Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-апрели № 207
Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 739, 2025-жылдын 28-августундагы № 531, 2025-жылдын 30-октябры № 706 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Азык-түлүк коопсуздугунун маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналган суу пайдалануучулардын суу ресурстарын натыйжалуу жана туруктуу пайдалануусун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 40-статьясын, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик суу чарба системаларынан сугат суусун берүү, шаар статусу бар калктуу конуштардан тышкары жерлерде суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн ставкаларды бекитүү боюнча ыйгарым укуктар суу ресурстары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде: 13-пунктта:
- биринчи абзацта "Айыл чарба" деген сөздөр "Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 40-пунктча менен толукталсын:
"40) сугат суусун берүү, суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө ставкаларды белгилөөнүн тартибин.".
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте:
1) муниципалдык менчиктеги, суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жана алардын бирикмелеринин пайдалануусундагы, ошондой эле ээси жок ирригациялык системаларды тактоо жана аныктоо боюнча жумушчу комиссияны түзсүн;
2) жумушчу комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте 2026-жылдын 31-декабрына чейин мамлекеттик менчикке Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын тизмегине ылайык гидротехникалык курулмалары менен биринчи жана экинчи тартиптеги ички чарбалык ирригациялык каналдарды, декадалык жана суткалык жөнгө салуучу бассейндерди, көлмөлөрдү, насостук станцияларды жана скважиналарды кабыл алсын.
(КР 2025-жылдын 30-октябры № 706 Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) суу боюнча проблемалуу маселелерди чечүү үчүн облустук жана райондук суу чарба штабдарын түзсүн;
2) убактылуу сугат тармактарын тазалоого жана салууга көмөк көрсөтсүн.
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 739, 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 57 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (57)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-августундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен…Постановление · 28.08.2025 · № 531
- Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 30-июлундагы №42/VII-29 "Ирригациялык системаларды тактоо жана аныктоо боюнча жумушчу комиссия түзүү жɵнүндɵ" токтомуПостановление · 30.07.2025 · № 42/VII-29
- Момбеков айылдык кеңешинин 2024-жылынын 16-сентябрындагы №11 “Момбеков айыл аймагындагы “Кыла” суу пайдалануучу ассосациясын (СПА) Момбеков айыл өкмөтүнө өткөрүү жөнүндө” токтомуПостановление · 16.09.2024 · № 11
- Ысык-Ата айылдык кеңешинин Ысык-Ата районунун 2025-жылдын 22-декабрындагы № 70/ХIV-29 "Кыргыз Республиаксынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомунун негизинде…Постановление · 22.12.2025 · № 70/ХIV-29
- Молдо Нияз айылдык кенешинин 2024-жылдын 4-июнундагы №26 "Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштүү суу пайдалануучулар ассоцациясынын ички жана тышкы каналдарын жана…Постановление · 04.06.2024 · № 26
- Ак-Турпак айылдык кенешинин 2024-жылдын 29-августундагы №27 "Бүргөндү СПАнын балансындагы объектилерди, ички чарбаларды Райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө"…Постановление · 29.08.2024 · № 27
- Кунтуу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 3/13 "Муниципалдык менчиктеги, суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жана алардын бирикмелеринин…Постановление · 19.12.2024 · № 3/13
- Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин 2024-жылынын 13-сентябрындагы №11 «Бүргөндү-Достук айыл аймагындагы “Жаңы-Арык”, “Ношкен” , “Ак-Жол” “Ак-Шар” суу пайдалануучу ассосациясын…Постановление · 13.09.2024 · № 11
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 11-январы № 04-13/2 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба…Приказ · 10.01.2025 · № 04-13/2
- Гавриловка айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-января №18 "Муниципалдык менчиктеги,суу пайдалануучулар ассоцияларынын жана алардын бирикмелеринин пайдалануусундагы, ошондой эле ээси…Постановление · 29.01.2025 · № 18
- Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 32/VII-29 "“Милянфан” жана “МИС-СУУ” сугат суу пайдалануучулар ассоциацияларынын сугат тармактарын өткөрүп берүү жөнүндө"…Постановление · 27.03.2025 · № 32/VII-29
- Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-августу № 01-7/48 "Сары-Өзөн айыл аймагындагы суу объектилерди жана көлмөлөрдү суу чарба башкармалыгына өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.08.2024 · № 01-7/48
- Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-декабрындагы №2/3«Т.Балтагулов айыл аймагында суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө» токтомуПостановление · 24.12.2024 · № 2/3
- А.Масалиев айылдык кенешинин 2025-жылдын 28-августундагы №49 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №712-т тескемесин, Кадамжай райондук…Постановление · 28.08.2025 · № 49
- Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-июлу, №7/3, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207 “ Суу чарба секторун натыйжалуу…Постановление · 11.07.2025 · № 7/3
- Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2026-жылдын 16-февралындагы № I/17-68 "Кызыл-Октябрь айыл аймагы боюнча ирригациялык объектилерин өткөрүп берүү…Постановление · 16.02.2026 · № I/17-68
- Кен-Талаа айылдык кенешинин 2026-жылдын 2-февралындагы №5 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” токтомуПостановление · 02.02.2026 · № 5
- Масалиев айылдык кенешинин 2026-жылдын 30-мартындагы №24 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №712-т тескемесин, Кадамжай райондук…Постановление · 30.03.2026 · № 24
- Курама айылдык кеңешинин 2026-жылдын 27-январы №12 "Курама айыл аймагына караштуу ирригациялык каналдарды өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.01.2026 · № 12
57 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-августундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен…Постановление · 28.08.2025 · № 531
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексиКодекс · 27.06.2025 · № 128
6 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Суу КодексиКодекс · 12.01.2005 · № 8 · Күчүн жоготкон