Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-москва биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 27-июну № 312-б Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2008-жылдын 2-4-июлунда болуучу Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-москва биргелешкен комиссиянын алтынчы заседаниесинин ишине катышуу үчүн:
1. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-москва биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Айдаралиев Искендер Рыспекович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы; Филатов Андрей Васильевич - Бишкек шаарынын вице-мэри, комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Люлина Светлана Ивановна - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин Тышкы экономикалык саясат башкармалыгынын региондук кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын катчысы; Арстакеев Советбек Абдылдаевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай бөлүмүнүн башчысы; Асанова Гүлбарчын Пармановна - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары; Асанов Сапарбек Жекшебаевич - Кыргыз Республикасынын Жеңил өнөр жай иш-каналары ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча); Аттокуров Раимкул Арзимаматович - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси; Бектеналиев Мукталы Абдыбекович - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин статс-катчысы; Боронбаев Майрамбек Мырзаканович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы; Исаев Асеин Кусеинович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин директору; Касиев Геннадий Фаридович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин курулуш комплекси бөлүмүнүн начальниги; Маматалиев Абдырахман Макадимович - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Молдокадыров Айбек Асыранкулович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Мураталиев Баимбет Молдалиевич - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары; Мырзабеков Эгемберди Биймырзаевич - "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча); Суванов Эркин Абылкасымович - "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; Сыдыкова Гүлмира Ракыевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн эксперти.
2. Делегация мүчөлөрүнүн Москва шаарына баруусуна байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тартибин белгилөө жөнүндөПостановление · 12.10.2001 · № 635 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.