Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында 2007-жылдын 1-январына карата жерлерди мамлекеттик эсепке алуунун жыйынтыктары жөнүндө»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 6-сентябры № 396
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасында 2007-жылдын 1-январына
карата жерлерди мамлекеттик эсепке алуунун
жыйынтыктары жөнүндө
2007-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын аймагы
19995,1 мињ гектарды түзөт.
Отчеттук мезгилдин ичинде жер фондун пайдаланууда жердин категори-
ялары, түрлөрү, ошондой эле менчик формалары боюнча да сандык өзгөрүү-
лөр болду.
2007-жылдын 1-январындагы абал боюнча республиканын жер фондунан
жеке менчикте - 1232,3 мињ га, муниципалдык менчикте - 58,2 мињ га,
мамлекеттик менчикте - 18704,4 мињ га жер бар.
"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Мыйзамынын 20-статьясына ылайык жер үлүшүн алууга укуктуу,
бирок Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилген учурга
карата ар кандай себептер боюнча аларды албаган Кыргыз Республикасынын
жарандарынын маселелерин чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-
њеши "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жер участокторунун
эсебинен Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн акысыз берүү
жөнүндө жергиликтүү кењештердин сунуштарын бекитүү тууралуу" 2006-жыл-
дын 15-июнунда N 1121-III токтом кабыл алган. Натыйжада Кыргыз Респуб-
ликасынын жер үлүш алууга укуктуу 17540 жаранына 6187,75 га жер, анын
ичинде 4540,9 га - сугат жер, 1377,26 га кайрак жер, 41,26 га көп жыл-
дык өсүмдүктөр өскөн жер, 228,3 га - чабынды жерлер берилген.
2006-жылы республиканын жарандарынын турак жай проблемасын чечүү
үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен жеке турак жай
курулушуна 1431,9 га жер, анын ичинде 1072,1 га - сугат жер, 79,8 га
кайрак жер, 90,7 га - көп жылдык өсүмдүктөр өскөн жер, 189,3 га - башка
жерлер берилген.
"Ысыккөл" эл аралык аэропортун кењейтүү үчүн, Чүй облусунун кен
байлыктарын иштетүү жана Баткен облусунда газ куюучу станция куруу үчүн
2006-жылы 418,3 га жер "Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан"
"Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер"
категориясына которулган.
Азыркы убакта айыл чарба багытындагы, айрыкча айыл чарба жерлерин
пайдалануу маселеси өтө курч болууда. Капиталдык салымдардын жетишсиз-
дигинен жана сугат, кургатуу системаларына ремонттун жоктугунан бардык
жерлерде мелиорациялык жактан алганда начар аянттар көбөйүүдө. 2006-жы-
лы Кыргыз Республикасында ар кандай себептер боюнча (шор басуу, сазга
айлануу, суунун жетишсиздиги, үрөн, күйүүчү-майлоочу материалдарды са-
тып алууга каражаттын жоктугу, алыстыгы, экономикалык жактан ылайыксыз-
дыгы) 141,1 мињ га айдоо аянты же республикадагы бардык айдоо жеринин
11,0 проценти пайдаланылбай калган.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 106-статьясына ылайык Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында жерлерди 2007-жылдын 1-январына карата
категориялар жана жер пайдалануучулар боюнча мамлекеттик эсепке алуунун
жыйынтыгы;
- 2007-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жер фонду-
нун жерлердин түрлөрү боюнча бөлүштүрүлүшү.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-
тарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик, облустар менен райондордун
мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-
ры:
- жерлердин бардык түрлөрүнүн натыйжалуу жана максаттуу пайдаланы-
лышына контролду күчөтүшсүн;
- өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берилген күр-
дүүлүгү төмөн жерлерди жердин башка категориясына которуу практикасына
жол беришпесин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүк-
төлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 6-сентябрындагы
№ 396 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасында 2007-жылдын 1-январына карата
жерлерди категориялар жана жер пайдалануучулар боюнча
мамлекеттик эсепке алуунун
ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
| катар | Сап | Жер пайдалануучулардын жана | Жалпы | Анын |
| N | N | жер фондунун категорияларынын | аянт | ичинде |
| аталышы | (мињ га) | сугат | ||
| (мињ га) | ||||
| 1 | 1 | Айыл чарба багытындагы жерлер, | 5702,9 | 858,4 |
| бардыгы: | ||||
| 2 | 1.1 | Жеке менчиктеги а/ч багытындагы | 1052,3 | 665,8 |
| жерлер: | ||||
| 3 | 1.1.1 | Дыйкан (фермер) чарбалардын жерлери | 950,4 | 603,6 |
| 4 | 1.1.2 | Коллективдүү дыйкан чарбалардын | 36,4 | 21,1 |
| жерлери | ||||
| 5 | 1.1.3 | А/ч акционердик коомдордун жерлери | 7,4 | 3,4 |
| 6 | 1.1.4 | А/ч кооперативдердин жерлери | 58,1 | 37,7 |
| 7 | 1.2 | Мамлекеттик менчиктеги а/ч | 4650,6 | 192,6 |
| багытындагы жерлер | ||||
| 8 | 1.2.0 | А/ч жерлерин кайра бөлүштүрүү | 293,4 | 145,6 |
| фонду, бардыгы | ||||
| 9 | 1.2.1 | Асыл тукум чарбалардын жерлери | 14,5 | 2,8 |
| 10 | 1.2.1.1 | анын ичинде: А/ч жерлерин кайра | 3,3 | 2,1 |
| бөлүштүрүү фондунан | ||||
| 11 | 1.2.2 | Үрөн чарбалардын жерлери | 48,6 | 14,0 |
| 12 | 1.2.2.1 | анын ичинде: А/ч жерлерин кайра | 18,2 | 13,6 |
| бөлүштүрүү фондунан | ||||
| 13 | 1.2.3 | Окуу-тажр., А/ч илим-изилдөө мекем. | 2,4 | 1,4 |
| жерлери | ||||
| 14 | 1.2.3.1 | анын ичинде: А/ч жерлерин кайра | 0,6 | 0,6 |
| бөлүштүрүү фондунан | ||||
| 15 | 1.2.4. | Башка жер пайдалануучулардын | 92,9 | 8,2 |
| жерлери | ||||
| 16 | 1.2.4.1 | анын ичинде: А/ч жерлерин кайра | 2,5 | 2,1 |
| бөлүштүрүү фондунан | ||||
| 17 | 1.2.5 | Айыл өкмөттөрдүн карамагындагы | 4321,6 | 68,1 |
| жерлер | ||||
| 18 | 1.2.5.1 | анын ичинде: А/ч жерлерин кайра | 17,8 | 4,0 |
| бөлүштүрүү фондунан | ||||
| 19 | 1.2.5.2 | Айыл чарба жерлерин кайра | 80,4 | 25,1 |
| бөлүштүрүү фондунун бөлүнө элек | ||||
| жерлери | ||||
| 20 | 1.2.6 | Айыл чарба жерлерин кайра | 170,6 | 98,1 |
| бөлүштүрүү фондунан ижарадагысы | ||||
| 21 | 2 | Калктуу конуштардын жерлери, | 252,1 | 127,9 |
| бардыгы: | ||||
| 22 | 2.1 | анын ичинде жеке менчикте: | 173,5 | 118,8 |
| 23 | 2.1.1 | Айылдык калктуу конуштардын жерлери | 152,8 | 107,5 |
| 24 | 2.1.2 | Шаарлардын жана шаарчалардын | 20,7 | 11,3 |
| жерлери | ||||
| 25 | 2.2 | мамлекеттик менчикте | 28,8 | 2,2 |
| 26 | 2.2.1 | айылдык калктуу конуштардын жерлери | 14,5 | 1,1 |
| 27 | 2.2.2 | шаарлардын жана шаарчалардын | 14,3 | 1,1 |
| жерлери | ||||
| 28 | 2.3 | муниципалдык менчикте | 49,8 | 6,9 |
| 29 | 2.3.1 | айылдык калктуу конуштардын жерлери | 26,7 | 0,6 |
| 30 | 2.3.2 | шаарлардын жана шаарчалардын | 23,1 | 6,3 |
| жерлери | ||||
| 31 | 3 | Өнөр жай, транспорт, байланыш, | 222,3 | 2,5 |
| коргонуу жана башкалардын жерлери, | ||||
| бардыгы | ||||
| 32 | 3.1 | анын ичинде жеке менчикте | 6,5 | 1,0 |
| 33 | 3.2 | мамлекеттик менчикте | 207,4 | 1,3 |
| 34 | 3.3 | муниципалдык менчикте | 8,4 | 0,2 |
| 35 | 4 | Өзгөчө корголуучу жаратылыш | 532,2 | 1,9 |
| аймактарынын жерлери (мамл.) | ||||
| 36 | 5 | Токой фондунун жерлери (мамл.) | 2710,6 | 14,0 |
| 37 | 5.1 | анын ичинде ижарада | 77,9 | 0,3 |
| 38 | 6 | Суу фондунун жерлери, бардыгы: | 767,3 | 0,5 |
| 39 | 6.1 | анын ичинде жеке менчикте | 0 | 0 |
| 40 | 6.2 | мамлекеттик менчикте | 767,3 | 0,5 |
| 41 | 7 | Запастагы жерлер (мамл.) | 9807,5 | 15,3 |
| 42 | 8 | Бардык жерлер (1+2+3+4+5+6+7) | 19994,9 | 1020,5 |
| 43 | 8.1 | анын ичинде жеке менчикте | 1232,3 | 785,6 |
| 44 | 8.2 | мамлекеттик менчикте | 18704,4 | 227,8 |
| 45 | 8.3 | муниципалдык менчикте | 58,2 | 7,1 |
| 46 | 9 | Администрациялык чектен тышкары | 0 | 0 |
| пайдалануудагы жерлер | ||||
| 47 | 10 | Башка мамлекеттердин жер | 0,2 | 0,1 |
| пайдалануучулары пайдаланып жаткан | ||||
| жерлер | ||||
| 48 | 11 | Кыргыз Республикасынын | 19995,1 | 1020,6 |
| администрациялык чегиндеги бардык | ||||
| жерлер (8-9+10) |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 6-сентябрындагы
№ 396 токтому менен
бекитилген
2007-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын
Жер фондунун айыл чарба жерлеринин түрлөрү боюнча
БӨЛҮШТҮРҮЛҮШҮ
| Катар | Айыл чарбалык жана башка жерлердин | Бардык | Анын |
| N | түрлөрү | аянт | ичинде |
| (мињ га) | сугат жер | ||
| (мињ га) | |||
| 1 | Айдоо | 1212,6 | 798,4 |
| 2 | Көп жылдык өсүмдүктөр, анын ичинде | 36,3 | 36,1 |
| бардык: | |||
| 2а | бактар | 27,3 | 27,1 |
| 2б | мөмө бактар | 0 | 0 |
| 2в | жүзүмзарлар | 5,5 | 5,5 |
| 2г | мөмө-жемиш питомниктер | 0,3 | 0,3 |
| 2д | тыт плантациялары | 3,0 | 3,0 |
| 2е | башка өсүмдүктөр | 0,2 | 0,2 |
| 3 | Пайдаланылбай жаткан жерлер | 35,3 | 1,7 |
| 4 | Чабындылар | 172,5 | 8,9 |
| 5 | Жайыттар - бардыгы, | 9176,1 | 30,2 |
| 5а | анын ичинде: маданий өсүмдүктөр, | 2,1 | 2,1 |
| түп-тамыры менен жакшыртылчу аянттарды | |||
| камтуу менен | |||
| 6 | Бардык айыл чарба жерлери | 10632,4 | 875,3 |
| 7 | Үй жанындагы жерлер, анын ичинде бардык: | 126,8 | 119,3 |
| 7а | айдоо | 67,9 | 64,9 |
| 7б | бактар жана башка көп жылдык өсүмдүктөр | 32,0 | 31,0 |
| 7в | башка а/ч жерлер | 26,9 | 23,4 |
| 8 | Коллективдүү: бактар | 3,6 | 1,3 |
| 9 | огороддор | 3,2 | 3,0 |
| 10 | Бардык айыл чарба жерлери, анын ичинде | 10766,4 | 998,6 |
| бардык: | |||
| 10а | айдоолор | 1283,7 | 866,3 |
| 10б | Көп жылдык өсүмдүктөр | 71,9 | 68,4 |
| 11 | Мелиорациялык даярдоо стадиясындагы жерлер | 13,8 | 0,4 |
| 12 | Токой аянттар | 1055,0 | 12,4 |
| 13 | Дарак-бадал өсүмдүктөр | 463,8 | 8,8 |
| 14 | Саздар | 6,3 | - |
| 15 | Башка жерлер (жолдор, коомдук | 7644,5 | |
| курулуштардын, короолордун астындагылар) |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндөЗакон · 11.01.2001 · № 4 · Күчүн жоготкон