Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “ Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомунун негизинде Ой-Тал айыл аймагынын Сары-Бээ айылындагы ички чарбалык ирригациялык каналды Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө токтому
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8-шайланган) кезексиз VII-сессиясы
2025-жылдын 11-июлу № 7/3
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207 “ Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомунун негизинде Ой-Тал айыл аймагынын Сары-Бээ айылындагы ички чарбалык ирригациялык каналды Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кенеши угуп жанан талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207 “ Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомунун негизинде Ой-Тал айыл аймагынын Сары-Бээ айылындагы ички чарбалык ирригациялык каналды Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берилсин.
2.Тиешелуу документтерин буткоруу жагы Ой-Тал айыл аймагынын башчысы Аматбек уулу Суймонкулга тапшырылсын.
3.Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык, азык тулук, жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология, жаратылышты коргоо, курулуш, транспорт, өнөр жай соода, ишкердүүлук, байланыш, инвестиция, энергетика, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына ( Д.Тайчиев) тапшырылсын.
Төрага:
К.Т.Кийизбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.