Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу»мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-07-18.
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2009-жылдын 26-майы № 174
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр
жана толуктоо киргизүү тууралуу
2009-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,
2000-ж., № 11, 678-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизил-
син:
1. 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья.
Кыргыз Республикасында айыл чарба багытындагы жер участокторуна
менчик укугуна мамлекет, айыл жеринде кеминде эки жыл туруктуу жашаган
Кыргыз Республикасынын жарандары, айыл чарба продукциясын өстүрүү жана
(же) кайра иштетүү менен алектенген Кыргыз Республикасынын кооператив-
дери жана юридикалык жактары ээ.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясын же күбөлүгүн
алган банктар жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер ушул
Мыйзамдын 27-статьясында каралган тартипте айыл чарба багытындагы жер-
лерге бир жылдын ичинде убактылуу менчик укугуна ээ.".
2. 7-статьянын 1-бөлүгүндө:
экинчи абзац "жана мамлекеттерге" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз
Республикасынын Жер кодексинде каралгандан башка учурларда" деген сөз-
дөр менен толукталсын;
төртүнчү абзац алып салынсын.
3. 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья.
Айыл жеринде кеминде эки жыл туруктуу жашаган Кыргыз Республикасы-
нын жарандарынын, айыл чарба продукциясын өстүрүү жана (же) кайра иште-
түү менен алектенген Кыргыз Республикасынын кооперативдеринин жана юри-
дикалык жактарынын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү жа-
на участоктору тараптар аныктаган шарттарда айыл чарба өндүрүшү үчүн
гана ижарага берилиши мүмкүн.".
4. 14-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-статья.
Айыл жеринде кеминде эки жыл туруктуу жашаган Кыргыз Республикасы-
нын жарандарынын, айыл чарба продукциясын өстүрүү жана (же) кайра иште-
түү менен алектенген Кыргыз Республикасынын кооперативдеринин жана юри-
дикалык жактарынын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү жа-
на участоктору Кыргыз Республикасынын чек арасында башка жер үлүштөрүнө
жана участокторуна гана алмашылышы мүмкүн.".
5. 17-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья.
Мамлекет, айыл жеринде кеминде эки жыл туруктуу жашаган Кыргыз
Республикасынын жарандары, айыл чарба продукциясын өстүрүү жана (же)
кайра иштетүү менен алектенген Кыргыз Республикасынын кооперативдери
жана юридикалык жактары айыл чарба багытындагы жерлердин сатып алуучусу
боло алат.
Айыл чарба багытындагы жер үлүштөрүн же участокторун сатууда саты-
луучу жер үлүшүн, же участогун, сатып алууда, жалпы соода аркылуу са-
туудан башка учурларда, Кыргыз Республикасынын айыл тургундары артыкчы-
лык укуктарга ээ болушат.
Белгиленбеген чек ара аймактарында жайгашкан айыл чарба багытында-
гы жерлерди сатууга тыюу салынат.".
6. 18-статья алып салынсын.
7. 22-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-статья.
Айыл жеринде кеминде эки жыл туруктуу жашаган Кыргыз Республикасы-
нын жарандарынын, айыл чарба продукциясын өстүрүү жана (же) кайра иште-
түү менен алектенген Кыргыз Республикасынын кооперативдеринин жана юри-
дикалык жактарынын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү жа-
на участоктору күрөө объекти боло алат.".
8. 23-статьяда "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия
алган айыл чарба каржы уюмдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынан лицензия же күбөлүк алган финансылык-кредиттик уюмдар-
га, ошондой эле ушул Мыйзамдын 6-статьясынын талаптарына жооп берген
жактарга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 24-статьяда "айыл чарба каржы уюмдары" деген сөздөр "финан-
сы-кредиттик мекемелер" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 25-статьянын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Убактылуу менчик укугу банктарга жана адистештирилген финан-
сы-кредиттик уюмдарга өткөн жер үлүштөрү же айыл чарба багытындагы
участоктор ушул Мыйзамдын 17-статьясында көрсөтүлгөн жактарга ачык аук-
циондук соодада сатылат.".
11. 26-статья алынып салынсын.
12. 27-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27-статья.
Айыл чарба багытындагы жер участокторуна убактылуу менчик укугуна
ээ болушкан банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде жана ушул Мыйзамда каралган тар-
типте жана мөөнөттөрдө ошол жер участокторун ажыратып берүүнү жүзөгө
ашырууга милдеттүү.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 1115-IV ""Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү…Постановление · 10.04.2009 · № 1115-IV
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2025 · № 150
- Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндөЗакон · 11.01.2001 · № 4 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2025 · № 150
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндөЗакон · 11.01.2001 · № 4 · Күчүн жоготкон