Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2022-жылдын 5-августу № 81 Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 22-статья "баалуу кагаздар," деген сөздөрдөн кийин "виртуалдык активдер," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 23-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Виртуалдык активдер түшүнүгү жана анын түрлөрү, ошондой эле виртуалдык активдерди жүгүртүү өзгөчөлүктөрү виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.".
2-берене. "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 487-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 5-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 19-пункт менен толукталсын: "19) виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөр.".
3-берене. "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы "турак жай-сактык кредиттик компанияларынын иши жөнүндө," деген сөздөрдөн кийин "виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү иш жөнүндө," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 15-берене төмөнкүдөй мазмундагы 62-пункт менен толукталсын:
"62) виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн иши.".
4-берене. "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 761-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 50-берененин 13-бөлүгү "товардык биржанын" деген сөздөрдөн кийин ", виртуалдык активдердин сатык операторунун (криптобиржа)" деген сөздөр менен толукталсын.
5-берене. "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2022-жылдын 28-январы, № 12) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 4-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2) "виртуалдык актив - наркка ээ болгон, баалуулуктун санариптик туюндурмасы жана/же мүлктүк жана/же мүлктүк эмес укуктарды күбөлөндүрүү каражаты болуп саналган, бөлүштүрүлгөн реестрлердин технологиясын же ошого окшош технологияны пайдалануу менен түзүлүүчү, сакталуучу жана жүгүртүлүүчү жана акча бирдиги (валюта), төлөм каражаты жана баалуу кагаз болуп саналбаган электрондук-санариптик формадагы маалыматтардын жыйындысы;".
6-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2022-жылдын 30-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (11)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- Баалуу кагаздар рыногу жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 251
- Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 06.08.2018 · № 87
- Виртуалдык активдер жөнүндөЗакон · 21.01.2022 · № 12
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 379-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.06.2022 · № 379-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги N 187-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 14.04.2022 · № 187-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги N 194-VII "Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 14.04.2022 · № 194-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 441-VII "Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизуү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.06.2022 · № 441-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 450-VII "Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын…Постановление · 30.06.2022 · № 450-VII
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-февралындагы № 76 "Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.02.2022 · № 76 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- Баалуу кагаздар рыногу жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 251
- Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 06.08.2018 · № 87
- Виртуалдык активдер жөнүндөЗакон · 21.01.2022 · № 12
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.