугунан пайдалана алат. Мугалим мектепти башкарууга катышууга укуктуу. Мугалимдин кызмат абалынын туруктуулугу ал мектепте билим берүү тутумун уюштуруу толук же жарым-жартылай өзгөртүлгөн учурда да кепилдикке алынат. |
| 6-статья. Мугалимдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо Кыргыз Республикасынын же башка өлкөнүн жараны катары, мугалимдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо кепилдикке алынат. Мугалимдин кесиптик ишмердигин инспекциялоо жана контролдоо тутуму анын эркин чыгармачылык демилгесине чектөө киргизбөөгө тийиш. Аттестациянын жүрүшүндө жана башка учурларда мугалимдин ишине баа берүү калыстык менен жүргүзүлүүгө жана мугалимдин өзүнө маалымдалууга тийиш. [Мугалимдин ишин аттестациялоо, инспекциялоо жана контролдоо тартиби билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу борбордук органы иштеп чыккан жана бекиткен жоболор менен жөнгө салынат.] Жалпы билим берүүчү мектептердин, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин мугалимдерин, алардын кесиптик ишине байланышпаган айыл чарба жана башка жумуштарга тартууга жол берилбейт. Окуучулардын ата-энелери, өзүнүн мүнөзү боюнча мугалимдин кесиптик милдетине кирген маселелерге жүйөөсүз кийлигишүүгө укуксуз. | 6-статья. Мугалимдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо Кыргыз Республикасынын же башка өлкөнүн жараны катары, мугалимдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо кепилдикке алынат. Мугалимдин кесиптик ишмердигин ииспекциялоо жана контролдоо тутуму анын эркин чыгармачылык демилгесине чектөө киргизбөөгө тийиш. Аттестациянын жүрүшүндө жана башка учурларда мугалимдин ишине баа берүү калыстык менен жүргүзүлүүгө жана мугалимдин өзүнө маалымдалууга тийиш. [Мугалимди аттестациялоо, инспекциялоо жана ишин көзөмөлдөө тартиби билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Өкмөт тарабынан аныкталат.] Жалпы билим берүүчү мектептердин, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин мугалимдерин, алардын кесиптик ишине байланышпаган айыл чарба жана башка жумуштарга тартууга жол берилбейт. Окуучулардын ата-энелери, өзүнүн мүнөзү боюнча мугалимдин кесиптик милдетине кирген маселелерге жүйөөсүз кийлигишүүгө укуксуз. |
| 7-статья. Материалдык жактан камсыз болуу укугу Мугалимдин кызмат акысынын өлчөмү ["Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында] аныкталган тартипте белгиленет. Мугалимдин кызмат акысы финансы жылына (12 ай) эсептелет. Жергиликтүү башкаруу жана өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин эсебинен ар бир категориянын чегинде мугалимдердин кызмат акысына кошумчаларды белгилеши мүмкүн. [Мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары] камкорчулук кеңеши менен макулдашуу боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздүк, демөөрчүлүк каражаттардан педагог кызматкерлерине кошумча жана кошуп төлөөнү өз алдынча белгилей алат. (Бешинчи бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Мугалимдин стандарттык ченемден (ставкадан) ашкан окуу-тарбия ишине акы төлөнөт. (Жетинчи бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Сегизинчи бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Тогузунчу бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Мамлекет мектептердин мугалимдерине жана жетекчилерине республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден айлык акыны жыл ичинде толук көлөмдө өз убагында төлөп берүүнү камсыз кылат. Мугалимдердин айлык акысы өз убагында төлөнбөгөн учурда, аны төлөп берүү "Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык индексациялоо менен жүргүзүлөт. Бийик тоолуу жана алыскы айылдык райондордо иштеген мугалимдерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жеңилдиктер жана айлык акысына кошумча төлөөлөр каралат. [Турак жай аянты менен камсыз кылынбагандарга же турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондорго жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан турак жай куруу үчүн жер участоктору берилет.] [Мектептерде, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде] иштеген илимдин кандидаты же докторунун окумуштуулук даражасы бар мугалимдерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча акы белгиленет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган мугалимдин айлыгынан кармап калууларга тыюу салынат. [Мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары] окуучулардын тандоосу боюнча факультативдик сабактарды, курстарды өткөрүүгө, ийримдерди, клубдарды, илимий студияларды, спорттук жана башка бирикмелерди уюштурууга, лекцияларга акы төлөп берүүгө каражат бөлүүгө укуктуу. | 7-статья. Материалдык жактан камсыз болуу укугу Мугалимдин кызмат акысынын өлчөмү ["Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында] аныкталган тартипте белгиленет. Мугалимдин кызмат акысы финансы жылына (12 ай) эсептелет. Жергиликтүү башкаруу жана өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин эсебинен ар бир категориянын чегинде мугалимдердин кызмат акысына кошумчаларды белгилеши мүмкүн. [Мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары] камкорчулук кеңеши менен макулдашуу боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздүк, демөөрчүлүк каражаттардан педагог кызматкерлерине кошумча жана кошуп төлөөнү өз алдынча белгилей алат. (Бешинчи бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Мугалимдин стандарттык ченемден (ставкадан) ашкан окуу-тарбия ишине акы төлөнөт. (Жетинчи бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Сегизинчи бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Тогузунчу бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Мамлекет мектептердин мугалимдерине жана жетекчилерине республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден айлык акыны жыл ичинде толук көлөмдө өз убагында төлөп берүүнү камсыз кылат. Мугалимдердин айлык акысы өз убагында төлөнбөгөн учурда, аны төлөп берүү "Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык индексациялоо менен жүргүзүлөт. Бийик тоолуу жана алыскы айылдык райондордо иштеген мугалимдерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жеңилдиктер жана айлык акысына кошумча төлөөлөр каралат. [Турак жай аянты менен камсыз кылынбагандарга же турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондорго жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан турак жай куруу үчүн жер участоктору берилет.] [Мектептерде, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде] иштеген илимдин кандидаты же докторунун окумуштуулук даражасы бар мугалимдерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча акы белгиленет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган мугалимдин айлыгынан кармап калууларга тыюу салынат. [Мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары] окуучулардын тандоосу боюнча факультативдик сабактарды, курстарды өткөрүүгө, ийримдерди, клубдарды, илимий студияларды, спорттук жана башка бирикмелерди уюштурууга, лекцияларга акы төлөп берүүгө каражат бөлүүгө укуктуу. |
| 8-статья. Социалдык жактан камсыз болуу укугу Мамлекет мугалимди анын репродуктивдик функциясына байланышкан эмгектик, турмуш-тиричиликтик жана социалдык жеңилдик шарттары менен камсыз кылат. Жергиликтүү [башкаруу] жана өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жаш адистерге турак жай аянтын күтүү жана коммуналдык тейлөө боюнча эксплуатациялык чыгымдарын төлөөдө жеңилдиктерди же жекече турак жай курулушуна процентсиз ссудаларды бере алат. | 8-статья. Социалдык жактан камсыз болуу укугу Мамлекет мугалимди анын репродуктивдик функциясына байланышкан эмгектик, турмуш-тиричиликтик жана социалдык жеңилдик шарттары менен камсыз кылат. Жергиликтүү жана өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жаш адистерге турак жай аянтын күтүү жана коммуналдык тейлөө боюнча эксплуатациялык чыгымдарын төлөөдө жеңилдиктерди же жекече турак жай курулушуна процентсиз ссудаларды бере алат. |
| 9-статья. Эс алуу укугу Мугалимдин эс алуу укугу окуу сааттарын сарамжал пландаштыруу, жумалык эс алуу берүү, ошондой эле мыйзамдарда каралгандай жыл сайын төлөнүүчү өргүүлөргө чыгаруу менен камсыз кылынат. [Мугалимдин жумуш күнүнүн жана жумуш жумасынын узактыгы Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамында каралган чектерде белгиленет.] | 9-статья. Эс алуу укугу Мугалимдин эс алуу укугу окуу сааттарын сарамжал пландаштыруу, жумалык эс алуу берүү, ошондой эле мыйзамдарда каралгандай жыл сайын төлөнүүчү өргүүлөргө чыгаруу менен камсыз кылынат. [Мугалимдин иш күнүнүн жана иш жумалыгынын узактыгы мыйзамдар аркылуу аныкталат.] |
| 12-статья. Жогорку кесиптик жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларынын педагогикалык факультеттерин бүтүрүүчүлөрдү чыныгы аскер кызматына чакырууну кийинкиге калтыруу укугу Айыл жерлерине иштөөгө жиберилген жогорку кесиптик жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларынын педагогикалык факультеттеринин бүтүрүүчүлөрүнө айыл жерлериндеги [мектептердеги, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде] иштеген эмгектик ишинин бүткүл мезгилинде чыныгы аскер кызматына чакыруу кийинкиге калтырылат. | 12-статья. Жогорку кесиптик жана орто кесиптик билим берүү окуу жаштарынын педагогикалык факультеттерин бүтүрүүчүлөрдү чыныгы аскер кызматына чакырууну кийинкиге калтыруу укугу Айыл жерлерине иштөөгө жиберилген жогорку кесиптик жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларынын педагогикалык факультеттеринин бүтүрүүчүлөрүнө айыл жерлериндеги [мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарында,] балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарында иштеген эмгектик ишинин бүткүл мезгилинде чыныгы аскер кызматына чакыруу кийинкиге калтырылат. |
| [13-статья. Сыйлануу укугу Жаш муундарды окутууда жана тарбиялоодо жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн мугалим билим берүүнүн борбордук мамлекеттик башкаруу органы тарабынан "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүлүшү мүмкүн.] | [13-берене. Сыйлануу укугу Өсүп келе аткан муундарды окутууда жана тарбиялоодо жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн мугалим билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук сыйлыктарына жана мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлүшү мүмкүн.] |
| 17-статья. Педагогикалык кадрларды даярдоо Кыргыз Республикасында мугалим кадрларын кесиптик жагынан ар кыл типтеги, ар кандай түрдөгү жана менчиктин ар кандай формасындагы кесиптик педагогикалык орто жана жогорку окуу жайлары даярдайт. Кесиптик педагогикалык окуу жайы инсандын, мамлекеттин жана коомдун алдында өз иши үчүн жоопкерчилик тартат. Кесиптик педагогикалык окуу жайдын ишинин анын уставында каралган максаттарга ылайык келээрине контролдукту өз компетенциясынын чегинде педагогикалык окуу жайдын уюштуруучусу (уюштуруучулары) жана билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензия берген [билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун борбордук органы] ишке ашырат. Мамлекеттик кесиптик педагогикалык окуу жайларга педагогикалык адистиктер боюнча студенттерди кабыл алуу республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен мамлекеттик заказдын чегинде адистерди даярдоого кабыл алуу планы боюнча сынактык негизде жүргүзүлөт. | 17-статья. Педагогикалык кадрларды даярдоо Кыргыз Республикасында мугалим кадрларын кесиптик жагынан ар кыл типтеги, ар кандай түрдөгү жана менчиктин ар кандай формасындагы кесиптик педагогикалык орто жана жогорку окуу жайлары даярдайт. Кесиптик педагогикалык окуу жайы инсандын, мамлекеттин жана коомдун алдында өз иши үчүн жоопкерчилик тартат. Кесиптик педагогикалык окуу жайдын ишинин анын уставында каралган максаттарга ылайык келээрине контролдукту өз компетенциясынын чегинде педагогикалык окуу жайдын уюштуруучусу (уюштуруучулары) жана [билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензия берген билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы] ишке ашырат. Мамлекеттик кесиптик педагогикалык окуу жайларга педагогикалык адистиктер боюнча студенттерди кабыл алуу республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен мамлекеттик заказдын чегинде адистерди даярдоого кабыл алуу планы боюнча сынактык негизде жүргүзүлөт. |
| 18-статья. Мугалим кадрларынын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо [Мамлекет мамлекеттик бардык типтеги мектептердин, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелердин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо үчүн шарттарды түзүүнүн кепилдигин алат.] [Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу юридикалык жактар тарабынан Кыргыз билим берүү институту, мугалимдердин билимин өркүндөтүүнүн областтык институттары, жогорку окуу жайлары жана илимий уюмдар же мекемелер менен келишимдер боюнча юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.] Мамлекет мугалимдерге жана илимий-педагогикалык кызматкерлерге илимий-педагогикалык, окуу-усулдук, ойлоп табуучулук, эксперименталдык жана эксперттик иш үчүн чыгармачылык өргүү берүүнүн кепилдигин алат. Мугалимдердин жана илимий-педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуунун мыйзамдарда жөнгө салынбаган тартиби, түрлөрү жана формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. | 18-статья. Мугалим кадрларынын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо [Мамлекет мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдарынын, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарынын бардык типтеги мекемелеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо үчүн бардык шарттарды түзүүнү кепилдейт. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу юридикалык жактар тарабынан жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү уюмдары, кошумча кесиптик билим берүү уюмдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.] Мамлекет мугалимдерге жана илимий-педагогикалык кызматкерлерге илимий-педагогикалык, окуу-усулдук, ойлоп табуучулук, эксперименталдык жана эксперттик иш үчүн чыгармачылык өргүү берүүнүн кепилдигин алат. Мугалимдердин жана илимий-педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуунун мыйзамдарда жөнгө салынбаган тартиби, түрлөрү жана формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 11-октябрындагы № 2372-V "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 11.10.2012 · № 2372-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 13-декабрындагы № 2610-V "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 13.12.2012 · № 2610-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 13-декабрындагы № 2611-V "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 13.12.2012 · № 2611-V
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Мугалимдин статусу жөнүндөЗакон · 14.01.2001 · № 9 · Күчүн жоготкон
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон