Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 13-июну № 281-б (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-январындагы № 3-б, 2009-жылдын 6-майындагы № 197-б 2009-жылдын 29-октябрындагы № 622-б, 2009-жылдын 15-декабрындагы № 681-б, 2010-жылдын 12-январындагы № 5-б буйруктарынын редакциясына ылайык)
"Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-июлундагы № 344 "Кыргыз Республикасында уруксат берүү - жөнгө салуу системасын оптималдаштыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык:
1. Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин:
- ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүүнүн биринчи этабынын башталыш мөөнөтүн аныктоо боюнча сунушту;
- "Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын долбоорун.
4. Аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишкердик иш-аракетин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылар боюнча жөнгө салуу таасирлерин талдоо методикасынын негизинде негиздемени даярдоо жана кароо үчүн ишмердиктин тийиштүү тармактарын көрсөтүүчү бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүн тартуу менен жумушчу топторду түзүшсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругуна тиркеме
Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 681-б, 2010-жылдын 12-январындагы № 5-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри - ЕврАзЭСтеги атайын өкүл, комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин Жетекчисинин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Инвестициялык кеңештин Секретариатынын жетекчиси, комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин лицензиялык иштерди жөнгө салуу жана жөнгө салуучу таасирди талдоо башкармалыгынын начальниги, комиссиянын катчысы.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин эксперттик кызматтын жетекчиси (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдук иштер кызматынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана башка мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча секторунун башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентинин Секретариатынын Эксперттик-аналитикалык камсыз кылуу кызматынын мониторинг жана баалоо тобунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын администрациялык реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук колдоо бөлүмүнүн башчысы; Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы; Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргызстандын Ишкерлер союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын Рыноктор, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын Курулушчулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); Менеджерлер ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын Банктар союзунун президенти (макулдашуу боюнча); Бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча ЮСАИД долбоорунун директору (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси
А.Карашев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (12)
- Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобоПоложение · 13.06.2008 · № 281
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 345 ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам…Постановление · 29.05.2012 · № 345
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы № 622-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 29.10.2009 · № 622-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 681-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 15.12.2009 · № 681-р
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-январындагы № 5-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 12.01.2010 · № 5-р
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы №94 "Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоону жүргүзүү жана ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты…Постановление · 03.03.2011 · № 94 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 509 " Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу…Постановление · 11.09.2008 · № 509 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабрындагы №752 "Ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салууну жөнөкөйлөтүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу жөнүндө"токтомуПостановление · 31.12.2008 · № 752 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 478-б ("Лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) жана Мыйзамдын…Распоряжение · 27.08.2009 · № 478-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-январындагы № 3-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругуна өзгөртүү киргизүүсү боюнча) буйругуРаспоряжение · 10.01.2009 · № 3-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майындагы № 197-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругуна өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 06.05.2009 · № 197-р · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 21-январындагы №47 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 21.01.2012 · № 47 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндөЗакон · 05.04.2008 · № 55
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-июлундагы №344 "Кыргыз Республикасында уруксат берүү-жөнгө салуу системасын оптималдаштыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө"…Указ · 23.07.2007 · № 344 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.