Сары-Өзөн айылдык кеңешинин «Сары-Өзөн айыл аймагындагы суу объектилерди жана көлмөлөрдү суу чарба башкармалыгына өткөрүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-августу № 01-7/48
Сары-Өзөн айыл аймагындагы суу объектилерди жана көлмөлөрдү суу чарба башкармалыгына өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 суу чарба секторун эффективдүү башкаруу жана өнүктүрүү маселеси жөнүндө токтомун аткаруу максатында, Сары-Өзөн айыл аймагындагы суу объектилерге жана көлмөлөргө инвентаризация иштерин жүргүзүп, Сокулук райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын жана 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 10-11-беренелеринжетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагындагы суу объектилеринин жана көлмөлөрүнүн жайгашкан жерин жана санын тактоо максатында инвентаризация иштерин жүргүзүлсүн жана Сокулук райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемировго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары
М.Р.Акчалов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрели № 207 "Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.04.2024 · № 207
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123