Ак-Кудук айылдык кеңешинин «“Милянфан” жана “МИС-СУУ” сугат суу пайдалануучулар ассоциацияларынын сугат тармактарын өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-марты № 32/VII-29 “Милянфан” жана “МИС-СУУ” сугат суу пайдалануучулар ассоциацияларынын сугат тармактарын өткөрүп берүү жөнүндө
Азык-түлүк коопсуздугунун маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналган суу пайдалануучулардын суу ресурстарын натыйжалуу жана туруктуу пайдалануусун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомуна ылайык Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан түзүлгөн жумушчу комиссиянын ишинин жыйынтыгынын жана Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 24-мартындагы №01-9/667 катынын негизинде Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Ак-Кудук айыл аймагындагы “Милянфан” жана “МИС-СУУ” сугат суу пайдалануучулар ассоциацияларына караштуу сугат тармактары Ысык-Ата райондук сугат суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер, турак жай, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Дж.Маванкуй
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.