Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (ишкердик субъекттерин каттоо жана жоюу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө)» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 22-майы № 115 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (ишкердик субъекттерин каттоо жана жоюу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө) (Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлунда № 82, 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене
1-берене. (КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 97-статьянын 4-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 98-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жоюу комиссиясы (жоюучу) юридикалык жактарды каттоочу (кайра каттоочу) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга юридикалык жактын жоюлгандыгы жөнүндө, анын кредиторлорунун талаптарын билдирүү тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө кабарлама жөнөтөт. Мында бул мөөнөт жоюлгандыгы жөнүндө жарыяланган учурдан тартып эки айдан кем болууга тийиш эмес. Жоюу комиссиясынан (жоюучудан) алынган маалымат беш жумушчу күндүн ичинде юридикалык жактарды каттоочу (кайра каттоочу) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланат. Жоюу комиссиясы (жоюучу) кредиторлорду аныктоого жана дебитордук карыздарды алууга бардык аракеттерди жасайт, ошондой эле юридикалык жактын жоюлгандыгы жөнүндө кредиторлорго жазуу жүзүндө кабарлайт.".
3-берене
3-берене. (КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене. "Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 464-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 3-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "жылына 3000000 сомго чейинки" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Салык кодекси менен каралган кошумча наркка салык боюнча жылына каттоо чегинен ашпаган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене. "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 510-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 3-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын: "- ишкердик субъекти ишин токтоткондо камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча эсептешүү тууралыгына жана өз убактылуулугуна мындай текшерүү жүргүзүүгө арыз берилген датадан тартып 15 календардык күндүн ичинде текшерүү жүргүзүүгө жана көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу тууралуу (эгер карыз жок болсо) маалымкат берүүгө;".
6-берене. "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 6, 273-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: 11-беренеде: 1 жана 2-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын; 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Жоюу балансын түзүүдө активдер, милдеттенмелер, капитал жана башка көрсөткүчтөр жөнүндө маалыматтар рынок наркы боюнча, башкача айтканда, объектти сатуунун натыйжасында алынышы мүмкүн болгон акчалай каражаттардын суммасында бааланууга тийиш.".
7-берене
7-берене. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8-берене. (КР 2019-жылдын 8-июлунда № 82 Мыйзамынын 37-берененин 5-пунктуна ылайык күчүн жоготот)
9-берене. "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 18-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Жоюу комиссиясы (жоюучу) дайындалган учурдан тартып ал коомдук органдардын мүлкүн тескөө боюнча ишин контролдоо ыйгарым укугуна ээ болот. Атап айтканда, коомдук органдардын аны мүлк ээлигинен ажыратууга же болбосо карыздарын тындырууга багытталган бардык актылары жоюу комиссиясынын (жоюучунун) макулдугу менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн.".
10-берене. 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 "Чарбалык шериктиктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 9-статьянын 6-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6. Жоюу комиссиясы (жоюучу) дайындалган учурдан тартып ал чарбалык шериктиктин жана коомдун мүлкүн тескөө боюнча ишин контролдоо ыйгарым укугуна ээ болот. Атап айтканда, чарбалык шериктик жана коомдук органдардын аны мүлк ээлигинен ажыратууга же карыздарын тындырууга багытталган бардык актылары жоюу комиссиясынын (жоюучунун) макулдугу менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн.".
11-берене. 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-берененин 9-бөлүгүнүн алтынчы абзацын, 3-берененин экинчи абзацын кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 26-майында № 48-49 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- жеке ишкерлерди каттоо боюнча ыйгарым укуктарды салык кызматы органдарына өткөрүп берсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 14 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (14)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндөЗакон · 15.11.1996 · № 60
- Бухгалтердик эсеп жөнүндөЗакон · 29.04.2002 · № 76
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 73
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндөЗакон · 02.08.2004 · № 103
- Расмий статистика жөнүндөЗакон · 08.07.2019 · № 82
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Юридикалык жактарды каттоо (кайра каттоо) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды…Закон · 28.02.2023 · № 44
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 20.02.2009 · № 57 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик статистика жөнүндөЗакон · 26.03.2007 · № 40 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндөЗакон · 23.01.2009 · № 24 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 07.02.2022 · № 51 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (10)
- Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндөЗакон · 15.11.1996 · № 60
- Расмий статистика жөнүндөЗакон · 08.07.2019 · № 82
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндөЗакон · 02.08.2004 · № 103
- Бухгалтердик эсеп жөнүндөЗакон · 29.04.2002 · № 76
- Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 73
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Юридикалык жактарды каттоо (кайра каттоо) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды…Закон · 28.02.2023 · № 44
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.