Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) жана Мыйзамдын Концепциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлүүсү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-02-11.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 27-августу № 478-б Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 9-декабрындагы № 435 "Ишкердик ишти жөнгө салуу жагында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгынын 1-пунктуна ылайык:
1. Тиркемеге ылайык курамда "Лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) жана Мыйзамдын Концепциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлсүн.
2. Жумушчу топ төмөнкүлөрдү иштеп чыксын:
- бир айлык мөөнөттө Мыйзамдын Концепциясын;
- үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругу менен түзүлгөн Ишкердик иштин нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечимдеринин жана рекомендацияларынын негизинде Мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана мамлекеттик органдардын, бизнес ассоциацияларынын жана эл аралык донорлорунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен бул Мыйзам долбоорун коомдук талкуулоону өткөрүп, кийин аны Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине жүктөлсүн.
4. Жумушчу топ өзүнүн ишине мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин тийиштүү адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жөнгө салуучу таасирди талдоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 478-б буйругуна тиркеме
"Лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоорун (мындан ары -
Мыйзам долбоору) жана Мыйзамдын Концепциясын
иштеп чыгуу боюнча
ЖУМУШЧУ ТОП
Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси; Жолдубаева И.Ы. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укук саясаты бөлүмүнүн укуктук талдоо жана экспертизалар секторунун башчысы (макулдашуу боюнча); Анарбаев М.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитетинин бөлүм башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча); Мамбетов М.Б. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам иштерин координациялоо боюнча борборунун директорунун орун басары; Чокошева З.А. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин жөнгө салуучу таасирди талдоо бөлүмүнүн башчысы; Базарбеков А.З. - Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин юридика бөлүмүнүн башкы адиси (макулдашуу боюнча); Санарбек уулу Алишер - Таксилердин операторлору жана ташуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюн- ча); Дүйшалиев Б.К. - Менеджерлер ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Ахматова Г.Ч. - Эл аралык ишкерлер кеңешинин улук юристи (макулдашуу боюнча); Аттокуров М.С. - Мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжаларына баа берүү боюнча эксперттик топтун төрагасы (макулдашуу боюнча); Бекиев Б.Ж. - Мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжаларына баа берүү боюнча эксперттик топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча); Жаманкулов Н.С. - Мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжаларына баа берүү боюнча эксперттик топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча); Ефремов В.Н. - ЮСАИД долбоорунун эксперти (макулдашуу боюнча кеңешчи добуш укугу менен).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр
Н.Айтмурзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б (Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия…Распоряжение · 13.06.2008 · № 281-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р