Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары. Өкмөт Үйү
2006-жылдын 8-февралы, № 80
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү
жөнүндө
Айыл жерлеринде туруктуу жашаган жана жер үлүштөрүн алууга укугу
бар, бирок ар кандай себептер боюнча Кыргыз Республикасынын Жер
кодексин колдонууга киргизүү учуруна карата албай калган жарандарды
жер үлүштөрү менен камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Жер
кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 6-статьясына жана "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-статьясына ылайык Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Жер үлүшүн алууга укугу бар, бирок Кыргыз Республикасынын Жер
кодексин колдонууга киргизүү учуруна карата аларды ар кандай себептер
менен албай калышкан Кыргыз Республикасынын жарандарына Айыл чарба
жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жер участокторунун эсебинен
тиркемеге ылайык жер үлүштөрүн акысыз берүү жөнүндө жергиликтүү
кењештердин сунуштары кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтому Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин бекитүүсүнө жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө
укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору бул маселе
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралган учурда Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндөЗакон · 11.01.2001 · № 4 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 02.06.1999 · № 46 · Күчүн жоготкон