Т.Балтагулов айылдык кеңешинин «Т.Балтагулов айыл аймагында суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
2024-жылынын 24-декабры № 2/3
«Т.Балтагулов айыл аймагында суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө»
Т.Балтагулов айыл аймагында азыктүүлүк коопсуздугун маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналган суу пайдалануучулардын суу ресурстарын натыйжалуу жана туруктуу пайдалануусун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 40-статясын, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрели №207 токтомунун негизинде Т.Балтагулов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Балтагулов айыл аймагында суу пайдалануучулардын ассоцациясынын эсебинде болгон ички чарбалык ирригациялык жана мелеоративдик системасы Ала-Бука райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Тийиштүү документтерди даярдап бүтүрүү жагы Т.Балтагулов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге жана айыл өкмөттүн экономист-статисти А.Адашовго милдеттендирилсин.
3.Токтом “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Т.Хамракулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.