Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5 апрелиндеги «Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2008-жылдын 5-апрели № 55
Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 168 , 2014-жылдын 18-февралындагы № 35 , 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам ишкердик ишти жөнгө салуунун негизги принциптерин аныктайт, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык кайра кароонун жол-жоболорун белгилейт.
1-берене. Ишкердик ишти жөнгө салуу
1. Ушул Мыйзамда ишкердик ишти жөнгө салуу ишкерлерге жана алардын ишине карата укуктарды, милдеттерди жана талаптарды белгилөөнү, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары менен ишкерлердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салууну болжойт.
2. Жөнгө салуучу пилоттук чөйрө - колдонуудагы мыйзамдарды бузуу тобокелдигисиз чектелген чөйрөдө долбоорлорду тестирлөөгө мамлекеттик органдарга мүмкүндүк берүүчү инновациялык/жаңы долбоорлорду эксперимент тартибинде тестирлөө үчүн укуктук режим.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында же бүткүл аймагында пилоттук жөнгө салуу долбоорун ("жөнгө салуучу пилоттук чөйрө" режимин) бир жылга чейинки мөөнөткө киргизүүгө укуктуу.
Пилоттук жөнгө салуу долбоорун жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Пилоттук жөнгө салуу долбоорун жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтын негизинде тиешелүү ченемдик укуктук акт кабыл алынат же ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү же ченемдик укуктук актыны күчүн жоготту деп таануу боюнча башка чаралар кабыл алынат.
(КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын кайра кароонун жана оптималдаштыруунун негизги принциптери
Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын кайра кароонун жана оптималдаштыруунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу процессинин үзгүлтүксүздүгү, ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды (мындан ары - ченемдик укуктук актылар) иштеп чыгууда жана аткарууда ачык-айкындык жана туруктуулук;
- ишкердик ишке кийлигишпөө, анын ичинде мыйзамда каралгандан башка учурларды эске албаганда аны токтотууга жол бербөө;
- мамлекеттик органдардын мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча функцияларын бөлүштүрүү;
- аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган негиздеме бербеген учурда ченемдик укуктук актыларды жокко чыгаруу;
- ишкердик иш чөйрөсүндө мыйзамдын кайсы бир жоболорун колдонууда күмөн пайда болгондо мыйзамдын түшүнүксүздүгүн ишкердик субъектинин пайдасына чечмелөө;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамда белгиленгенден башка акыларды белгилешине жана алышына жол бербөө;
- лицензияларды, уруксаттарды жана ишкердик ишке байланыштуу башка актыларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана/же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору менен аныкталгандан башка документтерди белгилөөгө жана талап кылууга жол бербөө;
- атаандаштыкты чектөөгө жана базарды монополизациялоого жол бербөө;
- ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу процессинин бардык этаптарына кызыкдар бизнес-шериктештиктердин өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусун камсыз кылуу;
- ар бир конкреттүү ченемдик акты менен ченемдик укуктук актылардагы өксүктөрдү жана карама-каршылыктарды табуу жана ишкердик ишти укуктук жөнгө салуунун натыйжалуулугун белгилөө максатында ишкердик ишти жөнгө салуучу колдонуудагы жана кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардын мониторингин өткөрүүнүн жана аларга баа берүүнүн туруктуу негизи, ачык-айкындуулугу жана объективдүүлүгү.
(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 168, 2014-жылдын 18-февралындагы № 35 , 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-берене. Ишкердик чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн жооптуу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Ишкердик чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн жооптуу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Ыйгарым укуктуу орган:
- ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу процессинин үзгүлтүксүз жүрүүсүн камсыз кылат;
- аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ушул Мыйзамдын аткарылышына мониторинг жүргүзөт жана жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берет;
- бизнес-шериктештиктин жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу менен өксүктөрдү жана карама-каршылыктарды табуу, ошондой эле укуктук жөнгө салуунун натыйжалуулугун белгилөө максатында ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук базага туруктуу негизде мониторинг жана баалоо жүргүзөт, бул жөнүндө жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берет;
- ченемдик актылардын ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген принциптерге шайкештигине, ошондой эле Кыргыз Республикасында ишкердик ишти жөнгө салуунун натыйжалуулугуна карата аларды кайра кароо боюнча сунуштарды чогултуу жана даярдоо боюнча координациялоочу орган болуп саналат;
- ушул Мыйзамга ылайык келбеген ченемдик укуктук актыларды кайра кароо же күчүн жоготту деп таануу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте киргизет.
(КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Жөнгө салуучу таасирди талдоо
1. Жөнгө салуучу таасирди талдоо ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна төмөндөгүдөй бирдей мамиле жасоону белгилейт:
- аларды негиздөөнү;
- баштапкы талдоо жүргүзүүнү;
- ченемдик укуктук актыны аткарууга байланышкан чыгымдарды жана болжолдуу пайданы талкуулоону жана баалоону;
- республикалык (жергиликтүү) бюджеттин ченемдик укуктук актыны колдонууга карата чыгымдарын аныктоону;
- экономикага жана коомдук процесстерге күтүлүүчү натыйжаларды баалоону;
- ченемдик укуктук актылардын Эл аралык укуктун ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерине ылайык келишин жана аны сактоону контролдоону баалоо;
- атаандаштыкка таасир этүүнүн күтүлгөн натыйжаларына баа берүүнү;
- сунушталган ченемдик укуктук акты менен жөнгө салынуучу проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү механизмдерин кароону камтыйт.
Жөнгө салуучу таасирди талдоо колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карата да жүргүзүлүшү мүмкүн.
2. Ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо усулу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 168, 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
5-берене. Ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды кайра кароо
1. Ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык кайрадан каралат. Ченемдик укуктук актыларды кайра кароо алардын мазмунун рыноктук экономиканын принциптерине шайкештигин талдоодон турат.
2. Ар бир ченемдик укуктук акты ушул Мыйзамдын 2-беренесинде белгиленген принциптерге ылайык келиши керек.
3. Ченемдик укуктук актыларды кайра кароо үч этапта ишке ашырылат.
6-берене. Ченемдик укуктук актыларды кайра кароонун биринчи этабы
1. Аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын иш чөйрөсүнө тиешелүү ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамдын негизинде үч айлык мөөнөттө карайт.
Аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ченемдик укуктук актыларды караганда тиешелүү тармактардын бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрүн тартуу менен жумушчу топторду түзүшөт.
2. Ушул берененин 1-пунктунун биринчи абзацында белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин 15 күндүн ичинде ар бир аткаруу бийлигинин органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ченемдик укуктук актыларды ыйгарым укуктуу органга негиздемелери менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте беришет.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин 15 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык комиссияга тиешелүү ченемдик укуктук актыларды негиздемелери менен берет.
Ведомстволор аралык комиссиянын функциялары, ыйгарым укуктары, курамы жана ишинин башка маселелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Ченемдик укуктук актыларды кайра кароонун экинчи этабы
Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин 3 айдын аралыгында ведомстволор аралык комиссия аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары беришкен ченемдик укуктук актыларды жана түшүндүрмө каттарын карайт. Ченемдик укуктук актыны сунуштаган аткаруу бийлигинин органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аны кароого катышат. Ведомстволор аралык комиссия кызыкдар жактарга жана уюмдарга ченемдик укуктук актыларды кайра кароого катышуунун шарттарын маалымдайт жана камсыз кылат.
8-берене. Ченемдик укуктук актыларды кайра кароонун үчүнчү этабы
1. Ушул Мыйзамдын 7-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин бир айлык мөөнөттө ведомстволор аралык комиссия ченемдик укуктук актынын ушул Мыйзамга шайкештиги жөнүндө корутунду даярдайт жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берет.
2. Ведомстволор аралык комиссия тарабынан корутунду берилгенден кийин бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ченемдик укуктук актынын ушул Мыйзамга шайкештиги же шайкеш эместиги жөнүндө чечим кабыл алат.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин эки айлык мөөнөттө аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ченемдик укуктук актынын ушул Мыйзамга шайкеш эместиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде ченемдик укуктук актыларды белгиленген тартипте ушул Мыйзамга шайкеш келтирет.
Мында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары ушул Мыйзамга шайкеш эместигин аныктаган учурда аларды өзүнүн чечими менен жокко чыгара алат. (КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- ченемдик укуктук актыларды кайра кароонун биринчи этабын ишке ашыруунун башталыш мөөнөтүн биринчи кезекте аныктасын:
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ар бир 5 жылда ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү максатында кайра кароону уюштурсун;
- жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ушул Мыйзамдын чегинде жасалган иштердин натыйжалары жөнүндө маалымат берсин;
- Кыргыз Республикасынын ишкердик ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларын ушул Мыйзамда аныкталган принциптерге ылайык келтирүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
(КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 43 · байланышкандар: 12
Цитата келтиргендер (43)
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б (Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия…Распоряжение · 13.06.2008 · № 281-р
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 21-февралындагы № 201-IV "2008-жылдын 21-февралына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.02.2008 · № 201-IV
- Положение о Межведомственной комиссии по реформе системы государственного регулирования предпринимательской деятельности (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской…Положение · 03.03.2011
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 21-февралындагы № 207-IV ""Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл…Постановление · 21.02.2008 · № 207-IV
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-мартындагы № 103-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 596 токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы…Распоряжение · 28.03.2013 · № 103-р
- Каракол шаардык кеңешинин 2016-жылдын 1-декабрындагы № 27-11/3 "Каракол шаарынын 2016-2020-жж. карата абаттоо жана жашылдандыруу стратегиясын" бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.12.2016 · № 27-11/3
- Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобоПоложение · 13.06.2008 · № 281
- "2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча" ПРОГРАММАСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 596 токтому…Программа · 30.08.2012 · № 596
- Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-июнундагы № 80 "Муниципалдык аймактарда (көчөлөрдө, тротуарларда жана аянттарда) куруу (реконструкциялоо), инженердик тармактарды жана…Постановление · 30.06.2009 · № 80
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-мартындагы №196 "Мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжаларын баалоочу эксперттик топ жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2009 · № 196
- Порядок проведения анализа состояния конкуренции на товарном рынке Кыргызской Республики (утвержден постановлением Правительства Кыргызской Республики от 7 июля 2015 года № 461)Порядок · 07.07.2015 · № 461
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 24-январындагы № 99-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибине кошумча маселелер киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.01.2008 · № 99-IV
- Ананьев айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 28/5-4 "Ананьев айыл аймагынын көрктөндүрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.10.2021 · № 28/5-4
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2023-жылдын 7-февралындагы № 59/XX-1 "Кайыңды шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.02.2023 · № 59/XX-1
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 345 ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам…Постановление · 29.05.2012 · № 345
- "Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 30.07.2013 · № 168
- Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 18.02.2014 · № 35
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 132 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 08.04.2021 · № 132
- Лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 28.02.2025 · № 49
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы №94 "Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоону жүргүзүү жана ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты…Постановление · 03.03.2011 · № 94 · Күчүн жоготкон
43 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (12)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Бишкекского городского кенеша от 30 июня 2009 года №78 "Об утверждении Положения "О порядке сноса и пересадки зеленых насаждений и ирригации, находящихся в…Постановление · 30.06.2009 · № 78
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3408-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук…Постановление · 27.06.2013 · № 3408-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014 – жылдын 15 - январындагы № 3751 -V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын ченемдик…Постановление · 15.01.2014 · № 3751-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 4448-V ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (жөнгө салуучу таасирди талдоо тууралуу)"…Постановление · 12.11.2014 · № 4448-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы № 3157-V "Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 30.05.2013 · № 3157-V
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 20 июня 2013 года № 3273-V "О принятии во втором чтении проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении дополнений в Закон Кыргызской…Постановление · 20.06.2013 · № 3273-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3324-V "Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 27.06.2013 · № 3324-V
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №79 "Өнөр жай арналышындагы жарылуучу материалдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 01.02.2012 · № 79 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-августундагы № 419 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.08.2008 · № 419 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламенти" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-августундагы №419 токтому мененбекитилген)Регламент · 04.08.2008 · № 419 · Күчүн жоготкон
- Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 50 "Ачык сынактын негизде Бишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.11.2013 · № 50 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 5-декабрындагы № 3650-V «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларыпа толуктоолорду киргизүү жөнүндө» ("Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук…Постановление · 05.12.2013 · № 3650-V