28-статья
Күчүн жоготкон · 18.07.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 июля 2025 года № 150.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 июля 2020 года № 89
Кыргыз Республикасынын жаранынын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү жана участоктору мураска берилиши мүмкүн. Жер үлүштөрүнө жана участокторуна ээлик кылуу укугу өзүнө өткөндө, мураскор айыл чарба багытындагы жерлерди сатып алуучуга коюлуучу талаптарды канааттандырганда, аларды өзү каалагандай пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын жарандары мурастоо боюнча жана мыйзам боюнча жер үлүштөрүнүн жана айыл чарба багытындагы жер участокторунун мураскорлору боло алышат. Эгерде жер үлүшүнүн жана/же айыл чарба багытындагы участоктун мураскору чет өлкөлүк адам болсо же жарандыгы жок адам болсо, ал жер үлүшүнө жана/же жер участогуна укук пайда болгон учурдан тартып бир жылдын ичинде аларды Кыргыз Республикасынын жаранына ажыратып берүүгө милдеттүү. Эгерде жер үлүшүнүн жана/же айыл чарба багытындагы жер участогунун мураскору чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк жаран болуп саналса, ал жер үлүшүнө жана/же участогуна укук келип чыккан учурдан тартып, он жылдын ичинде аларды Кыргыз Республикасынын жаранына ажыратып берүүгө милдеттүү. Мында мураска берилген жер үлүшүнүн жана/же айыл чарба багытындагы участоктун өлчөмү тиешелүү айыл башкармалыгындагы (айыл өкмөтүндөгү) жер-агрардык реформанын жүрүшүндө белгиленген жер үлүштөрүнүн орточо чарбалык өлчөмүнөн аз болушу мүмкүн эмес. (КР 2006-жылдын 25-июлундагы № 129, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 24 июля 2020 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового положения соотечественников с иностранным гражданством"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2006 года № 129 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об управлении землями сельскохозяйственного назначения"Редакцияларды салыштыруу
24.07.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…аларды Кыргыз Республикасынын жаранына ажыратып берүүгө милдеттүү.
кошулду: Эгерде жер үлүшүнүн жана/же айыл чарба багытындагы жер участогунун мураскору чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк жаран болуп саналса, ал жер үлүшүнө жана/же участогуна укук келип чыккан учурдан тартып, он жылдын ичинде аларды Кыргыз Республикасынын жаранына ажыратып берүүгө милдеттүү.
Мында мураска берилген жер үлүшүнүн жана/же айыл чарба багытындагы … өлчөмүнөн аз болушу мүмкүн эмес.
(КР 2006-жылдын 25-июлундагы № алынып салынды: 129 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 129, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 31 мая 2018 года №13 "О некоторых вопросах, возникающих при рассмотрении дел об оспаривании решений, действий (бездействия)…Постановление Пленума Верховного суда · 31.05.2018 · № 13
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/386/st-28" title="28-статья - Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>