Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-01-21.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 21-январы №47 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2009-ж., № 7, 761-б) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1.3-беренеде:
жыйырманчы жана жыйырма алтынчы абзацтардагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөр менен алмаштырылсын; отуз үчүнчү абзацтагы "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 4-берененин 1-бөлүгүндөгү "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 8-беренеде:
үчүнчү абзацтагы "белгилейт" деген сөз "иштеп чыгат" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төртүнчү абзацтагы "жана кабыл алат" деген сөздөр алып салынсын; алтынчы абзацтагы "жана бекитет" деген сөздөр алып салынсын; он экинчи абзацтагы "бекитет" деген сөз "иштеп чыгат" деген сөз менен алмаштырылсын.
4.9-беренеде:
үчүнчү, сегизинчи, тогузунчу жана онунчу абзацтардагы "белгилөөгө" деген сөз "иштеп чыгууга" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төртүнчү абзацтагы "белгилөөгө" деген сөз алып салынсын; жетинчи абзацтагы "кабыл алууга" деген сөздөр "иштеп чыгууга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 12-берененин 2-бөлүгүндөгү "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 13-беренеде:
4, 5, 6 жана 9-бөлүктөрдөгү "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 7-бөлүгүндөгү "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 15-беренеде:
2-бөлүгүндөгү үчүнчү абзацында "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 6-бөлүгүндөгү үчүнчү абзацында "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр алып салынсын.
8. 22-берененин 3-бөлүгүндөгү жана 24-берененин 1 жана 3-бөлүктөрүндөгү "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 26-берененин 6-бөлүгүндөгү жана 27-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 29-беренедеги "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. 30-берененин 1, 4 жана 5-бөлүктөрүндөгү жана 31-берененин 1-бөлүгүндөгү "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
12. 36-берененин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацында "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
13. 39-беренеде:
1-бөлүктөгү "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларына жана баалуу кагаздарды соодалоо эрежелерине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-бөлүктөгү "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
14. 40-берененин 1-бөлүгүнүн сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
15. 41-берененин 1, 3, 4, 5, 6-бөлүктөрүндөгү ар кандай жөндөмөдөгү "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
16. 42-беренеде "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
17. 45-берененин 3-бөлүгүндө:
1-пункттагы "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 3-пункттагы "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары жана анын ички документтери" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 7-бөлүгүндөгү "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
18. 46-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7, 8 жана 9-бөлүктөр менен толукталсын:
"7. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык депозитардык иш жүргүзгөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу клиринг боюнча функцияларды жүргүзүүгө укуктуу.
8. Өз ара милдеттерди аныктоо (баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөр боюнча маалыматтарды чогултуу, салыштыруу, оңдоо жана алар боюнча бухгалтердик документтерди даярдоо) жана алардын баалуу кагаздарды тапшыруу эсебине киргизүү жана алар боюнча эсептерди жүргүзүү боюнча иш клиринг боюнча функция деп таанылат.
9. Депозитарийлер баалуу кагаздар менен жасалган операциялар боюнча эсептешүүлөргө байланыштуу өз ара милдеттерди аныктоо учурунда даярдалган бухгалтердик документтерди алардын баалуу кагаздар рыногунун катышуучулары менен түзгөн келишимдеринин негизинде аткарууга кабыл алат, алар үчүн белгиленген тартипте эсептерди жүргүзөт.".
19. 47-берене күчүн жоготту деп табылсын.
20. 49-берененин 3-бөлүгүндөгү "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
21. 50-беренеде:
5-бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу органдын" деген сөз "Кыргыз Республикасынын" деген сөз менен алмаштырылсын; 8-бөлүгүндөгү "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 9-бөлүгүндөгү "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
22. 51-беренедеги "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
23. 52-берененин 3-бөлүгү "тийиштүү лицензияга" деген сөздөрдөн кийин "(буга клиринг иши кирбейт)" деген сөздөр менен толукталсын.
24. 55-беренедеги, 56-берененин 2-бөлүгүндөгү жана 57-берененин 5-бөлүгүндөгү "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
25. 59-беренеде:
1-бөлүктүн үчүнчү абзацындагы "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-бөлүктүн алтынчы абзацындагы "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
26. 60-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна негиздеме МААЛЫМКАТ
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13.06.2008-ж. №281-р буйругу менен бекитилген ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын отурумунун чечимин аткаруу максатын көздөп бул Мыйзамдын долбоору иштелип чыкты. 2009-жылы июль айында "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, ал ченем чыгаруу ишиндеги аракеттеги жобону өзгөрттү. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясынын талаптарына ылайык мамлекеттик органдын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) укугу жок. Бирок "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга укугу бар деп каралган. Ошондуктан мыйзамдардын талаптарына ылайык келтирүү керек экендигин эске алып мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга укугу бар деген бөлүгүн алып таштоо үчүн "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү сунушталды. Ошондой эле Ведомстволор аралык комиссиянын чечимине ылайык "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине өзгөртүү киргизүү сунуш кылынды, баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй иштин бир түрү болуп саналган клирингдик ишти алып салуу каралды. Мына ошого жараша Мыйзамдан 47-беренени - "Клиринг уюму жана клиринг ишин" алып салуу сунуш кылынды. Ушуну менен бирге "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренеси депозитардык иш жүргүзгөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу клиринг боюнча иш-кызматтарды жүргүзүүгө укуктуу деген ченем менен толукталды. Ченемдик укуктук актыны мыйзамдардын талаптарына ылайык келтирүү каршылыктардын жок болушуна алып келет жана ишкердик ишти жөнгө салуучу аракеттеги ченемдердин эки илтиктүү түшүндүрүлүшүн жоет. Мындай өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү оң гана жыйынтыктарды берет жана баалуу кагаздар рыногунун субъекттери жана бүтүндөй коом үчүн кандайдыр бир терс кесепеттерди, татаалдыктарды алып келбейт. Долбоор жумушчу топ тарабынан даярдалып, коомдук талкуудан өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлгөн (сын пикирлер, сунуштар келип түшкөн жок). Ушул ченемдик укуктук актыны кабыл алуу бюджетке эч кандай кошумча оорчулукту алып келбейт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган каражаттардын алкагында иш жүзүнө ашырылат.
Төрага
Ю.Тойчубеков
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Сунушталган редакция | ||
|---|---|---|
| 1 | 3-берене 20 абзацы Инвестициялык активдер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген мамлекеттик орган тарабынан инвестициялык актив катарында аныкталган акчалай каражаттар, баалуу кагаздар, башка активдер; 26 абзацы Листинг - баалуу кагаздарды фонд биржасынын фондулук биржа аныктоочу атайын критерийлерге ылайык келген баалуу кагаздарына кошуу жолжобосу. Листингге карата минимум талаптарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укук берген мамлекеттик органы белгилейт; 33 абзацы Туунду баалуу кагаздар - ээсинин баалуу кагаздарды сатып алуу же сатуу укугун ырастоочу баалуу кагаздар. Туунду баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет. | 3-берене 20 абзацы Инвестициялык активдер - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан инвестициялык актив катарында аныкталган акчалай каражаттар, баалуу кагаздар, башка активдер; 26 абзацы Листинг - баалуу кагаздарды фонд биржасынын фондулук биржа аныктоочу атайын критерийлерге ылайык келген баалуу кагаздарына кошуу жолжобосу. Листингге карата минимум талаптарды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары белгилейт; 33 абзацы Туунду баалуу кагаздар - ээсинин баалуу кагаздарды сатып алуу же сатуу укугун ырастоочу баалуу кагаздар. Туунду баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасы ченемдик укуктук актылары менен белгиленет. |
| 2 | 4-берене 1. Документардык баалуу кагаз белгиленген формадагы кагаз түрүндөгү документ болуп саналат. Документардык формада чыгарылган баалуу кагаздардын реквизиттери баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат | 4-берене 1. Документардык баалуу кагаз белгиленген формадагы кагаз түрүндөгү документ болуп саналат. Документардык формада чыгарылган баалуу кагаздардын реквизиттери Кыргыз Республикасы ченемдик укуктук актылары аныкталат |
| 3 | 8-берене 3 абзацы Кыргыз Республикасында баалуу кагаздарынын интефацияланган улуттук рыногун түзүү максатында баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына талаптарды иштеп чыгат; 4 абзацы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана кабыл алат; 6 абзацы - баалуу кагаздар менен кесипкөй иш жүргүзүүнүн, баалуу кагаздар боюнча операциялардын, ачык компаниялардын жана кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын жана маалыматтарды ачышынын унификацияланган стандарттарын иштеп чыгат жана бекитет; 19 абзацы - баалуу кагаздар менен кесипкөй иш жүргүзүүчү жактарга жана уюмдарга коюлган квалификациялык талаптарды бекитет; | 8-берене 3 абзацы Кыргыз Республикасында баалуу кагаздарынын интефацияланган улуттук рыногун түзүү максатында баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына 1 талаптарды иштеп чыгат - төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын; 6 абзацы - баалуу кагаздар менен кесипкөй иш жүргүзүүнүн, баалуу кагаздар боюнча операциялардын, ачык компаниялардын жана кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын жана маалыматтарды ачышынын унификаиияланган стандарттарын иштеп чыгат; 19 абзацы - баалуу кагаздар менен кесипкөй иш жүргүзүүчү жактарга жана уюмдарга коюлган квалификациялык талаптарды иштеп чыгат; |
| 4 | 9-берене 3 абзацы Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын интеграцияланган улуттук рыногунун натыйжалуу жана ачык-айкын иштешин камсыздоо максатында анын түзүлүшүн камсыздоочу талаптарды белгилөөгө; 4 абзацы - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары сактоого милдеттүү болгон финансылык туруктуулук критерийлерин (ченемдерин) иштеп чыгууга жана аларды сактоо боюнча талаптарды белгилөөгө; 7 абзацы - ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга жана алардын аткарылышын камсыз кылууга; 8 абзацы - ачык компаниялардын, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын маалыматтарды ачуусу жана отчет берүүсү боюнча ушул Мыйзам менен белгиленген талаптарга кошумча талаптарды белгилөөгө; 9 абзацы - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына карата капиталдын минимум өлчөмүнө жана тобокелдин максимум чегине карата талаптарды белгилөөгө; | 9-берене 3 абзацы Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын интеграцияланган улуттук рыногунун натыйжалуу жана ачык-айкын иштешин камсыздоо максатында анын түзүлүшүн камсыздоочу талаптарды иштеп чыгат; 4 абзацы - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары сактоого милдеттүү болгон финансылык туруктуулук критерийлерин (ченемдерин) иштеп чыгууга жана аларды сактоо боюнча талаптарды 7 абзацы жетинчи абзац күчүн жоготту - деп таанылсын; 8 абзацы - ачык компаниялардын, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын маалыматтарды ачуусу жана отчет берүүсү боюнча ушул Мыйзам менен белгиленген талаптарга кошумча талаптарды иштеп чыгат; 9 абзацы - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына 1 карата капиталдын минимум өлчөмүнө жана тобокелдин максимум чегине карата талаптарды иштеп чыгат; |
| 5 | 12-берененин 2-пункту 2. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары баалуу кагаздар рыногу боюнча мыйзамдарды, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларын бузгандык фактылары аныкталганда, ошондой эле анык эмес жана/же толук эмес маалымат бергенде, же баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары төлөөгө жөндөмсүз болуп калышканда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу: | 12-берененин 2-пункту 2. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары баалуу кагаздар рыногу боюнча мыйзамдарды, бузгандык фактылары аныкталганда, ошондой эле анык эмес жана/же толук эмес маалымат бергенде, же баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары төлөөгө жөндөмсүз болуп калышканда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу: |
| 6 | 13-берене 4-пункту - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маалыматтар. 5-пункту 5. Баалуу кагаздардын реестрине киргизүү үчүн эмитентке карата баалуу кагаздардын чыгарылышы жөнүндө маалыматты ачуунун тартиби жана көлөмү боюнча талаптар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары менен ушул Мыйзамга ылайык белгиленет. 6-пункту Баалуу кагаздардын ачык сунушталышынын реестри төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт: 7-пункту 7. Жеке жана/же юридикалык жак баалуу кагаздардын Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн чыгаруу жана/же ачык сунуштоо жөнүндө маалыматты ушул Мыйзамда жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана көлөмдө бербегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 9-пункту 9. Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздарынын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби, ошондой эле андагы маалыматтарды алуунун тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет. | 13-берене 4-пункту Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маалыматтар. 5-пункту 5. Баалуу кагаздардын реестрине киргизүү үчүн эмитентке карата баалуу кагаздардын чыгарылышы жөнүндө маалыматты ачуунун тартиби жана көлөмү боюнча талаптар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары менен ушул Мыйзамга ылайык белгиленет. 6-пункту Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздардын ачык сунушталышынын реестри төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт: 7-пункту Жеке жана/же юридикалык жак баалуу кагаздарды Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн чыгаруу жана/же ачык сунуштоо жөнүндө маалыматты ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана көлөмдө бербегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 9-пункту Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздарынын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби, ошондой эле андагы маалыматтарды алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет. |
| 7 | 15-берене 2-пунктун 3 абзацы Проспектти катталбаган баалуу кагаздар алардын ушул түрүнүн проспекти эмитент тарабынан катталгандан кийин ачык сунушталса болот. Мурда катталган баалуу кагаздардын проспектин каттоо ушул Мыйзамда жана баалуу кагаздарды жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте ишке ашырылат. 6 пунктун 3 абзацы Баалуу кагаздардын ачык сунушталганы жөнүндө маалыматты ачууга карата кошумча талаптар Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ченемдик укуктук актылары менен белгилениши мүмкүн. | 15-берене 2-пунктун 3 абзацы Проспектти катталбаган баалуу кагаздар алардын ушул түрүнүн проспекти эмитент тарабынан катталгандан кийин ачык сунушталса болот. Мурда катталган баалуу кагаздардын проспектин каттоо ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте ишке ашырылат 6 пунктун 3 абзацы Баалуу кагаздардын ачык сунушталганы жөнүндө маалыматты ачууга карата кошумча талаптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгилениши мүмкүн. |
| 8 | 22-берененин 3 пункту - ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган проспектидеги өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте жана ыкмалар менен ачык сунуштаган баалуу кагаздардын болгон жазылуучуларына жана баалуу кагаздарды ачык сунуштаган ар кандай башка инвесторлорго ачып берүүгө; - ачык сунушталган баалуу кагаздарга жазылуучуларга, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган укуктук актыларында каралган тартипте, ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында камтылган проспекттеги маалыматтар өзгөртүлгөн учурлардан тышкары, алар ачык сунуштоо акцептерин кайра чакыртып алып, ачык сунуш кылынган баалуу кагаздарды сатып алууда төлөнгөн каражаттын ордун толтуруп алышы мүмкүнчүлүгүн ачып берүүгө тийиш. | 22-берененин 3 пункту - ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган проспектидеги өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте жана ыкмалар менен ачык сунуштаган баалуу кагаздардын болгон жазылуучуларына жана баалуу кагаздарды ачык сунуштаган ар кандай башка инвесторлорго ачып берүүгө; - ачык сунушталган баалуу кагаздарга жазылуучуларга, Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган укуктук актыларында каралган тартипте, ушул Мыйзамдын 20-беренесинин бөлүгүнүн 1-4-пункттарында камтылган проспекттеги маалыматтар өзгөртүлгөн учурлардан тышкары, алар ачык сунуштоо акцептерин кайра чакыртып алып, ачык сунуш кылынган баалуу кагаздарды сатып алууда төлөнгөн каражаттын ордун толтуруп алышы мүмкүнчүлүгүн ачып берүүгө тийиш. |
| 9 | 24-берене 1. Баалуу кагаздардын ачык сунуштарынын жарнагы адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык жайылтылган же жеткирилген маалымат же арыз болуп эсептелет. 3. Ушул Мыйзамга жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларына ылайык маалыматы, анын ичинде ушул Мыйзамга ылайык катталган проспектинин ачыкка чыгаруу жарнак болуп эсептелбейт. | 24-берене 1. Баалуу кагаздардын ачык сунуштарынын жарнагы адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык жайылтылган же жеткирилген маалымат же арыз болуп эсептелет. 3. Ушул Мыйзамга жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык маалыматы, анын ичинде ушул Мыйзамга ылайык катталган проспектинин ачыкка чыгаруу жарнак болуп эсептелбейт. |
| 10 | 26-берене 6. Ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө белгиленген чектөөлөр тизмеси баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым белгиленүүчү ачык сунушталган облигацияларга жана башка баалуу кагаздарга карата колдонулбайт. Облигацияларды сатуудан түшкөн каражаттарды сактоо жана эсепке алуу тартиби Кыргыз Республикасынын тарабынан белгиленет. | 26-берене 6. Ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө белгиленген чектөөлөр тизмеси Кыргыз Республикасынын тарабынан укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленүүчү ачык сунушталган облигацияларга жана башка баалуу кагаздарга карата колдонулбайт. Облигацияларды сатуудан түшкөн каражаттарды сактоо жана эсепке алуу тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. |
| 11 | 27-берененин 2 пункту Ачык сунуштун жыйынтыктары жөнүндө отчет берүүнүн формасы жана тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. | 27-берененин 2 пункту Ачык сунуштун жыйынтыктары жөнүндө отчет берүүнүн формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын тарабынан белгиленет. |
| 12 | 29-берене Ачык компания болуп эсептелген эмитент төмөнкүлөргө милдеттүү: - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ачык компанияда аудит жүргүзүү үчүн талаптарга жооп берген аудиторго ээ болууга; | 29-берене Ачык компания болуп эсептелген эмитент төмөнкүлөргө милдеттүү: - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ачык компанияда аудит жүргүзүү үчүн талаптарга жооп берген аудиторго ээ болууга; |
| 13 | 30-берене 1. Ачык компания болуп саналган эмитент маалыматтарды мезгили менен баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларында каралган, курамына эмитенттин кварталдык финансылык отчету жана башка маалыматтар киргизилген маалыматтарды жылдык жана кварталдык отчеттор формасында ачууну жүзөгө ашырып туруусу керек. 4. Ар кварталдык отчет, отчеттук квартал аяктагандан кийин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен түзүлөт. Ар кварталдык отчет, анын ичинде финансылык отчет жөнүндө кыскача маалымат баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте кварталдык отчет аяктагандан кийин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен, жалпыга маалымдоонун басма сөз же электрондук каражаттарында жарыяланышы керек. 5. Жылдык отчет отчеттук жыл аяктагандан кийин 90 календардык күндөн кечиктирилбестен түзүлөт. Жылдык отчеттун, анын ичинде финансылык отчеттун кыскача баяндалышы баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана мөөнөттө жалпыга маалымдоонун басма сөз каражаттарына жарыяланышы керек. | 30-берене 1. Ачык компания болуп саналган эмитент маалыматтарды мезгили менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган, курамына эмитенттин кварталдык финансылык отчету жана башка маалыматтар киргизилген маалыматтарды жылдык жана кварталдык отчеттор формасында ачууну жүзөгө ашырып туруусу керек. 4. Ар кварталдык отчет, отчеттук квартал аяктагандан кийин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен түзүлөт. Ар кварталдык отчет, анын ичинде финансылык отчет жөнүндө кыскача маалымат Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте кварталдык отчет аяктагандан кийин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен, жалпыга маалымдоонун басма жалпыга маалымдоонун басма сөз же электрондук каражаттарында жарыяланышы керек. 5. Жылдык отчет отчеттук жыл аяктагандан кийин 90 календардык күндөн кечиктирилбестен түзүлөт. Жылдык отчеттун, анын ичинде финансылык отчеттун кыскача баяндалышы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана мөөнөттө жалпыга маалымдоонун басма сөз каражаттарына жарыяланышы керек. |
| 14 | 31-берененин 1 пунктунда - баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларында каралган башка окуялар (фактылар). | 31-берененин 1 пунктунда - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка окуялар (фактылар). |
| 15 | 36-берененин 4 пунктун I абзацы 4. Баалуу кагаздарды каттоодо ошол чыгарылышына мамлекеттик каттоо номери ыйгарылат. Мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруунун тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет. | 36-берененин 4 пунктун 1 абзацы 4. Баалуу кагаздарды каттоодо ошол чыгарылышына мамлекеттик каттоо номери ыйгарылат. Мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленет. |
| 16 | 39-берене 1. Ачык сунушталуучу баалуу кагаздарды, ошондой эле ачык акционердик коомдордун акцияларын сатып алуу-сатуу (алмаштыруу) боюнча бүтүмдөр фондулук биржада баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларына жана баалуу кагаздарды соодалоо эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат. 2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн баалуу кагаздардан башка баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу (алмаштыруу) боюнча бүтүмдөр, ошондой эле баалуу кагаздар менен, ошонун ичинде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн баалуу кагаздар менен болгон башка бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат. | 39-берене 1. Ачык сунушталуучу баалуу кагаздарды, ошондой эле ачык акционердик коомдордун акцияларын сатып алуу-сатуу (алмаштыруу) боюнча бүтүмдөр фондулук биржада Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана баалуу кагаздарды соодалоо эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат. 2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн баалуу кагаздардан башка баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу (алмаштыруу) боюнча бүтүмдөр, ошондой эле баалуу кагаздар менен, ошонун ичинде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн баалуу кагаздар менен болгон башка бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат. |
| 17 | 40-берененин I пунктун 8 абзацы клирингдик иш; | 40-берененин 1 пунктун 8 абзацы сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; |
| 18 | 41-берене 1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. 3. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун өздүк капиталы баалуу кагаздар рыногунда кесипкей иштин тиешелүү түрү үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн кем болбошу керек. 4. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу төмөндөгү талаптарга ылайык келиши керек: - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген квалификацияга ээ жумушчулардын болушу; - баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык белгиленген программалык-техникалык каражаттардын жана башка жабдуулардын болушу; - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун, өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын баалуу кагаздар рыногундагы ишин жүзөгө ашыруунун шартын жана тартибин белгилеген ички документтери баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык келиши керек; - баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй иштин тиешелүү түрү; - үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген ченемдерди жана финансылык туруктуулуктун башка критерийлерин сактоо. 5. Кесипкөй ишти жүзөгө ашырууга түздөн-түз катышкан баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлери баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө милдеттүү. 6. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлерин аттестациядан өткөрүүнүн жана квалификациялык күбөлүктөрдү берүүнүн тартиби, ошондой эле квалификациялык күбөлүктөрдү колдонууну токтотуп туруунун же кайра чакырып алуунун тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. | 41-берене 1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленет. 3. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун өздүк капиталы баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй иштин тиешелүү түрү үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн кем болбошу керек. 4. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу төмөндөгү талаптарга ылайык келиши керек: - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленген квалификацияга ээ жумушчулардын болушу; - баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары талаптарына ылайык белгиленген программалык-техникалык каражаттардын жана башка жабдуулардын болушу; - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун, өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын баалуу кагаздар рыногундагы ишин жүзөгө ашыруунун шартын жана тартибин белгилеген ички документтери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары талаптарына ылайык келиши керек; - баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй иштин тиешелүү түрү үчүн Кыргыз Республикасынын тарабынан белгиленген ченемдерди жана финансылык туруктуулуктун башка критерийлерин сактоо. 5. Кесипкөй ишти жүзөгө ашырууга түздөн-түз катышкан баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары белгилеген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө милдеттүү. 6. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлерин аттестациядан өткөрүүнүн жана квалификациялык күбөлүктөрдү берүүнүн тартиби, ошондой эле квалификациялык күбөлүктөрдү колдонууну токтотуп туруунун же кайра чакырып алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленет. |
| 19 | 42-берене 1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызмат адамына карата талаптар төмөндөгүлөрдү камтыйт: - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген квалификациянын ылайык келишин; - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген дагы башка талаптарды. 2. Төмөндөгүдөй адам жетекчилик кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес: - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келбеген; | 42-берене 1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызмат адамына карата талаптар төмөндөгүлөрдү камтыйт: - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары белгилеген квалификациянын ылайык келишин; - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленген дагы башка талаптарды. 2. Төмөндөгүдөй адам жетекчилик кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес: - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келбеген; |
| 20 | 45-берене 3. Башкаруучу компаниянын иш-милдеттери болуп төмөндөгүлөр эсептелет: 1) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык эмиссиялык баалуу кагаздарга жана башка финансылык инструменттерге акча инвестициялоо тууралу чечимдерди кабыл алуу; 3) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары жана анын ички документтери тарабынан белгиленген тартипте эмиссиялык баалуу кагаздар жана башка финансылык инструменттер менен жасалган бүтүмдөрдүн эсебин жүргүзүү; 7. Инвестициялык активдерди башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет. | 45-берене 3. Башкаруучу компаниянын иш-милдеттери болуп төмөндөгүлөр эсептелет: 1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык эмиссиялык баалуу кагаздарга жана башка финансылык инструменттерге акча инвестициялоо тууралу чечимдерди кабыл алуу; 3) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленген тартипте эмиссиялык баалуу кагаздар жана башка финансылык инструменттер менен жасалган бүтүмдөрдүн эсебин жүргүзүү; 7. Инвестициялык активдерди башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет. |
| 21 | 46-беренеде андай пункттар жок | 46-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-, 8-, 9-, 10- жана 11-пункттар менен толукталсын: "7. Депозитардык иш жүргүзгөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу клиринг боюнча иш-кызматтарды жүргүзүүгө укуктуу. 8. Өз ара милдеттерди аныктоо (баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөр боюнча маалыматтарды чогултуу, сатыштыруу, түзөтүү жана алар боюнча бухгалтердик документтерди даярдоо) жана алардын баалуу кагаздарды тапшыруу эсебине киргизүү жана алар боюнча эсептерди жүргүзүү боюнча иш клиринг боюнча иш-кызмат деп таанылат. 9. Депозитарийлер баалуу кагаздар менен жасалган операциялар боюнча эсептешүүлөргө байланыштуу өз ара милдеттерди аныктоо учурунда даярдалган бухгалтердик документтерди алардын баалуу кагаздар рыногунун катышуучулары менен түзгөн келишимдеринин негизинде аткарууга кабыл алат, алар үчүн белгиленген тартипте эсептерди жүргүзөт. Депозитарий бекиткен баалуу кагаздар боюнча клиринг жүргүзүү эрежесине ылайык баалуу кагаздар боюнча клирингди жүргүзөт. 10. Баалуу кагаздар боюнча клиринг жүргүзүү эрежесине карата коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет. Баалуу кагаздар боюнча клиринг жүргүзүү эрежеси жана аларга киргизилген толуктоолор баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылышы керек. 11. Баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөр боюнча эсептерди жүргүзгөн депозитарий баалуу кагаздар менен жасалуучу бүтүмдөрдүн аткарылбай калуу кооптуулугун төмөндөтүү үчүн атайын фондду түзүүгө милдеттүү. Депозитарийлердин атайын фонддорунун эн кичинекей өлчөмү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет". |
| 22 | 47-берене 1. Клирингдик иш катары баалуу кагаздарды берүүлөр жана аларды эсептешүүнү жүргүзүү боюнча өз ара милдеттенмелерди (баалуу кагаздар менен бүтүмдөр боюнча маалыматтарды жыйноо, салыштырып текшерүү, аларга түзөтүү киргизүү жана алар боюнча бухгалтердик документтерди даярдоо) аныктоо жана аларды кириштөө эсептелет. 2. Клирингдик ишти жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу клирингдик утам деп аталат. 3. Клирингдик уюмдар баалуу кагаздар менен болгон операциялар боюнча эсептешүүлөргө байланыштуу баалуу кагаздар рыногунун катышуучулары менен түзүлгөн келишимдердин негизинде өз ара милдеттенмелерди аныктоодо аткаруу үчүн даярдалган бухгалтердик документтерди кабыл алышат, алар үчүн белгиленген тартипте эсептешүүлөр жүргүзүлөт. Клирингдик уюм клирингдик уюм тарабынан бекитилген баалуу кагаздар боюнча клирингди жүзөгө ашыруунун эрежелерине ылайык баалуу кагаздардын клирингин жүзөгө ашырат. 4. Клирингдик уюмдарга, ошондой эле баалуу кагаздар боюнча клирингди жүзөгө ашыруу эрежелерине карата талаптар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. Баалуу кагаздар боюнча клирингди жүзөгө ашыруунун эрежелери, ошондой эле аларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш. 5. Баалуу кагаздар менен бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруучу клирингдик уюм баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдүн аткарылбай калуу тобокелдиктерин азайтуу үчүн атайын фондуларды түзүүгө милдеттүү. Клирингдик уюмдардын атайын фондуларынын минималдуу өлчөмү баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. | 47-берене 47-берене күчүн жоготту деп таанылсын; |
| 23 | 49-берене 3. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүнүн, баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин киргизүүгө байланышкан башка бардык документтерди жана баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин өткөрүп берүүнүн тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. | 49-берене 3. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүнүн, баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин киргизүүгө байланышкан башка бардык документтерди жана баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин өткөрүп берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленет. |
| 24 | 50-берене 5-пунктунда Ыйгарым укуктуу органдын ченемдик укуктук актылары менен баалуу кагаздар соодалоо эрежелерине жана фондулук биржанын документтерине карата кошумча талаптар коюлушу мүмкүн. 8. Баалуу кагаздардын листингине минималдуу талаптар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. 9. Фондулук биржадагы бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларына ылайык токтотулушу мүмкүн. | 50-берене 5-пунктунда Ыйгарым Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук баалуу кагаздарды соодалоо эрежелерине жана фондулук биржанын ички документтерине карата кошумча талаптар коюлушу мүмкүн. 8. Баалуу кагаздардын листингине минималдуу талаптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленет. 9. Фондулук биржадагы бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтотулушу мүмкүн. |
| 25 | 51-берене - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген башка талаптарды | 51-берене - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары белгилеген башка талаптарды |
| 26 | 55-берене - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларында белгиленген көлөмдө жана тартипте лицензиаттын ишине тиешелүү маалыматты кардарларга ачып берүүгө. | 55-берене Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген көлөмдө жана тартипте лицензиаттын ишине тиешелүү маалыматты кардарларга ачып берүүгө. |
| 27 | 56-берене 2. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу бир жылдык жана кварталдык отчет формасында маалыматты мезгилдүү түрдө ачып берүүгө милдеттүү, анын курамында баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квартал үчүн финансылык отчеттуулугунда жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маалыматтар камтылышы керек. | 56-берене 2. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу бир жылдык жана кварталдык отчет формасында маалыматты мезгилдүү түрдө ачып берүүгө милдеттүү, анын курамында баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квартал үчүн финансылык отчеттуулугунда жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маалыматтар камтылышы керек. |
| 28 | 57-берене 5. Фондулук биржа баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берүүгө милдеттүү. | 57-берене 5. Фондулук биржа Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берүүгө милдеттүү. |
| 29 | 59-берене 1-пунктунда Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмунун статусун алуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат. 2-пунктунда - ушул Мыйзамга жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларына ылайык ушул Мыйзамды аткарууга карата кабыл алынган башка милдеттерди аткарат. | 59-берене 1-пунктунда Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмунун статусун атуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. 2-пунктунда ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ушул Мыйзамды аткарууга карата кабыл алынган башка милдеттерди аткарат. |
| 30 | 60-берене 1-пунктунда - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берүүгө жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларына ылайык өзүнүн иши жөнүндөгү маалыматты ачып берүүгө. | 60-берене 1-пунктунда - баалуу кагаздар рыногун Жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берүүгө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык өзүнүн иши жөнүндөгү маалыматты ачып берүүгө. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 10-майындагы № 1891-V "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 10.05.2012 · № 1891-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 21-июнундагы №2104-V "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 21.06.2012 · № 2104-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 31-майындагы № 1956-V "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 31.05.2012 · № 1956-V
Шилтеме берет (5)
- Баалуу кагаздар рыногу жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 251
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б (Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия…Распоряжение · 13.06.2008 · № 281-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон