Курама айылдык кеңешинин «Курама айыл аймагына караштуу ирригациялык каналдарды өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-январы №12
Курама айыл аймагына караштуу ирригациялык каналдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомунун негизинде жана 2025-жылдын 29-октябрындагы жана 24-ноябрындагы түзүлгөн текшерүү актыларына ылайык ирригациялык обьекттерди мамлекеттик башкарууга өткөрүп берүү масатында, Курама айылдык кеңешинин X-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Курама айыл аймагында жайгашкан, 1960-жылы курулган жалпы узундугу 14800 метр, тейлөө аянты 514 гектар, өткөрүмдүүлүгү 0,7 м3/сек болгон “Каптал-3” каналы;
1960-жылы курулган узундугу 3500 метр тейлөө аянты 210 гектар, өткөрүмдүүлүгү 0,7 м3/сек болгон “Р-1” каналы; 1966-жылы курулган узундугу 3000 метр, тейлөө аянты 301 гектар, өткөрүмдүүлүгү 0,8 м3/сек болгон “Р-3” каналы "Панфилов райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемесинин карамагына өткөрүлүп берилсин.
2. Өткөрүп берүү кабыл алуу-берүү актыларынын негизинде жүргүзүлсүн.
3. Курама айыл өкмөтү тиешелүү документтерди мыйзамга ылайык тариздөө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы туруктуу жер комиссиясына, аткарылышы Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Бейсембаевага жүктөлсүн.
5. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
А.К.Джумагулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрели № 207 "Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.04.2024 · № 207