Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 31-июлу № 545
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Б.А.Марипов
тарабынан демилге кылынган "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Респуб- ликасынын Мыйзамынын 7-статьясына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутунду- нун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 31-июлу № 20-57/9
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Б.А.Марипов тарабынан демилге кылынган "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына толук- тоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, анын кабыл алышына төмөнкүдөй негиздемелер боюн- ча өзүнүн макулдугун бербейт. Мыйзам долбоорунун 1-статьясынын 1-пунктчасы "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына толуктоо кир- гизүүнү карайт, ага ылайык жалпы орто билим берүү мекемелеринин муга- лимдери үчүн Бирдиктүү тарифтик торчонун баштапкы (нөлдүк) разрядынын өлчөмү беш минималдуу эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмдө белгиленет. Ошону менен бирге аталган Мыйзамдын 7-статьясынын биринчи бөлүгүнө ылайык мугалимдин эмгек акысынын өлчөмү "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте жана билимин, педагоги- калык стажын жана аттестациянын жыйынтыгын эске алуу менен Бирдиктүү тарифтик торчонун негизинде белгиленет. Мында "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы- нын 7-статьясы мугалимдердин эмгек акысына бир катар үстөктөрдү караа- рын белгилеп кетүү зарыл. Берилген мыйзам долбоорунун 1-статьясынын үчүнчү абзацында муга- лимдердин эмгек акыларына үстөктөрдү дептерлерди текшергендиги үчүн 1-4-класстарда - эсептик көрсөткүчтүн 100 проценти, 5-11-класстарда 150 проценти өлчөмүндө белгилөө сунушталган. Бул Мыйзам долбоорун кабыл алуу бир топ финансылык чыгымдарды та- лап кылат, аларды жабуу үчүн кирешенин кошумча булактарын табуу керек. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык мам- лекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү же анын ки- реше бөлүгүн кыскартууну караган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республика- сынын Жогорку Кењешине киргизилиши жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен гана кабыл алынышы мүмкүн. Берилген мыйзам долбоору мамлекеттик бюджеттен олуттуу кошумча каражат талап кылгандык- тан республиканын бюджетинин дайыма тартыштыгынын шарттарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Б.А.Марипов тарабынан демил- ге кылынган "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза- мынын 7-статьясына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыр- гыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу азырынча эрте деп эсеп- тейбиз.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Мугалимдин статусу жөнүндөЗакон · 14.01.2001 · № 9 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон