Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө»мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-07-18.
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2001-жылдын 11-январы № 4 Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө (КР 2006-жылдын 25-июлундагы № 129, 2006-жылдын 24-ноябрындагы № 189, 2007-жылдын 12-июнундагы № 83, 2009-жылдын 26-январындагы № 28, 2009-жылдын 26-майындагы № 174, 2011-жылдын 22-июлундагы № 120, 2012-жылдын 14-майындагы № 50, 2012-жылдын 19-июнундагы № 88, 2015-жылдын 17-июнундагы № 132, 2015-жылдын 28-июлундагы № 198, 2015-жылдын 28-июлундагы № 199, 2016-жылдын 25-июлундагы № 137, 2016-жылдын 30-июлундагы № 156, 2018-жылдын 24-январындагы № 12, 2018-жылдын 30-июнундагы № 64, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2020-жылдын 14-августундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруунун укуктук мамилелерин жөнгө салат жана Кыргыз Республикасынын калкынын кызыкчылыгында жерлерди натыйжалуу жана коопсуз пайдаланууну камсыз кылууга багытталган. I Глава Негизги түшүнүктөр
1-статья
1-статья. Айыл чарба багытындагы жерлер - айыл чарба муктаждыктары үчүн берилген же ушул максаттар үчүн багытталган жана үрөн чарбачылык, асыл тукум, эксперименталдык чарба жана айыл чарба кооперативдерин, товардык айыл чарба өндүрүшүн, коргоочу токой өстүрүү, багбанчылык, чарбакчылык, дачаларды жүргүзүү үчүн, илим-изилдөө, тажрыйба-селекциялык жана сорт сыноо жумуштарын өткөрүү үчүн, ошондой эле айыл чарба өндүрүшү менен байланыштуу башка максаттар үчүн пайдаланылуучу жерлер. (КР 2018-жылдын 30-июнундагы № 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлери айыл чарбасына жарактуу жерлерден (жайыттардан тышкары) түзүлгөн жана мамлекеттин менчигинде болгон жер участоктору.
3-статья
3-статья. Жер үлүшү - Кыргыз Республикасынын жаранына жер агрардык реформанын жүрүшүндө менчик укугу күбөлүк менен ырасталуучу акысыз негизде менчикке берилген айыл чарба багытындагы (жарактуу жерлер боюнча) жер участогу. (КР 2006-жылдын 25-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья
4-статья. Жер участогу - бул накталай, белгиленген чек арасы бар туюк чектелген жер аянты. Жер участогуна менчик укугу мамлекеттик акт же күбөлүк менен ырасталат. (КР 2006-жылдын 25-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык) II Глава Айыл чарба багытындагы жерге менчик укугу
5-статья. Жер Кыргыз Республикасынын улуттук байлыгы, анын аймагында жашаган элдин энчиси болуп саналат.
6-статья
6-статья. Кыргыз Республикасында айыл чарба багытындагы жер участокторуна менчик укугуна мамлекет, Кыргыз Республикасынын жарандары, айыл чарба продукциясын өстүрүү жана (же) кайра иштетүү менен алектенген Кыргыз Республикасынын кооперативдери жана юридикалык жактары ээ. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясын же күбөлүгүн алган банктар жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер ушул Мыйзамдын 27-статьясында каралган тартипте айыл чарба багытындагы жерлерге эки жылдын ичинде убактылуу менчик укугуна ээ. (КР 2009-жылдын 26-майындагы № 174, 2012-жылдын 14-майындагы № 50, 2015-жылдын 28-июлундагы № 199 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-статья
7-статья. Кыргыз Республикасында айыл чарба багытындагы жерлерди:
- чет өлкөлүк жарандарга, юридикалык жактарга жана мамлекеттерге, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде каралгандан башка учурларда;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандыгы жок адамдарга;
- эгерде алардын бири чет мамлекеттин жараны болсо же жарандыгы жок адам болсо, жубайларга менчикке берүүгө жана өткөрүп берүүгө тыюу салынат.
Ушул статьяны бузган жактардын иш-аракети колдонуудагы мыйзамдарга ылайык аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга алып келет. (КР 2007-жылдын 12-июнундагы № 83, 2009-жылдын 26-майындагы № 174 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) III Глава Айыл чарба багытындагы жерге укуктарды мамлекеттик каттоо
8-статья
8-статья. Айыл чарба багытындагы жерлерди менчиктөө укугун, ошондой эле алмашууну, сатып алууну-сатууну, белекке берүүнү, күрөөгө коюуну жана мурастоону мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат. (КР 2012-жылдын 19-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья. Өз алдынча майдалап бөлүштүрүлгөн айыл чарба багытындагы жер үлүштөрүн жана участокторун мамлекеттик каттоого жол берилбейт. IV Глава Айыл чарба багытындагы жерлерди максаттуу пайдалануу
10-статья. Айыл чарба багытындагы жерлер айыл чарба өндүрүшү үчүн гана пайдаланылат.
11-статья
11-статья. Эгерде айыл чарба багытындагы жер участогунун (жер үлүшүнүн) менчик ээси Жер кодексинде каралган учурларды кошпогондо, ал жерде ар кандай курулуштарды жүзөгө ашырса же аны айыл чарба максатында пайдаланбаса, анда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан эскертүү берилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарын аткарбаган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сот тартибинде жер участогун (жер үлүшүн) мамлекеттин пайдасына алуу жол-жобосун баштоого укуктуу. (КР 2016-жылдын 25-июлундагы № 137 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
V Глава Айыл чарба багытындагы жерлер ижара объекти катары
12-статья
12-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын, айыл чарба продукциясын өстүрүү жана (же) кайра иштетүү менен алектенген Кыргыз Республикасынын кооперативдеринин жана юридикалык жактарынын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү жана участоктору тараптар аныктаган шарттарда айыл чарба өндүрүшү үчүн гана ижарага берилиши мүмкүн. (КР 2009-жылдын 26-майындагы № 174, 2012-жылдын 14-майындагы № 50 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
13-статья
13-статья. Мамлекеттин менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер участоктору ижарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жобого ылайык ачык соодалашуу шартында, айыл чарба өндүрүшү үчүн гана берилет. Мамлекеттин менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер участокторун кошумча ижаралоого тыюу салынат. (КР 2006-жылдын 24-ноябрындагы № 189, 2015-жылдын 17-июнундагы № 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) VI Глава Айыл чарба багытындагы жерлер алмашуу объекти катары
14-статья
14-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын, айыл чарба продукциясын өстүрүү жана (же) кайра иштетүү менен алектенген Кыргыз Республикасынын кооперативдеринин жана юридикалык жактарынын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү жана участоктору Кыргыз Республикасынын чек арасында башка жер үлүштөрүнө жана участокторуна гана алмашылышы мүмкүн. (КР 2009-жылдын 26-майындагы № 174, 2012-жылдын 14-майындагы № 50 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) VII Глава Айыл чарба багытындагы жерлер сатып алуу-сатуу объекти катары
Караңыз: Айыл чарба багытындагы жер участокторун сатып алуу-сатуу тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-августундагы № 427 токтому менен бекитилген)
15-статья
15-статья. Айыл чарба багытындагы жер үлүшүнүн менчик ээси мамлекеттик алымды төлөбөстөн, ушул Мыйзамдын 6-статьясынын талаптарын эске алуу менен аны сатууга укуктуу. 5 гектарга чейинки өлчөмдөгү жер үлүшү, мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо, майдаланып бөлүнбөстөн, жер аянтынын бирдиктүү контуру менен гана сатылышы мүмкүн. Жер үлүшүн өз алдынча участокторго бөлүүгө жана аларды ээликтен ажыратууга, мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо, 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана жол берилет. Мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү, мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо, 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес. (КР 2016-жылдын 30-июлундагы № 156, 2020-жылдын 14-августундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
16-статья
16-статья. Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринин менчик ээси 5 гектарга чейинки өлчөмдөгү жер участогун, мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо, майдалап бөлбөстөн, жер аянтынын бирдиктүү контуру менен гана ээликтен ажыратууга укуктуу. Менчик ээси тарабынан өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин өз алдынча участокторго бөлүүгө жана аларды ээликтен ажыратууга, мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо, 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана жол берилет. Мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү, мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо, 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес. (КР 2016-жылдын 30-июлундагы № 156, 2020-жылдын 14-августундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
17-статья
17-статья. Мамлекет, Кыргыз Республикасынын жарандары, айыл чарба продукциясын өстүрүү жана (же) кайра иштетүү менен алектенген Кыргыз Республикасынын кооперативдери жана юридикалык жактары айыл чарба багытындагы жерлердин сатып алуучусу боло алат. Айыл чарба багытындагы жер үлүштөрүн же участокторун сатууда сатылуучу жер үлүшүн, же участогун, сатып алууда, жалпы соода аркылуу сатуудан башка учурларда, Кыргыз Республикасынын айыл тургундары жана ошол айылдык аймактын аймагында катталган жана иштеп жаткан айыл чарба кооперативдери артыкчылык укуктарга ээ болушат. Белгиленбеген чек ара аймактарында жайгашкан айыл чарба багытындагы жерлерди сатууга тыюу салынат. (КР 2009-жылдын 26-майындагы № 174, 2012-жылдын 14-майындагы № 50, 2018-жылдын 24-январындагы № 12 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
18-статья. (КР 2009-жылдын 26-майындагы № 174 Мыйзамына ылайык алынып салынды)
19-статья. Айыл чарба багытындагы жерлерди сатып алуучу сатып алган жер участогун (жер үлүшүн) кайра саткан учурда жер участогунун (жер үлүшүнүн) сатып алуу наркынын: биринчи жылдын ичинде 40 пайызы, экинчи жылы - 20 пайызы, үчүнчү жылы - 10 пайызы өлчөмүндө мамлекеттик алым төлөйт.
20-статья. Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлери сатылбайт. Өзгөчө учурларда гана Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жер участокторун Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине өткөрүп берүү жергиликтүү кеңештердин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан бекитилген чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
21-статья
21-статья. Жайыт жерлери мамлекеттин менчигинде турат жана "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык гана пайдаланууга берилет. (КР 2009-жылдын 26-январындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык) VIII Глава Айыл чарба багытындагы жерлер күрөө объекти катары
22-статья
22-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын, айыл чарба продукциясын өстүрүү жана (же) кайра иштетүү менен алектенген Кыргыз Республикасынын кооперативдеринин жана юридикалык жактарынын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү жана участоктору күрө объекти боло алат. (КР 2009-жылдын 26-майындагы № 174, 2012-жылдын 14-майындагы № 50 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
23-статья
23-статья. Айыл чарба багытындагы жер үлүштөрүн жана участокторун күрөөгө алуу укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия же күбөлүк алган финансылык-кредиттик уюмдарга, ошондой эле ушул Мыйзамдын 6-статьясынын талаптарына жооп берген жактарга гана берилет. (КР 2009-жылдын 26-майындагы № 174 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-статья
24-статья. Банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күрөөнүн затына төлөмөр кылууга укуктуу. (КР 2006-жылдын 25-июлундагы № 129, 2009-жылдын 26-майындагы № 174 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
25-статья
25-статья. Убактылуу менчик укугу банктарга жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдарга өткөн жер үлүштөрү же айыл чарба багытындагы участоктор ушул Мыйзамдын 17-статьясында көрсөтүлгөн жактарга ачык аукциондук соодада сатылат. Сатылган жер үлүштөрүн мамлекеттик каттоо ушул Мыйзамдын 15-статьясына ылайык жүзөгө ашырылат. (КР 2006-жылдын 25-июлундагы № 129, 2009-жылдын 26-майындагы № 174 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
26-статья. (КР 2009-жылдын 26-майындагы № 174 Мыйзамына ылайык алынып салынды)
27-статья
27-статья. Айыл чарба багытындагы жер участокторуна убактылуу менчик укугуна ээ болушкан банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте убактылуу менчик укугу келип чыккан учурдан тартып эки жылдын ичинде ошол жер участокторун ажыратып берүүнү жүзөгө ашырууга милдеттүү. (КР 2009-жылдын 26-майындагы № 174, 2015-жылдын 28-июлундагы № 198 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) IX Глава Айыл чарба багытындагы жерлер мурастоо жана тартуулоо объекти катары
28-статья
28-статья. Кыргыз Республикасынын жаранынын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү жана участоктору мураска берилиши мүмкүн. Жер үлүштөрүнө жана участокторуна ээлик кылуу укугу өзүнө өткөндө, мураскор айыл чарба багытындагы жерлерди сатып алуучуга коюлуучу талаптарды канааттандырганда, аларды өзү каалагандай пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын жарандары мурастоо боюнча жана мыйзам боюнча жер үлүштөрүнүн жана айыл чарба багытындагы жер участокторунун мураскорлору боло алышат. Эгерде жер үлүшүнүн жана/же айыл чарба багытындагы участоктун мураскору чет өлкөлүк адам болсо же жарандыгы жок адам болсо, ал жер үлүшүнө жана/же жер участогуна укук пайда болгон учурдан тартып бир жылдын ичинде аларды Кыргыз Республикасынын жаранына ажыратып берүүгө милдеттүү. Эгерде жер үлүшүнүн жана/же айыл чарба багытындагы жер участогунун мураскору чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк жаран болуп саналса, ал жер үлүшүнө жана/же участогуна укук келип чыккан учурдан тартып, он жылдын ичинде аларды Кыргыз Республикасынын жаранына ажыратып берүүгө милдеттүү. Мында мураска берилген жер үлүшүнүн жана/же айыл чарба багытындагы участоктун өлчөмү тиешелүү айыл башкармалыгындагы (айыл өкмөтүндөгү) жер-агрардык реформанын жүрүшүндө белгиленген жер үлүштөрүнүн орточо чарбалык өлчөмүнөн аз болушу мүмкүн эмес. (КР 2006-жылдын 25-июлундагы № 129, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
29-статья
29-статья. Кыргыз Республикасынын жаранынын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү жана участоктору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белекке берүүнүн объекти болуп саналат жана белекке берилиши мүмкүн. Белекке берүүнүн объекти болуп саналган жер үлүшүнүн жана/же айыл чарба багытындагы участоктун өлчөмү тиешелүү айыл башкармалыгындагы (айыл өкмөтүндөгү) жер-агрардык реформанын жүрүшүндө белгиленген жер үлүшүнүн орточо чарбалык өлчөмүнөн аз болушу мүмкүн эмес. (КР 2006-жылдын 25-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык) X Глава Айыл чарба багытындагы жерлерди мамлекеттик максат үчүн сатып алуу
30-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү жана участоктору мамлекеттик максат үчүн зарыл болгон учурларда (стратегиялык объекттерди жана инженердик курулмаларды куруу) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жерлердин рыноктук наркын жана эсеп-кысап чыгымдарын төлөп бергенден кийин сатып алуу же Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлеринен теңдеш участокту берүү жолу менен ажыратылышы мүмкүн.
31-статья. Айыл чарба багытындагы жер үлүштөрүнүн жана участокторунун менчик ээлери өз жерлерин мамлекеттик максат үчүн ажыратуунун далилдери ишенимсиз болгондо сотко кайрылууга укуктуу.
32-статья. Мамлекеттин менчигинде турган жана ижарага берилген айыл чарба багытындагы жерлер эсептешүү чыгымдарын жана ажыратуу учурунда алынбай калган пайда төлөп берилгенден кийин мамлекеттик максат үчүн ажыратылат.
33-статья
33-статья. Калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына, жаш үй-бүлөлөргө жер берүү үчүн мамлекет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген атайын чечиминин негизинде айыл чарба багытындагы жерлердин рыногунда сатып алуучу болууга укуктуу. (КР 2006-жылдын 25-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык) XI Глава Айыл чарба багытындагы жерлерди салыктарды төлөө үчүн ажыратуу
34-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү жана участоктору алардын ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин пайда болгон карыздары үчүн ажыратылбайт. XII Глава Ушул Мыйзамдын күчүнө киришинин тартиби
35-статья. Ушул Мыйзам, VII главадан тышкары, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
36-статья. Ушул Мыйзамдын VII главасынын аракети 2001-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
37-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзам актыларына ушул Мыйзамдан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 21 · цитата келтиргендер: 79 · байланышкандар: 50
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 31 мая 2018 года №13 "О некоторых вопросах, возникающих при рассмотрении дел об оспаривании решений, действий (бездействия)…Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 31.05.2018 · № 13Пункттар: п. 10, п. 11, п. 12
Цитата келтиргендер (79)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 417-б "Бишкек-Ош автомобиль жолун реконструкциялоо 4-фаза" долбоорун каржылоо үчүн Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы…Распоряжение · 31.12.2020 · № 417-р
- Күрөө жөнүндөЗакон · 12.03.2005 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы № 3873-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2020 · № 3873-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-декабрындагы № 4648-V "Чүй областындагы Сокулук районунун жана Баткен областындагы Кадамжай районунун Актурпак айыл өкмөтүнүн тургундарынын…Постановление · 25.12.2014 · № 4648-V
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-ноябрындагы №521 " 2005-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жерлерин мамлекеттик эсепке алуунун жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 08.11.2005 · № 521
- Кант шаардык кеңешинин 2011 жылдын 21 декабырындагы №205/XXVI-25 «Кант шаарынын курулуш куруу жана жерди пайдалануу эрежелери» ченемдик-укуктук актын бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 21.12.2011 · № 205/XXVI-25
- Постановление Правительства КР от 15 января 2003 года №14 "О предоставлении земельных долей гражданам Кыргызской Республики"Постановление · 15.01.2003 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.02.2006 · № 80
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-октябрындагы №589 "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүшүн берүү жөнүндө"токтомуПостановление · 21.10.2008 · № 589
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-декабрындагы № 825-IV "2008-жылдын 18-декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2008 · № 825-IV
- КР Жогорку Кенешинин 2009-жылдын 5-февралындагы № 940-IV "2008-жылдын 21-октябрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 05.02.2009 · № 940-IV
- Кант шаардык кеңешинин 2011-жылдын 21-декабрындагы № 205/XXVI-25 Кант шаарынын курулуш курулуш куруу жана жер пай далануу эрежелериПравила · 21.12.2011
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 199 Жарлыгы менен бекитилген, "Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин пайдалануу" стратегиясыСтратегия · 10.04.2009 · № 199
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын 2018-2019-жылдарга ишинин "СЕССИЯЛЫК ПЛАНЫ"План · 27.09.2018 · № 2602-VI
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 31 мая 2018 года №13 "О некоторых вопросах, возникающих при рассмотрении дел об оспаривании решений, действий (бездействия)…Постановление Пленума Верховного суда · 31.05.2018 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 27-сентябрындагы № 1888-VI "VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-2018-жылдардагы ишинин сессиялык…Постановление · 27.09.2017 · № 1888-VI
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 15 декабря 2000 года З N 202-II "О принятии Закона Кыргызской Республики "Об управлении землями сельскохозяйственного назначения"Постановление · 18.12.2000 · № 202-II
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-октябрындагы №570-б буйругу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Отчету жактыруу жөнүндө )Распоряжение · 04.10.2006 · № 570
- Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин 2024-жылынын 17-майындагы №6 “Бүргөндү-Достук айыл аймагына борбордук оорукана уюштурууга жер участогун трансформациялоо жөнүндө” токтомуПостановление · 17.05.2024 · № 6
79 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (21)
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2025 · № 150
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 13 августа 2001 года №427 "Об утверждении Положения о порядке купли-продажи земельных участков сельскохозяйственного назначения"Постановление · 13.08.2001 · № 427 · Күчүн жоготкон
- Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 26.05.2009 · № 174 · Күчүн жоготкон
21 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (50)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-январы № 167-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 13.01.2016 · № 167-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 28-майындагы № 3762-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 28-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.05.2020 · № 3762-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 24-июнундагы № 3940-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 24-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2020 · № 3940-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 10-июнундагы № 3813-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 10-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө " токтомуПостановление · 10.06.2020 · № 3813-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 11-декабрындагы № 798-IV "2008-жылдын 11-декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.12.2008 · № 798-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 1102-IV "2009-жылдын 10-апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.04.2009 · № 1102-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 13-мартындагы № 1047-IV "2009-жылдын 13-мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.03.2009 · № 1047-IV
- Постановление Правительства КР от 7 октября 2004 года N 744 "Об итогах государственного учета земель Кыргызской Республики по состоянию на 1 января 2004 года"Постановление · 07.10.2004 · № 744
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-октябрындагы №717 " Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.10.2006 · № 717
- Алдашев айыл кенешинин 2017-жылдын 16-январындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин турак жай пайдалануу камсыздоо башкармалыгынын…Постановление · 16.01.2019 · № 71
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-сентябрындагы № 396 "Кыргыз Республикасында 2007-жылдын 1-январына карата жерлерди мамлекеттик эсепке алуунун жыйынтыктары…Постановление · 06.09.2007 · № 396
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы №403 " 2008-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жерлерин мамлекеттик эсепке алуунун жыйынтыктары жөнүндө"токтомПостановление · 28.07.2008 · № 403
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 194 "Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.04.2019 · № 194
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 25-февралындагы № 4838-V "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам…Постановление · 25.02.2015 · № 4838-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-июнундагы № 3173-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы…Постановление · 26.06.2019 · № 3173-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 10-декабрындагы № 4559-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине…Постановление · 10.12.2014 · № 4559-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 28-майындагы № 3765-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз…Постановление · 28.05.2020 · № 3765-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 4302-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине…Постановление · 11.09.2014 · № 4302-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 24-декабрындагы № 4624-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине…Постановление · 24.12.2014 · № 4624-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5442-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 25-февралындагы № 4838-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу…Постановление · 29.06.2015 · № 5442-V
50 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.