Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө» Мыйзам
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 17-июлу № 233 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө (КР 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамынын редакцясына ылайык)
1-берене. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 65-статьянын 1-пунктунда "баңгилик каражаттарды кыянаттык менен пайдалануунун" деген сөздөрдөн кийин ", кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 68-статьянын 1-пунктунда "баңгилик каражаттарды кыянаттык менен пайдалануунун" деген сөздөрдөн кийин ", кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 192-статьянын 1-пунктунда "баңгилик заттарды пайдалануунун кесепеттеринин" деген сөздөрдөн кийин ", кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
1005-статья "баңги заттарды пайдалануунун" деген сөздөрдөн кийин ", кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене
3-берене. (КР 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин: Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 153-статьясынын 3-пунктунда "баңгиликке берилген адамдар," деген сөздөрдөн кийин "кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылган," деген сөздөр менен толукталсын.
5-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- КР Граждандык Кодекси II бөлүгүКодекс · 05.01.1998 · № 1
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы №140 "Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу боюнча 2010-жылы берилүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын бириктирилген үчүнчү…Постановление · 29.07.2010 · № 140
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү…Закон · 20.01.2017 · № 6
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү…Закон · 20.01.2017 · № 6
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.