Ак-Турпак айылдык кенешинин «Бүргөндү СПАнын балансындагы объектилерди, ички чарбаларды Райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Актурпак айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2024-жылдын 29-августу № 27 Бүргөндү СПАнын балансындагы объектилерди, ички чарбаларды Райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207-токтомун аткарууга алуу максатында Ак-Турпак айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207-токтому аткарууга алынсын.
2. Бүргөндү СПАнын балансындагы объектилерди, ички чарбаларды Райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү боюнча тийешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы СПАнын башчысы С.Акматовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге тапшырылсын.
Төрага
А. Имаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.