Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 29-майы № 345 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри аталган Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Ө. Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 9, 322-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 18-статьянын 9-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене.
"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2003-ж., № 8, 322-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1.4-статьяда:
- биринчи абзацтагы ", ошондой эле медицина техникасынын кампалары, медицина техникасынын жана көз айнек оптикасынын дүкөндөрү" деген сөздөр алып салынсын.
- он жетинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Дары-дармек каражаттары - кандан, кан плазмасынан, ошондой эле адамдын же жаныбарлардын органдарынан, ткандарынан, өсүмдүктөрдөн, минералдардан синтез методу же биологиялык технологияларды колдонуу менен алынган оорунун алдын алуу, диагноз коюу, дарылоо, кош бойлуулукту болтурбоо үчүн колдонулуучу заттар. Дары-дармек каражаттарына ошондой эле өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан же синтетикалык жол менен алынып, фармакологиялык активдүүлүккө ээ болгон жана дары-дармек каражаттарын (фармацевтикалык субстанция) өндүрүү жана даярдоого арналган заттар кирет.";
- отуз сегизинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Фармацевтикалык иш-аракет - медициналык багыттагы дары-дармек каражаттарын жана буюмдарын даярдоо, сатып өткөрүү.";
- статья төмөнкүдөй мазмундагы кыркынчы абзац менен толукталсын:
"Дары-дармек каражаттарын дүң саткан ишканалар - ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык дары-дармек каражаттарын дүң саткан уюмдар.".
2. 6-статьяда:
2-бөлүгүндө:
- үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- дары-дармек каражаттарын даярдоо жана сатуу боюнча ишти лицензиялоо;";
- бешинчи абзацтагы "өндүрүүнү," деген сөз алып салынсын.
3. 8-статьяда:
1-бөлүгүндө:
- тогузунчу абзацтагы "биологиялык активдүү тамак-аш кошулмаларын," деген сөздөр алып салынсын.
- он биринчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- дары-дармек каражаттарын даярдоо жана сатуу боюнча ишти лицензиялоону жүзөгө ашырат;".
4. 9-статьяда:
- статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Дары-дармек каражаттарын даярдоо жана сатуу боюнча ишти лицензиялоо";
- 1-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
- 2-бөлүктөгү "дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "дары-дармек каражаттарын даярдоо жана сатуу боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- 3-бөлүктөгү "дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "дары-дармек каражаттарын даярдоо жана сатуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- 4-бөлүктөгү "дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү иш-аракетке карата лицензияны" деген сөздөр алып салынсын.
5. 10-статьянын 4-бөлүгүнүн он бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- дары-дармек каражаттарын даярдоону лицензиялоодо дары-дармек каражаттарынын белгиленген мамлекеттик талаптарга ылайыктуулугу жөнүндө корутундуларды берүү;".
6. 13-статьянын 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 18-статьянын 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте дары-дармек каражаттарын даярдоо жана сатуу укугуна лицензия алууга;".
8. 23-статьяда:
- 1-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-бөлүктөгү "лицензиясын же" деген сөздөр алып салынсын.
9. 30- статьяда:
- 1-бөлүктөгү ", дары-дармек каражаттарын жасоого лицензиясы бар" деген сөздөр алып салынсын;
2-бөлүгүндө:
- төртүнчү абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- дары-дармек каражаттарынын коопсуздугуна талаптарды белгилөөчү техникалык регламенттердин талаптарын бузуу менен".
10. 33-статьяда:
- 2-бөлүктөгү "фармацевттик иш жүргүзүүгө" деген сөздөр "дары-дармек каражаттарын даярдоого" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4- бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Дарыкана мекемесине дары-дармек каражаттарын даярдоого жана сатууга лицензия Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилет.".
11. 39-статьянын төртүнчү абзацындагы "фармацевтикалык ишке" деген сөздөр "дары-дармек каражаттарын даярдоого жана сатып өткөрүүгө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. 46-статьяда:
- статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"46-статья. Дарыкана мекемелеринин дары-дармек каражаттарын даярдоо жана сатуу боюнча ишин лицензиялоо";
- 1-6-бөлүктөрдөгү "фармацевттик иш-аракетке" деген сөздөр "дары-дармек каражаттарын даярдоого жана сатууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-бөлүктүн жетинчи жана сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.
3-берене.
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2005-ж., № 3, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 81 -статьянын 1, 2, 6-бөлүктөрүндөгү түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасын саламаттык сактоо жаатындагы, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж., № 3. 126-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 9-статьяда: 1-бөлүгүндө:
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) иш атайын каражаттарды сатып алуу, сактоо, алып жүрүү жана пайдалануу менен байланышкан учурда жекече детективдик жана жекече күзөт иши;";
- 24-пунктундагы "ташып келүүгө," деген сөздөр алып салынсын.
5-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: 9-статьяда:
- 25-пунктундагы "курал-жарак оңдоочу, пиротехникалык, штемпелдик-гравердук ишканаларды," деген сөздөр алып салынсын.
- 28-пунктундагы "детективдик" деген сөздөн кийин ", ошондой эле күзөт" деген сөздөр менен толукталсын.
6-берене.
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 20-статьянын 1-бөлүгүндөгү экинчи сүйлөм алып салынсын.
7-берене.
"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж., № 6, 231-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-статьянын 4-пунктунун 2-пунктчасындагы "ылайыктуулук сертификатын жана" деген сөздөр алып салынсын.
2. 4-статьяда:
- 2-пунктта:
- экинчи абзацындагы ал эми бул талаптарга жооп бербеген үрөндөр, - талдоонун жыйынтыгы" деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Экспорттолуучу үрөндөр импортерлордун талабы боюнча шайкеш келүүнүн эл аралык сертификаты менен коштолот";
- төртүнчү абзац күчүн жоготту деп табылсын.
8-берене.
"Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 9, 311-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-статьянын 2-бөлүгүндөгү тарыхый, көркөм жана материалдык зор баалуулугу бар баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган антиквардык жана зергердик ажайып буюмдар" деген сөздөр алып салынсын.
9-берене.
"Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2001-ж., № 10, 374-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 6-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдары
Өнөр жай коопсуздугу жаатында мамлекеттик жөнгө салууну өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын уруксат берүү милдеттери жүктөлгөн аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы ишке ашырат. Өнөр жай коопсуздугу жаатында мамлекеттик контролдоону жана көзөмөлдөөнү өнөр жай коопсуздугу жаатында контролдоо жана көзөмөлдөө милдеттери жүктөлгөн аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы ишке ашырат".
2. 13-статьянын 2-бөлүгүндөгү "объекттин" деген сөз "(геологиялык чалгындоо жана тоо-кен иштери үчүн гана)" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 19-статьяда:
- 2-бөлүгүндөгү "бул экспертизаны жүргүзүүгө атайын уруксаты бар" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-бөлүгүндөгү ", өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10-берене.
"Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 9, 327-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 7-статьянын 1-бөлүгүндөгү экинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- 12-статьянын үчүнчү сүйлөмүндөгү "чалгындоого, иштетүүгө (алууга), сактоого, кайра иштетүүгө, ташууга жана сатууга" деген сөздөр "жаратылыш газын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана сатууга, мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүүгө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1996-ж., № 7, 102-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бардык тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "ички иштер органдары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "лицензия берүүчүлөр" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 1-статьянын 1-бөлүгүндөгү "ички иштер органдарынан атайын уруксат (лицензия) алган" деген сөздөр алып салынсын.
3. 4-статьянын 1-бөлүгүндөгү "жекече иликтөө ишмердигин жүргүзүүгө мыйзамда белгиленген тартипте лицензия алган жана" деген сөздөр алып салынсын.
4. Мыйзам төмөнкү мазмундагы 4-1-статья менен толукталсын:
"4-1 статья. Жекече детективдик ишканалар
Жекече детективдер юридикалык жак статусуна ээ жекече детективдик ишкана түзө алышат. Алардын жетекчилерине коюлуучу милдеттүү талап жогорку юридикалык билими болушу эсептелет. Эгерде жекече детективдик ишкананын ишмердиги атайын каражаттарды сатып алуу, эсепке алуу, сактоо жана алып жүрүү менен байланыштуу болсо, кызматкерлер ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 3-бөлүгүнүн талабына ылайык лицензия алууга милдеттүү.".
5. 5-статьяда:
- 1-бөлүктүн тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- төмөнкү мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын:
"Жекече детективдердин жана жекече детективдик ишканалардын ишмердигинде атайын каражаттарды колдонууга атайын каражаттарды сатып алуу, эсепке алуу, сактоо жана алып жүрүү менен байланышкан жекече детективдик ишмердигине лицензиясы болгондо уруксат берилет. Түрлөрү, сатып алуу, эсепке алуу, сактоо жана алып жүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
6. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Жекече детективдик ишмердикти лицензиялоо
Алардын иши атайын каражаттарды сатып алуу, сактоо, алып жүрүү жана колдонуу менен байланышкан учурларды кошпогондо жекече детективдердин жана жекече детективдик ишканалардын ишмердиги лицензияланбайт. Атайын каражаттарды сатып алуу, сактоо, алып жүрүү жана колдонуу менен байланышкан жекече детективдик ишмердикке Кыргыз Республикасынын аймагында лицензия берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган орган (мындан ары - лицензиар) тарабынан жүргүзүлөт. Лицензия алууга талапкер жаран лицензиарга төмөнкүлөрдү өзү келип берүүгө милдеттүү: анкетаны; фотографияны; ден-соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкатты; анын жарандыгын, юридикалык билиминин болушун же жекече тынчы катары иштөө үчүн атайын даярдыктан өткөнүн, же болбосо ыкчам же кылмыш иликтөө бөлүктөрүндө үч жылдан кем эмес кызмат кылган иш тажрыйбасын тастыктаган документтерди; атайын каражаттарга, байланыш каражаттарына жана башка техникалык каражаттарга керектөөлөрү жана аларды колдонуу ниети жөнүндө маалыматты. Лицензиар лицензия берүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтердеги маалыматтардын тууралыгын аныктоого, анын ичинен аны алууга талапкер болуп жаткан адам менен маектешүү өткөрүүгө укуктуу. Жекече детективдик ишканалардын түзүүчүлөрү лицензия алуу үчүн лицензиарга төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:
- арыз;
- ишкананын уставы;
- ишмердиктин мүнөзү жана багыттары жөнүндө маалымат;
- кызматкерлердин курамы жана болжолдуу саны жөнүндө маалымат:
- атайын, техникалык жана башка каражаттардын болушу жөнүндө маалымат, ошондой эле аларды колдонууга болгон зарылдык жана уюштуруу документтери.
Ушул статьянын бешинчи бөлүгүндө саналган маалыматтар уюштуруучу тарабынан берилбесе же бурмаланган маалыматтарды берүү лицензия берүүдөн баш тартууга негиз болот. Лицензия төмөнкүлөргө берилбейт:
1) жыйырма бир жашка толо элек жарандарга;
2) психикалык оорулар, алкоголизм же баңгилик боюнча саламаттык сактоо органдарынын эсебинде турган жарандарга;
3) атайлап жасаган кылмышы үчүн соттуулугу бар жарандарга;
4) кылмыш кылды деп айыпталган жарандарга (мыйзамда белгиленген тартипте анын күнөөсү жөнүндөгү маселе чечилгенге чейин);
5) жекече детективдик ишмердикке контролдоо жүргүзгөн укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкерлерине, эгерде алардын кызматтан бошогонуна бир жыл боло элек болсо;
6) ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө саналган документтерди бербеген жарандарга.
Лицензия лицензиар тарабынан арыз берилген күндөн тартып бир айдын ичинде үч жылга берилет жана ал мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн негиз болуп эсептелет. Лицензия берилип жатканда, анын тартиби жана төлөө суммасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Лицензиар лицензия берүүдөн баш тарткан учурда, арыз жиберген жаранга (жекече детективдик ишкананын уюштуруучусуна) баш тартуунун себебин жазуу жүзүндө маалымдоого милдеттүү. Бул чечимге же арызды кароо мөөнөтүнүн кечеңдешине карата сотко арызданууга болот. Жекече детектив катары иштөөгө лицензия алган жаранга лицензиар тарабынан анын ким экендигин күбөлөндүргөн белгиленген үлгүдөгү документ берилет.".
7. 11-статья күчүн жоготту деп табылсын.
8. 12-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын;
"Лицензиясы жок жекече детективдик ишмердикти ишке ашырууда лицензиянын номери жана берилген күнү келишимде көрсөтүлбөйт.".
9. 13-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-статья. Жекече детективдик ишмердигине берилген лицензиянын мөөнөтүн узартуу жана жокко чыгаруу
Иши атайын каражаттарды сатып алуу, сактоо, алып жүрүү жана колдонуу менен байланышкан жекече детективдер (жекече детективдик ишканалар) өз убагында лицензиянын мөөнөтүн узартып, ошондой эле лицензиардын талабы боюнча жекече детективдик ишмердик жөнүндө укуктук актылар менен белгиленген жоболордун сакталышын контролго алуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды ага берүүсү керек. Арыз берүүчүнүн өтүнүчү боюнча лицензия мөөнөтү бүтөөрүнө бир ай калганга чейин бир ай мурда беш жылга узартылат. Лицензиар, төмөнкү учурларда аны жокко чыгарууга укуктуу:
1) жекече детектив (жекече детективдик ишкана) тарабынан жекече детективдердин жана жекече детективдик ишканалардын иштеринин, ошону менен бирге атайын каражаттардын жүгүртүү эрежелеринин укуктук негизин түзүүчү ушул Мыйзамда каралган талаптар, башка мыйзамдардын жоболору жана Кыргыз Республикасынын башка укуктук актылары бузулган же аткарылбаган учурда;
2) салыктык жана башка финансылык милдеттемелерди аткарбаганда.
Лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууда, эгерде жекече детективге кылмыш кылгандыгы тууралуу айып коюлган учурдан тышкары, лицензиар тарабынан анын ээсине алдын-ала кат аркылуу эскертүү берилиши зарыл. Эскертүүдө кайсы укуктук нормалар жана эрежелер бузулганы же тиешелүү түрдө аткарылбаганы так көрсөтүлөт жана анда кетирилген эреже бузууларды жоюу үчүн мөөнөт аныкталат. Лицензияны жокко чыгаруу жекече иликтөө ишмердигинин токтотулушу үчүн негиз болуп эсептелет жана чечимге карата сотко даттануу болушу мүмкүн. Жекече детективдик ишмердигинде лицензияны жокко чыгаруу жекече детективдин андан ыктыярдуу баш тарткан же ишкана жоюлган учурларда болушу мүмкүн. Сот тарабынан лицензияны жокко чыгаруунун мыйзамдуулугу аныкталганда аны кайра алууга кайрылуу, соттун чечим чыккандан үч жыл өткөндөн кийин болушу мүмкүн.".
10. 14-статьяда:
- 2-бөлүктүн биринчи сүйлөмү алып салынсын;
- 4, 6, 7-бөлүктөр күчүн жоготту деп табылсын;
- 5-бөлүктөгү ", ошондой эле ушул статьянын төртүнчү бөлүгүндө саналып өткөн" деген сөздөр "ушул Мыйзамдын 3-статьясынын 3-бөлүгүндө саналып өткөн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 14-1-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"14-1-статья. Жекече күзөт ишканаларынын ишмердигин лицензиялоо
Иши атайын каражаттарды жана куралдарды сатып алуу, эсепке алуу, сактоо, алып жүрүү жана колдонуу менен байланышкан жекече күзөт ишканалары ишмердиктин бул түрүнө ушул Мыйзамдын жана лицензиялоо жөнүндө мыйзамдын талаптарына ылайык лицензия алууга милдеттүү. Күзөт кызматын көрсөтүү максатында түзүлгөн ишканаларга лицензия алууга лицензиарга төмөнкүлөрдү берет:
- арыз;
- уюштуруу документтери;
- күзөт кызматынын түрлөрү саналган жана түзүлгөн күзөт ишканаларынын ишмердигинин аймагы көрсөтүлгөн кыскача кат;
- кызматкерлердин болжолдуу саны, техникалык жана башка каражаттарды, атайын каражаттарды, куралдарды колдонуу ниети жана аларга болгон зарылчылык жөнүндөгү маалыматтар;
- персоналдын Кыргыз Республикасынын жараны экендигин күбөлөндүргөн документтери, персоналдын күзөтчү катары иштөө үчүн атайын даярдыктан өтүшү, же болбосо ички иштер органдарында же улуттук коопсуздук органдарында үч жылдан кем эмес иш стажысынын болушу.
Ишкананын жетекчисине коюлуучу милдеттүү талап болуп жогорку билимдин болушу саналат. Зарыл учурда лицензиар күзөт ишмердигине лицензия берүү жөнүндөгү чечимди кабыл алуу үчүн керек болгон, берилген документтерде баяндалган маалыматтардын тууралыгын тактоого укуктуу. Берүүдөн баш тартуу, жарактуулук мөөнөтүн узартуу, ишкананын лицензиясын жокко чыгаруу, кардарлар менен келишим түзүү жана лицензиардын чечимине даттануу жекече детективдик ишканалардын бирикмелери үчүн белгиленген тартипте ишке ашырылат. Күзөт ишмердигине ушул Мыйзамдын 10-статьясында белгиленген чектөөлөр жайылтылат. Күзөтчүлөргө иликтөө ыкмасын колдонууга тыюу салынат. Кайтарылуучу менчикке мыйзамга каршы аракет кылган адам, укук бузган жерде күзөтчү тарабынан кармалат жана токтоосуз ички иштер органдарына берилиши керек".
12. 14-2-статьянын 2-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "21 жашка чыга электер" деген сөздөр "он сегиз жашка чыккандар, эгерде жекече күзөтчүнүн ишмердиги атайын каражаттарды жана куралды сактоо, алып жүрүү жана колдонуу менен байланыштуу болсо - жыйырма бир жашка чыккандар;" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 15-1-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
14. 15-2-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлигинин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылган ченемдик актыларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" сөздөрү менен алмаштырылсын.
15. 16-статьяда:
- 1-бөлүгүндөгү "лицензияларда берилген укуктардын чегинде" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Бул Мыйзам күчүнө киргенден тартып, ушул Мыйзамда алып салынган, ишмердиктин түрүнө берилген лицензиялар жана уруксаттар юридикалык күчүн жоготот, ал эми ишмердүүлүктүн ушул түрлөрү боюнча лицензия жана уруксат алуу үчүн кароого түшкөн документтер арыз берүүчүгө кайра кайтарылат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн укуктук ченемдик актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана ушул Мыйзамды ишке ашырууну баштоо үчүн толук чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү"
Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору жөнүндө
МААЛЫМАТ-ТҮШҮНДҮРМӨ
Ишкердик иш-аракеттерди жөнгө салуучу укуктук негиздерди жакшыртуу максатында, жана ошондой эле ведомстволор аралык комиссиянын ишкердик иш-аракеттерди жөнгө салуунун укуктук негиздерин жакшыртууну ишке ашыруу боюнча сунуштарын аткаруу үчүн, ишкердик иш-аракетти жөнгө салуунун укуктук нормативдеринин негизин кайра карап чыгуунун жана жакшыртуунун негиздери болуп, ишкердик иш-аракетке кийлигишпөө, анын ичинен токтоп иштебей калуусуна жол бербөө. Кээ бир түшүнүксүз учурларда мыйзамда көрсөтүлгөн жоболорду колдонуп, ага кызыккан бардык бизнес-коомчулуктардын өкүлдөрүн милдеттүү түрдө катыштыруу менен талаш маселелерди чечүү каралган. Ишкердик иш-аракетти жөнгө салуунун укуктук нормативдик негиздерин жакшыртуунун бардык этаптарына, министрлик Мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Убакыттын өтүшү менен ишкердик экономикалык субъектилердин эң маанилүү тармагы болуп калды. Ал коомдук байланыштардын бардыгын өзүнө камтыйт, калктын дагы негизги кирешеси ишкердик менен алектенүүдөн алынат. Ушуга байланыштуу ишкерлерди колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Ишкердик иш-аракеттерди жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын максаты болуп, бир жагынан ашыкча милдеттүү талаптардан жана аларды башкаруудан баш тартуу, экинчи жагынан мамлекеттин таасирин зарыл болгон чөйрөлөрдө жогорулатуу саналат. Мындай чөйрөлөрдүн бири болуп лицензиялык уруксат берүү тутуму саналат. Ал төмөндөгүдөй:
- ишкердиктин аныкталган түрү менен иш алып барган ишкерлердин укугун расмий таануу.
- мамлекеттин коопсуздугун, мамлекеттик монополияны ишке ашыруу, тартипти камсыздоо, айлана чөйрөнү, менчикти жана жарандардын ден-соолугун коргоо максатында көзөмөлдөөнү жүргүзөт.
2001-жылдан баштап, бул багыттагы иштер жарандык секторду, бизнес коомчулугунун өкүлдөрүн, эл аралык уюмдар - донорлорду катыштыруу менен иштер аткарыла баштады. Бирок мамлекеттик иш-аракеттердин тутумдуулугунун жана кезектешүүсүнүн жоктугунан жетишилген жыйынтыктар жокко чыгарылган. Мамлекеттик органдар (лицензия берүүчү) мекеменин кызыкчылыгын сүрөмөлөө аркылуу, ишмердүүлүктүн түрүнүн тизмесин кеңейтишкен. Аларды ишке ашыруу үчүн уруксат берүүчү документтерди алуу керек болгон. Ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүүгө уруксат берүүчү документтерди берүү практикасы көрсөткөндөй, Кыргызстандагы уруксат берүү тутуму татаал келип, экономикалык жактан натыйжасыз жана бизнес жүргүзүүдө чоң маселелерди жаратат. Ишкерлердин экономикалык иш-аракетине милдеттүү талаптардан баш тартуу максатында жана Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 15-апрелинде күчүнө кирген "Ишкердик иш-аракеттерди жөнгө салуунун укуктук нормативдик негиздерин жакшыртуу жөнүндөгү" Мыйзамын ишке ашыруу үчүн, 2009-жылдан баштап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттин уруксат берүү тутумун реформалап баштаган. Ишкердик иш-аракеттерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү укуктук нормативдик актыларды кайра карап чыгуу, ведомстволор аралык комиссия тарабынан жүргүзүлгөн. Ишкердик иш-аракеттерди жөнгө салуунун укуктук нормативдик негиздерин жакшыртууну өткөрүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 281-р буйругу менен 2008-жылдын 13-июнунда түзүлүп, чогулуштарында берилген уруксат документтердин максаттуу же максатсыз экенин чечим аркылуу кабыл алышат. 2009-2010-жылдарда Ведомстволор аралык комиссия (ВАК) тарабынан 20 отурум өткөрүлүп, анда 500 ашык уруксат документтер, лицензиялар каралган. Ведомстволор аралык комиссиянын бардык отурумдары жана чечимдери протоколдук тапшырма ирээтинде берилген. КР экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги тарабынан дайыма жүргүзүлгөн каттоолор көрсөткөндөй, ВАКтын чечимдери толук аткарылган эмес. Азыркы учурда дагы кээ бир гана мамлекеттик органдар ВАКтын талабын аткарышкан. 2011-жылдын март айында ишкердик иш-аракеттерди жөнгө салуу тутумун реформалоо боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн, анын негизги максаты болуп, ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу укуктук нормативдик негиздерди базар экономикасынын шарттарына жараша сунуштарды киргизүү эсептелет. Бул Ведомстволор аралык комиссия КР Өкмөтүнүн 2008-жылы 13-июндагы № 281-р буйругу менен түзүлгөн, ишкердик иш-аракеттерди жөнгө салуунун укуктук нормативдик негиздерин жакшыртууну өткөрүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын укуктук мураскору болуп саналат. Бул комиссия уруксат берүүчү чөйрөдөгү жакшыртуу процессин аягына чыгарышы керек. Ишмердүүлүктүн түрүнүн саны, иштеп жаткан лицензиялоо жөнүндөгү мыйзамга дал келбейт. Комиссия иштеп жаткан эки жылдан ашык убакыт аралыгында, мыйзамдар кайра каралбай жана тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилбей, Ведомстволор аралык комиссиянын сунуштары эске алынган эмес. Азыркы мезгилге чейин мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдары тарабынан, комиссия тарабынан артка кайтарылган лицензиялар жана уруксат документтер берилип жатат. Бүгүнкү күнгө чейин Ведомстволор аралык комиссиянын көпчүлүк чечимдери аткарылбай келет. Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда мамлекеттик бюджеттен кошумча каражаттар талап кылынбайт. Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыктуу. Мыйзам колдонулушунан мүмкүн болуучу гендердик, коррупциялык, экологиялык, укуктук, укук коргоочулук жана социалдык айрым кесепеттерди жаратпайт. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, ишкердик иш-аракеттерди жөнгө салуунун мамлекеттик тутумун реформалоо чараларын иштеп чыгуу максатында, уруксат берүүчү чөйрөдө мамлекеттик саясатты өрчүтүү жана КР экономика жана монополияга каршы саясат министрлигин өнүктүрүү жөнүндөгү мыйзамын ишке ашыруу максатында "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун иштеп чыгып, талкууга койду. Аталган мыйзам долбоору коомдук талкуу үчүн КР экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылган (www.mert.kg).
Министр
Т.Сариев
"Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун
САЛЫШТЫРМАЛУУ ТИЗМЕГИ (ТАБЛИЦА)
| Иш аракеттеги редакция | Сунушталган өзгөртүүлөр |
|---|---|
| Кыргыз Республикасынын "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 1998-ж., № 9, ст. 322) кийинки өзгөртүү киргизилсин: | |
| 18-статья. Автомобиль жолдорун пайдалануунун жана сактоонун тартиби [Иш башталганга чейин уюмдар тиешелүү жол органдарынан жумушту аткаруунун жооптуу кишилери технологиялары жана мөөнөттөрү көрсөтүлгөн ордерди алууга жана Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын органдары менен макулдашууга милдеттүү.] | 18-статья. Автомобиль жолдорун пайдалануунун жана сактоонун тартиби 18-СТАТЬЯНЫН ТОГУЗУНЧУ БӨЛҮГҮ КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. |
| Кыргыз Республикасынын "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 2003-г., № 8, ст. 322) кийинки өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: | |
| 4-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр Дарыкана мекемеси - саламаттык сактоо мекемелеринин дарыкана кампалары, дарыканалары, дарыкана пункттары, дарыкана киосктору, [ошондой эле медицина техникасынын кампалары, медицина техникасынын жана көз айнек оптикасынын дүкөндөрү.] Дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу - дары-дармек каражаттарынын адамдын ден соолугуна зыян келтирүү тобокелинин деңгээлинин мүнөздөмөсү жана анын организмине терс таасирин тийгизүүсү. Биожетимдүүлүк - дары-дармек каражаттарынын тутумдук кан айлануусуна жетүүсүнүн (соруу деңгээлинин) жана бул процесстин өтүүсүнүн (соруунун ылдамдыгынын) салыштырмалуу саны. Биологиялык активдүү тамак-аш кошулмалары - курамында витаминдерди, минералдык жана башка заттарды камтыган, ден соолукту сактоого жана оорулардын алдын алууга көмөктөшүүчү табигый азыктар. Биоэквиваленттүүлүк - генерикалык жана оригиналдуу дары-дармектердин бирдей биологиялык жетимдүүлүгү. Генерикалык дары-дармек препараты - активдүү заттын патенттик корголуусунун мөөнөтү бүткөндөн кийин колдонууга келип түшкөн, оригиналдуу дары-дармек каражатындай эле дозадагы таасир берүүчү затты жана дарылоочу форманы камтыган жана ошондой эле таасирге ээ кайра жасалган дары-дармек каражаттары. Генерикалык аталыш - колдонулушуна карата эч ким ээлик кыла албаган, эч кандай чектөө коюлбай коомдук менчик катары пайдалануу үчүн арналган активдүү затка Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БСУ) берген эл аралык патенттик эмес аталыш (ЭПА). Гомеопатиялык дары-дармек каражаттары - эреже катары, атайын технология боюнча өндүрүлүүчү жана ар кандай дары түрүндө колдонуу үчүн арналган активдүү кошулмалардын микродозасын камтыган бир же көп компоненттүү препараттар. Мамлекеттик фармакопея - фармакопеялык статьялар жыйнагы. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик фармакопеясы түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын аймагында СССРдин Мамлекеттик фармакопеясынын IX, X, XI басылыштары, Эл аралык фармакопея, АКШнын (USP) жана Германиянын фармакопеялары (ДАВ), Европа фармакопеясы (ЕР), (Британия фармакопеясы (ВР) колдонулат. Дары-дармек каражаттарынын мамлекеттик реестри - такталган жана медициналык практикада колдонууга уруксат берилген дары-дармек каражаттарынын тизмесин камтыган расмий документ. Дары-дармек каражаттарын даярдоо - Кыргыз Республикасында каттоодон өткөн дары-дармек каражаттарынын негизинде врачтардын рецептери боюнча дарыкана мекемелеринде дары-дармек каражаттарын даярдоо. Дары-дармек каражаттарын пайдалануу - дары-дармек каражатын керектөөчүгө жеткирүүгө багытталган иш-чаралардын комплекси. Дары-дармек каражаттарынын сапаты - ченемдик документтер белгилеген талаптарга жооп берүүчү жана өзүнүн колдонулушуна ылайык дары-дармек каражатына керектөөчүлөрдүн канааттандыруу жөндөмдүүлүгүн берүүчү касиеттердин жыйындысы. Дары-дармек каражаттарын клиникалык сыноо - алардын фармакодинамикасын жана фармакокинетикасын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун, биоэквиваленттүүлүгүн жана биожетимдүүлүгүн өздөштүрүү максатында адамга (пациенттерге жана ыктыярдууларга) дары-дармек каражаттарын колдонуп изилдөө. Дары-дармек препараттары - пайдаланууга даяр дозировкаланган дарылоо каражаттары. [Дары-дармек каражаттары - кандан жана анын компоненттеринен, ошондой эле адамдын же жаныбарлардын органдарынан, ткандарынан, өсүмдүктөрдөн, минералдардан синтез усулу же биологиялык технологияларды колдонуу менен алынган оорунун алдын алуу, диагноздоо, дарылоо, кош бойлуулукту болтурбоо үчүн колдонулуучу заттар, заттардын аралашмасы. Дары-дармек каражаттарына субстанциялар өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан же синтетикалык жол менен алынып, фармакологиялык активдүүлүккө ээ болгон жана дары-дармек каражаттарын өндүрүү менен даярдоого арналган кошумча материалдар да кирет; дары-дармек каражаттарына, ошондой эле биологиялык активдүү тамак-аш кошулмалары, гомеопатиялык дары-дармек каражаттары, диагностика, коррекция, реабилитация, дене функциясы жана абалдын өзгөрүшү, ооруну дарылоо жана профилактика үчүн пайдалануучу медицина буюмдары жана бейтапты дарылоодо колдонулуучу химиялык реактивдер, реагенттер, рентген контрасттуу заттар жана тест түзүмдөрү кирет.] Дары-дармек формасы - дары-дармек каражаттарына берилүүчү иш жүзүндө колдонуу үчүн ыңгайлуу форма. Медициналык иммунобиологиялык препараттар - иммунологиялык алдын алуу менен иммунологиялык терапия, инфекциялык жана инфекциялык эмес ооруларды, аллергиялык абалдарды диагностикалоо үчүн арналган дары-дармек каражаттары. Медициналык иммунобиологиялык препараттарга вакциналар, анатоксиндер, бактериофагдар, эубиотиктер, иммуноглобулиндер, кан суулар, диагноздук препараттар, аллергендер, азыктандыруучу чөйрөлөр кирет. Баңги дары-дармек каражаттары - 1961-жылдагы Баңги каражаттар жөнүндө бирдиктүү конвенцияга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана жаңыртылган баңги каражаттардын тизмесине киргизилген, психикалык жана дене-бой көз карандылыгына алып келүүчү дары-дармек каражаттары. Сапаты начар дары-дармек каражаттары - ченемдик документ менен белгиленген талаптарга ылайык келбөөнүн кесепетинен пайдаланууга жараксыз болгон дары-дармек каражаттары. Ченемдик документ - дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү иштин ар кандай түрлөрүнө тиешелүү стандарттарды, эрежелерди, ченемдерди, нускамаларды, техникалык шарттарды, технологиялык регламенттерди, мүнөздөмөлөрдү белгилөөчү документ. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү - дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуу, клиникага чейинки жана клиникалык изилдөөлөр, өндүрүү, даярдоо, сактоо, таңгактоо, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү, Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып кетүү, ары-бери ташуу, мамлекеттик каттоо, стандартташтыруу жана сапатын контролдоо, сатуу, маркировкалоо, жарнамалоо, дары-дармек каражаттарын колдонуу, жараксыз абалга келген дары-дармек каражаттарын же жарактуулугунун мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек каражаттарын жок кылуу жана дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү башка иш-аракеттер кирген иштин жалпыланган түшүнүгү. Негизги (турмуштук маанилүү) дары-дармек каражаттары - кайсы гана учурда болбосун жетиштүү санда жана тиешелүү дары түрүндө колдо болууга тийиш болгон, калктын ден соолугун сактоо муктаждыгын канааттандыруучу дары-дармек каражаттары. Патенттелген дары-дармек каражаттары - өндүрүү жана сатуу Кыргыз Республикасынын патент мыйзамдары менен корголгон дары-дармек каражаттары. Дары-дармек каражаттарынын кошумча реакциясы - физиологиялык функцияларды өзгөртүү үчүн же оорунун алдын алуу, профилактика жана диагностика үчүн дары-дармектерди дозаларда колдонууга киргизүүдө байкалуучу атайылап жасалбаган бирок зыяндуу аракеттер. Дары-дармек ылайыктуулугун тастыктоо - дары-дармек каражаттарынын ылайыктуулугун сертификатташтыруу жана декларациялоо формасында ишке ашырылган, коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында дары-дармек каражаттарынын ылайыктуулугун тастыктоочу процедура. Дары-дармек каражаттарын колдонуу - медициналык көрсөткүчтөргө, нускамаларга жана врачтын дайындоосуна ылайык оорулууга дары-дармек каражаттарын берүүнүн жолдору жана ыкмалары. Дары-дармек каражаттарын өндүрүү - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген дары-дармек каражаттарын чыгарууну жана контролдоону уюштуруунун эрежелерине ылайык дары-дармек каражаттарын сериялык алуу. Психотроптук заттар - 1971-жылдагы Психотроптук заттар жөнүндө конвенцияга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана жаңыртылуучу тизмеге киргизилген, адамдын психикалык ишмердүүлүгүнө, эмоционалдык абалына жана жүрүм-турумуна таасир көрсөтүүчү заттар. Ылайык келүү сертификаты - сертификацияланган продукциянын белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн тастыктоо үчүн сертификациялоо тутумунун эрежелери боюнча берилген документ. Дары-дармек каражаттарынын жарактуулугунун мөөнөтү - ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык бир мезгилдин ичинде сактоонун шарттарын бузбастан дары-дармек каражаттарын колдонууда анын коопсуздугуна, натыйжалуулугуна жана тиешелүү сапатына кепилдик берүүнү белгилеген убакыт. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү субъекттери лицензиянын негизинде дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык, анын ичинде чет элдик жактар. Жасалма дары-дармек каражаты - өзүнүн аныктыгына жана/же жасалган булагына карата атайын жана алдамчылык түрдө жалган маркаланган фармацевтик продукт. Жасалмалык фирмалык (соодалык аталышка) да, генерикалык дары-дармек препараттарына тийиштүү болушу мүмкүн. Жасалмалыкка талаптагыдай ингредиенттери бар продукт же ингредиенттери туура эмес, активдүү ингредиенттери жок, активдүү ингредиенттеринин саны жетишсиз же жасалма таңгак да кириши мүмкүн. Фармакодинамика - дары-дармек затынын таасиринин натыйжаларынын жыйындысы, ошондой эле анын таасир этүү механизмдери. Фармакокинетика - дары-дармек заттарынын организмге кирүүсүнүн, бөлүнүүсүнүн жана метаболизминин жолдору, ошондой эле алардын бөлүнүп чыгуусу. Фармакопеялык статья - дары-дармек каражатынын көрсөткүчтөрү менен сапатын контролдоо усулдарынын тизмесин камтыган мамлекеттик ченемдик документ. [Фармацевтик иш-аракет - медициналык багыттагы дары-дармек каражаттарын жана буюмдарын өндүрүү, даярдоо, алуу, сактоо, жөнөтүү, кое берүү, сатып өткөрүү, дары-дармек заттарын кайра иштетүү.] Дары-дармек каражаттарынын натыйжалуулугу - дары-дармек каражаттарынын оорунун өтүшүнө тийгизген оң таасиринин деңгээлинин мүнөздөмөсү. | 4-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр Дарыкана мекемеси - саламаттык сактоо мекемелеринин дарыкана кампалары, дарыканалары, дарыкана пункттары, дарыкана киосктору. Дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу - дары-дармек каражаттарынын адамдын ден соолугуна зыян келтирүү тобокелинин деңгээлинин мүнөздөмөсү жана анын организмине терс таасирин тийгизүүсү. Биожетимдүүлүк - дары-дармек каражаттарынын тутумдук кан айлануусуна жетүүсүнүн (соруу деңгээлинин) жана бул процесстин өтүүсүнүн (соруунун ылдамдыгынын) салыштырмалуу саны. Биологиялык активдүү тамак-аш кошулмалары - курамында витаминдерди, минералдык жана башка заттарды камтыган, ден соолукту сактоого жана оорулардын алдын алууга көмөктөшүүчү табигый азыктар. Биоэквиваленттүүлүк - генерикалык жана оригиналдуу дары-дармектердин бирдей биологиялык жетимдүүлүгү. Генерикалык дары-дармек препараты - активдүү заттын патенттик корголуусунун мөөнөтү бүткөндөн кийин колдонууга келип түшкөн, оригиналдуу дары-дармек каражатындай эле дозадагы таасир берүүчү затты жана дарылоочу форманы камтыган жана ошондой эле таасирге ээ кайра жасалган дары-дармек каражаттары. Генерикалык аталыш - колдонулушуна карата эч ким ээлик кыла албаган, эч кандай чектөө коюлбай коомдук менчик катары пайдалануу үчүн арналган активдүү затка Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БСУ) берген эл аралык патенттик эмес аталыш (ЭПА). Гомеопатиялык дары-дармек каражаттары - эреже катары, атайын технология боюнча өндүрүлүүчү жана ар кандай дары түрүндө колдонуу үчүн арналган активдүү кошулмалардын микродозасын камтыган бир же көп компоненттүү препараттар. Мамлекеттик фармакопея - фармакопеялык статьялар жыйнагы. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик фармакопеясы түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын аймагында СССРдин Мамлекеттик фармакопеясынын IX, X, XI басылыштары, Эл аралык фармакопея, АКШнын (USP) жана Германиянын фармакопеялары (ДАВ), Европа фармакопеясы (ЕР), (Британия фармакопеясы (ВР) колдонулат. Дары-дармек каражаттарынын мамлекеттик реестри - такталган жана медициналык практикада колдонууга уруксат берилген дары-дармек каражаттарынын тизмесин камтыган расмий документ. Дары-дармек каражаттарын даярдоо - Кыргыз Республикасында каттоодон өткөн дары-дармек каражаттарынын негизинде врачтардын рецептери боюнча дарыкана мекемелеринде дары-дармек каражаттарын даярдоо. Дары-дармек каражаттарын пайдалануу - дары-дармек каражатын керектөөчүгө жеткирүүгө багытталган иш-чаралардын комплекси. Дары-дармек каражаттарынын сапаты - ченемдик документтер белгилеген талаптарга жооп берүүчү жана өзүнүн колдонулушуна ылайык дары-дармек каражатына керектөөчүлөрдүн канааттандыруу жөндөмдүүлүгүн берүүчү касиеттердин жыйындысы. Дары-дармек каражаттарын клиникалык сыноо - алардын фармакодинамикасын жана фармакокинетикасын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун, биоэквиваленттүүлүгүн жана биожетимдүүлүгүн өздөштүрүү максатында адамга (пациенттерге жана ыктыярдууларга) дары-дармек каражаттарын колдонуп изилдөө. Дары-дармек препараттары - пайдаланууга даяр дозировкаланган дарылоо каражаттары. ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫ - КАНДАН ЖАНА АНЫН КОМПОНЕНТТЕРИНЕН КОШ БОЙЛУУЛУКТУ БОЛТУРБОО, ДИАГНОЗДОО, ДАРЫЛОО ҮЧҮН КОЛДОНУЛУУЧУ ЗАТТАР, ЗАТТАРДЫН АРАЛАШМАСЫ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ АДАМДЫН ЖЕ ЖАНЫБАРЛАРДЫН ОРГАНДАРЫНАН, ТКАНДАРЫНАН, ӨСҮМДҮКТӨРДӨН, МИНЕРАЛДАРДАН СИНТЕЗ УСУЛУ ЖЕ БИОЛОГИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУ МЕНЕН АЛЫНГАН ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ. ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫНА СУБСТАНЦИЯЛАР ӨСҮМДҮКТӨРДӨН, ЖАНЫБАРЛАРДАН ЖЕ СИНТЕТИКАЛЫК ЖОЛ МЕНЕН АЛЫНЫП, ФАРМАКОЛОГИЯЛЫК АКТИВДҮҮЛҮККӨ ЭЭ БОЛГОН ЖАНА ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫН ӨНДҮРҮҮ МЕНЕН ДАЯРДООГО АРНАЛГАН КОШУМЧА МАТЕРИАЛДАР ДА КИРЕТ. Дары-дармек формасы - дары-дармек каражаттарына берилүүчү иш жүзүндө колдонуу үчүн ыңгайлуу форма. Медициналык иммунобиологиялык препараттар - иммунологиялык алдын алуу менен иммунологиялык терапия, инфекциялык жана инфекциялык эмес ооруларды, аллергиялык абалдарды диагностикалоо үчүн арналган дары-дармек каражаттары. Медициналык иммунобиологиялык препараттарга вакциналар, анатоксиндер, бактериофагдар, эубиотиктер, иммуноглобулиндер, кан суулар, диагноздук препараттар, аллергендер, азыктандыруучу чөйрөлөр кирет. Баңги дары-дармек каражаттары - 1961-жылдагы Баңги каражаттар жөнүндө бирдиктүү конвенцияга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана жаңыртылган баңги каражаттардын тизмесине киргизилген, психикалык жана дене-бой көз карандылыгына алып келүүчү дары-дармек каражаттары. Сапаты начар дары-дармек каражаттары - ченемдик документ менен белгиленген талаптарга ылайык келбөөнүн кесепетинен пайдаланууга жараксыз болгон дары-дармек каражаттары. Ченемдик документ - дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү иштин ар кандай түрлөрүнө тиешелүү стандарттарды, эрежелерди, ченемдерди, нускамаларды, техникалык шарттарды, технологиялык регламенттерди, мүнөздөмөлөрдү белгилөөчү документ. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү - дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуу, клиникага чейинки жана клиникалык изилдөөлөр, өндүрүү, даярдоо, сактоо, таңгактоо, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү, Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып кетүү, ары-бери ташуу, мамлекеттик каттоо, стандартташтыруу жана сапатын контролдоо, сатуу, маркировкалоо, жарнамалоо, дары-дармек каражаттарын колдонуу, жараксыз абалга келген дары-дармек каражаттарын же жарактуулугунун мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек каражаттарын жок кылуу жана дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү башка иш-аракеттер кирген иштин жалпыланган түшүнүгү. Негизги (турмуштук маанилүү) дары-дармек каражаттары - кайсы гана учурда болбосун жетиштүү санда жана тиешелүү дары түрүндө колдо болууга тийиш болгон, калктын ден соолугун сактоо муктаждыгын канааттандыруучу дары-дармек каражаттары. Патенттелген дары-дармек каражаттары - өндүрүү жана сатуу Кыргыз Республикасынын патент мыйзамдары менен корголгон дары-дармек каражаттары. Дары-дармек каражаттарынын кошумча реакциясы - физиологиялык функцияларды өзгөртүү үчүн же оорунун алдын алуу, профилактика жана диагностика үчүн дары-дармектерди дозаларда колдонууга киргизүүдө байкалуучу атайылап жасалбаган бирок зыяндуу аракеттер. Дары-дармек ылайыктуулугун тастыктоо - дары-дармек каражаттарынын ылайыктуулугун сертификатташтыруу жана декларациялоо формасында ишке ашырылган, коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында дары-дармек каражаттарынын ылайыктуулугун тастыктоочу процедура. Дары-дармек каражаттарын колдонуу - медициналык көрсөткүчтөргө, нускамаларга жана врачтын дайындоосуна ылайык оорулууга дары-дармек каражаттарын берүүнүн жолдору жана ыкмалары. Дары-дармек каражаттарын өндүрүү - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген дары-дармек каражаттарын чыгарууну жана контролдоону уюштуруунун эрежелерине ылайык дары-дармек каражаттарын сериялык алуу. Психотроптук заттар - 1971-жылдагы Психотроптук заттар жөнүндө конвенцияга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана жаңыртылуучу тизмеге киргизилген, адамдын психикалык ишмердүүлүгүнө, эмоционалдык абалына жана жүрүм-турумуна таасир көрсөтүүчү заттар. Ылайык келүү сертификаты - сертификацияланган продукциянын белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн тастыктоо үчүн сертификациялоо тутумунун эрежелери боюнча берилген документ. Дары-дармек каражаттарынын жарактуулугунун мөөнөтү - ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык бир мезгилдин ичинде сактоонун шарттарын бузбастан дары-дармек каражаттарын колдонууда анын коопсуздугуна, натыйжалуулугуна жана тиешелүү сапатына кепилдик берүүнү белгилеген убакыт. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү субъекттери лицензиянын негизинде дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык, анын ичинде чет элдик жактар. Жасалма дары-дармек каражаты - өзүнүн аныктыгына жана/же жасалган булагына карата атайын жана алдамчылык түрдө жалган маркаланган фармацевтик продукт. Жасалмалык фирмалык (соодалык аталышка) да, генерикалык дары-дармек препараттарына тийиштүү болушу мүмкүн. Жасалмалыкка талаптагыдай ингредиенттери бар продукт же ингредиенттери туура эмес, активдүү ингредиенттери жок, активдүү ингредиенттеринин саны жетишсиз же жасалма таңгак да кириши мүмкүн. Фармакодинамика - дары-дармек затынын таасиринин натыйжаларынын жыйындысы, ошондой эле анын таасир этүү механизмдери. Фармакокинетика - дары-дармек заттарынын организмге кирүүсүнүн, бөлүнүүсүнүн жана метаболизминин жолдору, ошондой эле алардын бөлүнүп чыгуусу. Фармакопеялык статья - дары-дармек каражатынын көрсөткүчтөрү менен сапатын контролдоо усулдарынын тизмесин камтыган мамлекеттик ченемдик документ. ФАРМАЦЕВТИК ИШ-АРАКЕТ - МЕДИЦИНАЛЫК БАГЫТТАГЫ ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫН ЖАНА БУЮМДАРЫН ДАЯРДОО, САТЫП ӨТКӨРҮҮ. Дары-дармек каражаттарынын натыйжалуулугу - дары-дармек каражаттарынын оорунун өтүшүнө тийгизген оң таасиринин деңгээлинин мүнөздөмөсү. СТАТЬЯ 40-АБЗАЦ МЕНЕН ТӨМӨНКҮ МАЗМУНДА ТОЛУКТАЛСЫН: Дары-дармек каражаттарын дүң саткан ишканалар - мыйзам талаптарына ылайык дары-дармек каражаттарын дүң саткан мекемелер. |
| 6-статья. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө пайда болуучу мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө пайда болуучу мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө пайда болуучу мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу төмөндөгүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат: - дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо; [- дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоо;] - дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө иштеген адистерди аттестациялоо жана сертификациялоо; - дары-дармек каражаттарын [өндүрүүнү,] даярдоону, алардын сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун мамлекеттик контролдоо. | 6-статья. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө пайда болуучу мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө пайда болуучу мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө пайда болуучу мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу төмөндөгүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат: - дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо; - ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫН ДАЯРДОО ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ИШТИ ЛИЦЕНЗИЯЛОО; - дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө иштеген адистерди аттестациялоо жана сертификациялоо; - дары-дармек каражаттарын даярдоону, алардын сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун мамлекеттик контролдоо. |
| 8-статья. Саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы: - дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнүн тартибин аныктаган ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгат жана бекитет жана алардын аткарылышы үчүн мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат; - фармацевтик ишти регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана бекитет; - жаңы дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуу жана илим-изилдөө иштерин координациялоону жүзөгө ашырат, фармацевтика илиминин жетишкендиктерин медициналык иш-тажрыйбада колдонууну киргизүүгө көмөктөшөт; - ассоциациянын адистери менен бирдикте дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө иштеген адистерди даярдоону жана кайра даярдоону, аттестациялоону жана сертификациялоону жүзөгө ашырат; - дары-дармек каражаттарынын белгиленген номенклатура боюнча керектелүүчү көлөмүн аныктайт; - баңги жана психотроптук дары-дармек каражаттарын колдонуунун көлөмүн аныктайт, алардын дарылоо-профилактикалык жана дарыкана мекемелеринде жүгүртүлүшүнө контролду уюштурат; Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген дары-дармек каражаттарынын сапаты, натыйжалуулугу, коопсуздугу үчүн мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат; - дары-дармек каражаттарын, [биологиялык активдүү тамак-аш кошулмаларын,] дарылоочу косметикалык жана гомеопатиялык дары-дармек каражаттарын, ошондой эле малдарды дарылоо үчүн колдонулуучу дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү жүзөгө ашырат; - жашоодо өтө маанилүү деп эсептелген дары-дармек каражаттарынын тизмесин аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө сунуштайт; [- дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү иш-аракетти лицензиялоону жүзөгө ашырат;] - Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармек каражаттарынын тууралыгын тастыктоо жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы республикалык бюджетте, гранттарда, кредиттерде каралган каражатка дары-дармек каражаттарын борборлоштуруп сатып алууну жүзөгө ашыруу укугуна ээ. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы дары-дармек каражаттарынын ченемдик документтердин талаптарына ылайык келбегендигин жана алардын адамдын ден соолугуна зыян келтире тургандыгын белгилеген учурларда дары-дармек каражаттарын даярдоону, ташып келүүнү жана сатып өткөрүүнү токтотуу жана тыюу салуу укугуна ээ. Дары-дармек каражаттарынын зыяндуу таасири байкалган жана алардын башка дары-дармек каражаттары менен өз ара аракеттеринин өзгөчөлүктөрү тууралу дары-дармек каражаттары колдонууга ылайык келбестиги жөнүндө маалымат түшкөн учурларда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы аталган дары-дармек каражаттарын колдонууну токтотуп коюу укугуна ээ. | 8-статья. Саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы: - дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнүн тартибин аныктаган ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгат жана бекитет жана алардын аткарылышы үчүн мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат; - фармацевтик ишти регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана бекитет; - жаңы дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуу жана илим-изилдөө иштерин координациялоону жүзөгө ашырат, фармацевтика илиминин жетишкендиктерин медициналык иш-тажрыйбада колдонууну киргизүүгө көмөктөшөт; - ассоциациянын адистери менен бирдикте дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө иштеген адистерди даярдоону жана кайра даярдоону, аттестациялоону жана сертификациялоону жүзөгө ашырат; - дары-дармек каражаттарынын белгиленген номенклатура боюнча керектелүүчү көлөмүн аныктайт; - баңги жана психотроптук дары-дармек каражаттарын колдонуунун көлөмүн аныктайт, алардын дарылоо-профилактикалык жана дарыкана мекемелеринде жүгүртүлүшүнө контролду уюштурат; Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген дары-дармек каражаттарынын сапаты, натыйжалуулугу, коопсуздугу үчүн мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат; - дары-дармек каражаттарын, дарылоочу косметикалык жана гомеопатиялык дары-дармек каражаттарын, ошондой эле малдарды дарылоо үчүн колдонулуучу дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү жүзөгө ашырат; - жашоодо өтө маанилүү деп эсептелген дары-дармек каражаттарынын тизмесин аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө сунуштайт; - ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫН ДАЯРДОО ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ИШТИ ЛИЦЕНЗИЯЛООНУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРАТ; - Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармек каражаттарынын тууралыгын тастыктоо жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы республикалык бюджетте, гранттарда, кредиттерде каралган каражатка дары-дармек каражаттарын борборлоштуруп сатып алууну жүзөгө ашыруу укугуна ээ. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы дары-дармек каражаттарынын ченемдик документтердин талаптарына ылайык келбегендигин жана алардын адамдын ден соолугуна зыян келтире тургандыгын белгилеген учурларда дары-дармек каражаттарын даярдоону, ташып келүүнү жана сатып өткөрүүнү токтотуу жана тыюу салуу укугуна ээ. Дары-дармек каражаттарынын зыяндуу таасири байкалган жана алардын башка дары-дармек каражаттары менен өз ара аракеттеринин өзгөчөлүктөрү тууралу дары-дармек каражаттары колдонууга ылайык келбестиги жөнүндө маалымат түшкөн учурларда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы аталган дары-дармек каражаттарын колдонууну токтотуп коюу укугуна ээ. |
| 9-статья. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү иш-аракетти лицензиялоо [Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү лицензиялоого: - дары-дармек каражаттарын өндүрүү жана даярдоо; - дарыкана мекемелеринин фармацевтик иш-аракеттери жатат.] [Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү] иш-аракетти лицензиялоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат. [Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү] иш-аракетти жүргүзүү укугуна лицензия беш жылдык мөөнөткө берилет. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнүн эрежесин бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы белгилүү болгон эреже бузуулар четтетилгенге чейин [дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү иш-аракетке карата лицензияны] чакыртып алуу жана жокко чыгаруу же лицензиянын колдонулушун токтотуу укугуна ээ. | 9-статья. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү иш-аракетти лицензиялоо 1-БӨЛҮК КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫН ДАЯРДОО ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ иш-аракетти лицензиялоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат. ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫН ДАЯРДОО ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ иш-аракетти жүргүзүү укугуна лицензия беш жылдык мөөнөткө берилет. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнүн эрежесин бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы белгилүү болгон эреже бузуулар четтетилгенге чейин чакыртып алуу жана жокко чыгаруу же лицензиянын колдонулушун токтотуу укугуна ээ. |
| 10-статья. Дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна контролдун мамлекеттик тутуму Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген, анын ичинде малдарды дарылоо үчүн колдонулуучу бардык дары-дармек каражаттары, мамлекет тарабынан контролго алынат. Дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруунун тартиби ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, анын ичинде компетенциясына дары-дармек каражаттарынын сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун мамлекеттик контролдоону камсыздоо кирген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органынын ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленет. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы дары-дармек каражаттарынын сапаты, натыйжалуулугу жана коопсуздугу үчүн мамлекеттик контролдоону: - дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна мамлекеттик контролду иштеп чыгуучу, изилдөөчү жана жүзөгө ашыруучу илим-изилдөө мекемелери, лабораториялар; - саламаттык сактоо мекемелеринин алдында иштеген этикалык кеңештер; - дары-дармек каражаттарын жүгүртүү субъекттерин зарыл маалыматтар менен камсыз кылуучу маалыматтык тутум аркылуу камсыз кылат. Дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна мамлекеттик контроль төмөндөгүдөй жолдор аркылуу жүзөгө ашырылат: - Кыргыз Республикасында чыгарылган жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна экспертизалар; - дары-дармек каражаттарын, биологиялык активдүү тамак-аш кошулмаларын, дарылоо-косметикалык жана гомеопатиялык дары-дармек каражаттарын, малдарды дарылоо үчүн колдонулуучу медициналык иммунобиологиялык препараттарды жана дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо; - дары-дармек каражаттарынын мамлекеттик реестрин түзүү; - медициналык колдонуу боюнча нускаманын жана кошумча барактын тексттин бекитүү; - фармакопеялык макалалардын тексттерин бекитүү; - мамлекеттик фармакопеяны түзүү жана басып чыгаруу; - врачтын рецепти боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттарынын тизмесин түзүү; - дары-дармек каражаттарын колдонуу, терс таасирлери жана өз ара аракеттенүүдөгү өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана жалпылоо; - дары-дармек каражаттарынын мамлекеттик стандарттык сапатын жана мамлекеттик маалымат стандартын иштеп чыгуу жана бекитүү; - дары-дармек каражаттарын клиникалык сыноолордон өткөрүүнүн эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү; - дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү уюштуруу жана сапатын контролдоо эрежелерин, дары-дармек каражаттарын даярдоонун эрежелерин, дары-дармек каражаттары менен дүңүнөн соода жүргүзүүнүн эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү; - дары-дармек каражаттарын өндүрүүнүн экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун экспертизалоолор; - лабораториялык иш-тажрыйба эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү; [- дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү лицензиялоодо ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү уюштуруу жөнүндө корутундуларды берүү;] - дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү уюштуруунун жана сапатын контролдоонун эрежелерин дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишканалардын аткаруусуна контроль жасоо; - Кыргыз Республикасынын аймагына жасалма, сапатсыз жана мыйзамсыз түрдө ташып келинген дары-дармек каражаттарын сатып өткөрүүгө тыюу салуу; - дары-дармек каражаттарынын жарнамаларын контролдоо; - фармацевтик иш-аракетке көзөмөл жүргүзүү; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка ыйгарым укуктар. | 10-статья. Дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна контролдун мамлекеттик тутуму Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген, анын ичинде малдарды дарылоо үчүн колдонулуучу бардык дары-дармек каражаттары, мамлекет тарабынан контролго алынат. Дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруунун тартиби ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, анын ичинде компетенциясына дары-дармек каражаттарынын сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун мамлекеттик контролдоону камсыздоо кирген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органынын ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленет. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы дары-дармек каражаттарынын сапаты, натыйжалуулугу жана коопсуздугу үчүн мамлекеттик контролдоону: - дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна мамлекеттик контролду иштеп чыгуучу, изилдөөчү жана жүзөгө ашыруучу илим-изилдөө мекемелери, лабораториялар; - саламаттык сактоо мекемелеринин алдында иштеген этикалык кеңештер; - дары-дармек каражаттарын жүгүртүү субъекттерин зарыл маалыматтар менен камсыз кылуучу маалыматтык тутум аркылуу камсыз кылат. Дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна мамлекеттик контроль төмөндөгүдөй жолдор аркылуу жүзөгө ашырылат: - Кыргыз Республикасында чыгарылган жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна экспертизалар; - дары-дармек каражаттарын, биологиялык активдүү тамак-аш кошулмаларын, дарылоо-косметикалык жана гомеопатиялык дары-дармек каражаттарын, малдарды дарылоо үчүн колдонулуучу медициналык иммунобиологиялык препараттарды жана дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо; - дары-дармек каражаттарынын мамлекеттик реестрин түзүү; - медициналык колдонуу боюнча нускаманын жана кошумча барактын тексттин бекитүү; - фармакопеялык макалалардын тексттерин бекитүү; - мамлекеттик фармакопеяны түзүү жана басып чыгаруу; - врачтын рецепти боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттарынын тизмесин түзүү; - дары-дармек каражаттарын колдонуу, терс таасирлери жана өз ара аракеттенүүдөгү өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана жалпылоо; - дары-дармек каражаттарынын мамлекеттик стандарттык сапатын жана мамлекеттик маалымат стандартын иштеп чыгуу жана бекитүү; - дары-дармек каражаттарын клиникалык сыноолордон өткөрүүнүн эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү; - дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү уюштуруу жана сапатын контролдоо эрежелерин, дары-дармек каражаттарын даярдоонун эрежелерин, дары-дармек каражаттары менен дүңүнөн соода жүргүзүүнүн эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү; - дары-дармек каражаттарын өндүрүүнүн экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун экспертизалоолор; - лабораториялык иш-тажрыйба эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү; - ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫН ДАЯРДООНУ ЛИЦЕНЗИЯЛООДО ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫ МАМЛЕКЕТТИК МЫЙЗАМДАРЫНЫН ТАЛАПТАРЫНА ДАЛ КЕЛЭЭРИ ЖӨНҮНДӨГҮ КОРУТУНДУЛАРДЫ БЕРҮҮ; - дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү уюштуруунун жана сапатын контролдоонун эрежелерин дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишканалардын аткаруусуна контроль жасоо; - Кыргыз Республикасынын аймагына жасалма, сапатсыз жана мыйзамсыз түрдө ташып келинген дары-дармек каражаттарын сатып өткөрүүгө тыюу салуу; - дары-дармек каражаттарынын жарнамаларын контролдоо; - фармацевтик иш-аракетке көзөмөл жүргүзүү; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка ыйгарым укуктар. |
| 13-статья. Дары-дармек каражаттарын сактоо жана жок кылуу Дары-дармек каражаттары белгиленген тартипте бекитилген ченемдик укуктук актыларга ылайык алардын сапаты дайыма сакталуусун камсыз кыла турган шарттарда сакталат. Дары-дармек каражаттарынын колдонуу мөөнөтүн узартууга жол берилбейт. Дары-дармек каражаттарын сатып өткөрүүнүн жана пайдаланууга жараксыздарын кайра иштетүүнүн, жок кылуунун тартиби жана эрежеси [Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат.] | 13-статья. Дары-дармек каражаттарын сактоо жана жок кылуу Дары-дармек каражаттары белгиленген тартипте бекитилген ченемдик укуктук актыларга ылайык алардын сапаты дайыма сакталуусун камсыз кыла турган шарттарда сакталат. Дары-дармек каражаттарынын колдонуу мөөнөтүн узартууга жол берилбейт. Дары-дармек каражаттарын сатып өткөрүүнүн жана пайдаланууга жараксыздарын кайра иштетүүнүн, жок кылуунун тартиби жана эрежеси КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН БЕКИТИЛЕТ. |
| 18-статья. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүүчү субъекттердин укугу жана милдеттери Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнү жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактар төмөнкүдөй укуктарга ээ: - ушул Мыйзамда белгиленген тартипте дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө, даярдоого, ташып келүүгө, ташып чыгарууга, сатууга же берүүгө; [- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте фармацевтик иш-аракетти өндүрүшкө киргизүү жана жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алууга;] - лицензияларды жол-жоболоштуруу тартиби, дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо, бажы контролу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдардан зарыл маалыматтарды алууга; - дары-дармек каражаттарынын сапатын контролдоону лицензиялоого, мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө жана бажы контролун жүзөгө ашырууга, ыйгарым укуктуу органдардын аракеттерине же аракетсиздиктерине белгиленген тартипте даттанууга; - дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө иштеген кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, аларга аттестациялоо жана сертификациялоо жүргүзүүгө. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнү жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактар төмөндөгүлөргө милдеттүү: - өз иш-аракетин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген лицензиянын негизинде жүзөгө ашырууга; - дары-дармек каражаттарын өндүрүү, даярдоо, сатуу, ташып келүү жана ташып чыгаруу эрежелерин, аларды жарнамалоонун шарттарын сактоо, ошондой эле дары-дармек каражаттарынын сапатына контролдукту жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдардын көрсөтмөлөрүн жана корутундуларын аткарууга; - дары-дармек каражаттарды алардын коопсуздугун ырастаган сертификаты же тууралыгы жөнүндө декларациясы болгон учурда сатып өткөрүүгө; - дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү уюштурууга жана сапатына контролдук жүргүзүү эрежелерин сактоого; - дары-дармек каражаттарын сактоонун шарттарын жана мөөнөттөрүн сактоо менен аларды дарыкана мекемелеринде чекене сатууну камсыз кылууга. Дары-дармек каражаттарын берүүнү врачтын рецеби боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттарынын Тизмесине ылайык жүргүзүүгө: - врачтын рецеби боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттары жөнүндө калкка маалымдоого. | 18-статья. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүүчү субъекттердин укугу жана милдеттери Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнү жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактар төмөнкүдөй укуктарга ээ: - ушул Мыйзамда белгиленген тартипте дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө, даярдоого, ташып келүүгө, ташып чыгарууга, сатууга же берүүгө; - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫН ДАЯРДОО ЖАНА САТЫП ӨТКӨР УКУГУНА ЛИЦЕНЗИЯ АЛУУГА; - лицензияларды жол-жоболоштуруу тартиби, дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо, бажы контролу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдардан зарыл маалыматтарды алууга; - дары-дармек каражаттарынын сапатын контролдоону лицензиялоого, мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө жана бажы контролун жүзөгө ашырууга, ыйгарым укуктуу органдардын аракеттерине же аракетсиздиктерине белгиленген тартипте даттанууга; - дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө иштеген кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, аларга аттестациялоо жана сертификациялоо жүргүзүүгө. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнү жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактар төмөндөгүлөргө милдеттүү: - өз иш-аракетин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген лицензиянын негизинде жүзөгө ашырууга; - дары-дармек каражаттарын өндүрүү, даярдоо, сатуу, ташып келүү жана ташып чыгаруу эрежелерин, аларды жарнамалоонун шарттарын сактоо, ошондой эле дары-дармек каражаттарынын сапатына контролдукту жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдардын көрсөтмөлөрүн жана корутундуларын аткарууга; - дары-дармек каражаттарды алардын коопсуздугун ырастаган сертификаты же тууралыгы жөнүндө декларациясы болгон учурда сатып өткөрүүгө; - дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү уюштурууга жана сапатына контролдук жүргүзүү эрежелерин сактоого; - дары-дармек каражаттарын сактоонун шарттарын жана мөөнөттөрүн сактоо менен аларды дарыкана мекемелеринде чекене сатууну камсыз кылууга. Дары-дармек каражаттарын берүүнү врачтын рецеби боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттарынын Тизмесине ылайык жүргүзүүгө: - врачтын рецеби боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттары жөнүндө калкка маалымдоого. |
| 23-статья. Фармацевтик иш-аракетти жүргүзүүгө карата укук Фармацевтик иш-аракетти жүргүзүүгө фармацевтик жогорку жана орто окуу жайларында атайын билим алган, квалификациясы [Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан] бекитилген талаптарга жооп берген адамдарга жол берилет. Кыргыз Республикасында жашаган, Кыргыз Республикасынын фармацевтик жогорку жана атайын орто окуу жайларында атайын билим алган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында фармацевтик иш-аракеттерди жүргүзө алышат. Чет мамлекеттин фармацевтик жогорку жана орто окуу жайларында атайын билим алган адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында фармацевтик иш-аракетин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын [лицензиясын] же сертификатын алгандан кийин жол берилет. | 23-статья. Фармацевтик иш-аракетти жүргүзүүгө карата укук Фармацевтик иш-аракетти жүргүзүүгө фармацевтик жогорку жана орто окуу жайларында атайын билим алган, квалификациясы КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН бекитилген талаптарга жооп берген адамдарга жол берилет. Кыргыз Республикасында жашаган, Кыргыз Республикасынын фармацевтик жогорку жана атайын орто окуу жайларында атайын билим алган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында фармацевтик иш-аракеттерди жүргүзө алышат. Чет мамлекеттин фармацевтик жогорку жана орто окуу жайларында атайын билим алган адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында фармацевтик иш-аракетин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сертификатын алгандан кийин жол берилет. |
| 30-статья. Дары-дармек каражаттарын өндүрүү Дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү [дары-дармек каражаттарын жасоого лицензиясы бар] дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишкана жүзөгө ашырат. Төмөндөгү дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө тыюу салынат: - жасалмаларды: - клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө арналган дары-дармектерден башка Кыргыз Республикасында мамлекеттик каттоодон өтпөгөндөрдү: [- дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө лицензиясы жокторго; - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү жана сапатына контролдук кылууну уюштуруунун эрежесин бузгандарга.] Патенттелген дары-дармек каражаттарын өндүрүү жана аларды сатуу Кыргыз Республикасынын патенттик мыйзамдарына, ошондой эле "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыккан жердин аталышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. | 30-статья. Дары-дармек каражаттарын өндүрүү Дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишкана жүзөгө ашырат. Төмөндөгү дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө тыюу салынат: - жасалмаларды: - клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө арналган дары-дармектерден башка Кыргыз Республикасында мамлекеттик каттоодон өтпөгөндөрдү: - ТӨРТҮНЧҮ АБЗАЦ КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН; - дары-дармек каражаттарынын коопсуздугунун талаптарын аныктоочу, техникалык регламенттердин талаптарын бузуу жолу менен жасалган. Патенттелген дары-дармек каражаттарын өндүрүү жана аларды сатуу Кыргыз Республикасынын патенттик мыйзамдарына, ошондой эле "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыккан жердин аталышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. |
| 33-статья. Дары-дармек каражаттарын жасоо Дарыкана мекемелеринде дары-дармек каражаттарын жасоо врачтардын рецептеринин жана Кыргыз Республикасында каттоодон өткөрүлгөн дары-дармек каражаттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы бекиткен дарыкананын өзүндө топтолуп жасалган номенклатурага ылайык жүзөгө ашырылат. Дары-дармек каражаттарын жасоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен дары-дармек каражаттарын жасоонун эрежеси боюнча [фармацевтик иш жүргүзүүгө] лицензиясы бар дарыкана мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат. Дарыкана мекемелеринде жасалган дары-дармек каражаттарын маркировкалоо жана жол-жоболоштуруу ушул Мыйзамдын 32-статьясында көрсөтүлгөн эрежеге дал келүүгө тийиш. [Дарыкана мекемесине фармацевттик иш-аракет жүргүзүүгө лицензия дарыкана мекемесинде дары-дармек каражаттарын даярдоонун шарты ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келе тургандыгы тууралу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын берген корутундусунун негизинде компетенциясына фармацевттик иш-аракетти лицензиялоо кирген аткаруу бийлик органы тарабынан берилет.] | 33-статья. Дары-дармек каражаттарын жасоо Дарыкана мекемелеринде дары-дармек каражаттарын жасоо врачтардын рецептеринин жана Кыргыз Республикасында каттоодон өткөрүлгөн дары-дармек каражаттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы бекиткен дарыкананын өзүндө топтолуп жасалган номенклатурага ылайык жүзөгө ашырылат. Дары-дармек каражаттарын жасоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен дары-дармек каражаттарын жасоонун эрежеси боюнча ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫН ДАЯРДОО лицензиясы бар дарыкана мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат. Дарыкана мекемелеринде жасалган дары-дармек каражаттарын маркировкалоо жана жол-жоболоштуруу ушул Мыйзамдын 32-статьясында көрсөтүлгөн эрежеге дал келүүгө тийиш. ДАРЫКАНА МЕКЕМЕСИНЕ ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫН ДАЯРДООГО ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮГӨ БЕРИЛГЕН ЛИЦЕНЗИЯ, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО ЖААТЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫ ТАРАБЫНАН БЕРИЛЕТ. |
| 39-статья. Дары-дармек каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келатканда Кыргыз Республикасынын бажы органдарына көрсөтүлүүчү документтер Дары-дармек каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келатканда Кыргыз Республикасынын бажы органдарына төмөндөгүдөй документтер менен маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш: - ташылып келаткан дары-дармек каражаттары жөнүндө маалыматты камтыган контракттар же документтер (эсеп-фактура, спецификациясы); - дары-дармек каражаттарын алып келаткан адам жөнүндө маалыматтар (товардык-транспорттук коштомо каты (накладная) же эсеп-фактурасы); [- фармацевтикалык ишке] берилген лицензиянын көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты (ташылып келаткан дары-дармек каражаттарынын коопсуздук талаптарына шайкеш келишин ырастаган билдирүү-милдеттенме). | 39-статья. Дары-дармек каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келатканда Кыргыз Республикасынын бажы органдарына көрсөтүлүүчү документтер Дары-дармек каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келатканда Кыргыз Республикасынын бажы органдарына төмөндөгүдөй документтер менен маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш: - ташылып келаткан дары-дармек каражаттары жөнүндө маалыматты камтыган контракттар же документтер (эсеп-фактура, спецификациясы); - дары-дармек каражаттарын алып келаткан адам жөнүндө маалыматтар (товардык-транспорттук коштомо каты (накладная) же эсеп-фактурасы); - ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫН ДАЯРДООГО ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮГӨ берилген лицензиянын көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты (ташылып келаткан дары-дармек каражаттарынын коопсуздук талаптарына шайкеш келишин ырастаган билдирүү-милдеттенме). |
| [46-статья. Дарыкана мекемелеринин фармацевтик иш-аракетин лицензиялоо] Дарыкана мекемесине [фармацевтик иш] жүргүзүүгө лицензия Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан беш жылдык мөөнөткө берилет. [Фармацевтик иш-аракетке] лицензия алуу үчүн дарыкана мекемеси Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына төмөндөгү документтерди тапшырат: - белгиленген үлгүдөгү арызын; - дарыкана мекемеси жүзөгө ашырууну көздөгөн фармацевтик иш-аракеттин бардык түрүнүн тизмесин камтыган юридикалык жактын уставын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары юридикалык жана жеке жакты каттагандыгы жөнүндө күбөлүгүн; - фармацевтик иш-аракетти жүзөгө ашыруу максатында тиешелүү имарат-жайды пайдаланууга укугун тастыктоочу документтерин; - дарыкана мекемесинде фармацевтикалык иш-аракетти жүзөгө ашыруучу адистердин сертификаттары бар экендигин тастыктоочу документтерин; [- эгерде иштин көрсөтүлгөн түрү дарыкана мекемесинин уставында каралса, анда уулуу, баңги дары-дармек каражаттарын, психотроптук заттарды сактоо үчүн имарат-жайдын техникалык даярдыгы жана кайтаруу сигнализациясы бар экендиги жөнүндө ички иштер органдарынын корутундусун; - дарыкана мекемесинин уставында каралган иштин түрлөрүнө имарат-жайдын жарактуулугу жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык жана өрткө каршы көзөмөл органдарынын корутундусун.] [Фармацевтик иш-аракетти] жүргүзүүгө берилген документтерди кароонун жана бул ишке лицензия берүүнүн мөөнөтү бир айдан ашпоого тийиш. [Фармацевтик иш-аракетке] лицензия берүүдөн баш тартуунун себеби берилген документтердин ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келбегендиги жана имарат-жайдын лицензиялоонун талаптарына жооп бербөөсү болушу мүмкүн. Баш тартуунун себептери Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан дарыкана мекемесине берилген документте көрсөтүлүүгө тийиш. [Фармацевтик ишке] берилген лицензиянын аракети ушул Мыйзамда каралган дары-дармек каражаттары менен чекене соода кылуунун тартиби бузулган учурда ушул статьянын биринчи бөлүгүндө белгиленгенден мурда токтотулушу же жокко чыгарылышы мүмкүн. Эгерде дарыкана мекемеси жыл бою фармацевтик иш-аракетин баштабаса, [-аракетке берилген] лицензиянын аракети токтотулат жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына көрсөтүлгөн иштин жок экендигин актаган документтер көрсөтүлгөндөн кийин гана калыбына келтирилиши мүмкүн. | 46-СТАТЬЯ. ДАРЫКАНА МЕКЕМЕЛЕРИНИН ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫН ДАЯРДООСУН ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮСҮН ЛИЦЕНЗИЯЛОО Дарыкана мекемесине ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫН ДАЯРДООНУ ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮНҮ жүргүзүүгө лицензия Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан беш жылдык мөөнөткө берилет. ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫН ДАЯРДООГО ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮГӨ лицензия алуу үчүн дарыкана мекемеси Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына төмөндөгү документтерди тапшырат: - белгиленген үлгүдөгү арызын; - дарыкана мекемеси жүзөгө ашырууну көздөгөн фармацевтик иш-аракеттин бардык түрүнүн тизмесин камтыган юридикалык жактын уставын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары юридикалык жана жеке жакты каттагандыгы жөнүндө күбөлүгүн; - фармацевтик иш-аракетти жүзөгө ашыруу максатында тиешелүү имарат-жайды пайдаланууга укугун тастыктоочу документтерин; - дарыкана мекемесинде фармацевтикалык иш-аракетти жүзөгө ашыруучу адистердин сертификаттары бар экендигин тастыктоочу документтерин; 2-БӨЛҮКТӨГҮ ЖЕТИНЧИ СЕГИЗИНЧИ АБЗАЦТАР КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫН ДАЯРДООНУ ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮНҮ жүргүзүүгө берилген документтерди кароонун жана бул ишке лицензия берүүнүн мөөнөтү бир айдан ашпоого тийиш. ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫН ДАЯРДООГО ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮГӨ лицензия берүүдөн баш тартуунун себеби берилген документтердин ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келбегендиги жана имарат-жайдын лицензиялоонун талаптарына жооп бербөөсү болушу мүмкүн. Баш тартуунун себептери Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан дарыкана мекемесине берилген документте көрсөтүлүүгө тийиш. ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫН ДАЯРДООГО ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮГӨ берилген лицензиянын аракети ушул Мыйзамда каралган дары-дармек каражаттары менен чекене соода кылуунун тартиби бузулган учурда ушул статьянын биринчи бөлүгүндө белгиленгенден мурда токтотулушу же жокко чыгарылышы мүмкүн. Эгерде дарыкана мекемеси жыл бою фармацевтик иш-аракетин баштабаса, ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫН ДАЯРДОО ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮ лицензиянын аракети токтотулат жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына көрсөтүлгөн иштин жок экендигин актаган документтер көрсөтүлгөндөн кийин гана калыбына келтирилиши мүмкүн. |
| Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 2005 г., № 3, ст.187) кийинки өзгөртүү киргизилсин: | |
| 81-статья. Медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин практикалык ишке кое берилиши Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер [Кыргыз Республикасын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы] белгилеген тартипте тийиштүү лицензия алгандан же алар аттестациядан жана каттоодон өткөндөн кийин өзүнүн практикалык ишин жүзөгө ашырат. Медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди аттестациялоону [Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы] белгилеген тартипте кесиптик медициналык коомдук уюмдар, ассоциациялар (бирликтер) жүргүзөт. Медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди каттоодон өткөрүүнү, алар аттестациядан өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жүргүзөт. Медициналык жана фармацевттик ишти жүргүзүүдөн четтетүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлөт. Аттестациялоо жөнүндө сертификаттан ажыратуу медициналык жана фармацевттик иштен четтетилүүгө кириптер кылат. Медициналык жана фармацевттик ишти жүргүзүү укугунан, аттестациялоо жөнүндө сертификатынан ажыратылган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте ушул чечимге даттанууга укуктуу. Фармацевттик билимге ээ болгон адистери жок алыскы калктуу конуштарда дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы заттарды сатып өткөрүүгө [Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы] белгилеген тартипте медициналык билими бар адамдарга жол берилет. Чет мамлекеттерде медициналык жана фармацевттик билим алган адамга, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте медициналык же фармацевттик ишин жүргүзүүгө жол берилет. | 81-статья. Медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин практикалык ишке кое берилиши Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ белгилеген тартипте тийиштүү лицензия алгандан же алар аттестациядан жана каттоодон өткөндөн кийин өзүнүн практикалык ишин жүзөгө ашырат. Медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди аттестациялоону КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ белгилеген тартипте кесиптик медициналык коомдук уюмдар, ассоциациялар (бирликтер) жүргүзөт. Медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди каттоодон өткөрүүнү, алар аттестациядан өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жүргүзөт. Медициналык жана фармацевттик ишти жүргүзүүдөн четтетүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлөт. Аттестациялоо жөнүндө сертификаттан ажыратуу медициналык жана фармацевттик иштен четтетилүүгө кириптер кылат. Медициналык жана фармацевттик ишти жүргүзүү укугунан, аттестациялоо жөнүндө сертификатынан ажыратылган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте ушул чечимге даттанууга укуктуу. Фармацевттик билимге ээ болгон адистери жок алыскы калктуу конуштарда дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы заттарды сатып өткөрүүгө КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ белгилеген тартипте медициналык билими бар адамдарга жол берилет. Чет мамлекеттерде медициналык жана фармацевттик билим алган адамга, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте медициналык же фармацевттик ишин жүргүзүүгө жол берилет. |
| Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 1997 г., № 3, ст.126) кийинки өзгөртүүлөр киргизилсин: | |
| 9-статья. Милдеттүү лицензиялануучу иштин түрлөрү Ишкердик кылуунун төмөнкүдөй түрлөрү үчүн лицензия талап кылынат: 1) (КР 2009-жылдын 31-июлундагы № 258 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); 2) стационардык жана көчмө жүк көтөргүч механизмдер, экскалаторлор жана фуникулерлор колдонулуучу кооптуу өндүрүштүк объекттерди иштетүүнү кошпогондо, кооптуу өндүрүштүк объекттерди долбоорлоо жана иштетүү; 3) дарыларда жана көлмөлөрдө тосмолорду курууга; 4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тизме боюнча аңчылык кылууга жана канаттууларды кармоого; 5) дарыларды, вакциналарды жана сывороткаларды, медикаменттерди жана медициналык техниканы мыйзамдарда каралгандан башка учурларда, даярдоого жана реализациялоого; 6) этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү; 7) медициналык жана ветеринардык жекече иш жүргүзүүгө; 8) оюн-зоок жайларын түзүүгө жана кармоого, кумар оюндарын уюштурууга; 9) Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу авиациялык атайын жумуштардын бардык түрлөрүнө, граждандык авиациянын аба кемелерин кабыл алууга жана учурууга, аба кемелерин жана алардын жабдууларын техникалык жактан тейлөөгө; 10) шаар курулушу, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттардын жана курулуштардын долбоорлоо-изилдөө жумуштарына; 11) менчик турак уй куруудан тышкары курулуш-монтаждоо жумуштарына; [12) жекече детективдик жана күзөт ишмердигине;] 13) банк операцияларын жүргүзүү, накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү, электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызматтарды көрсөтүү ишинде, кредиттик союздардын иши, юридикалык жактар тарабынан мөөнөттүүлүк, кайра кайтаруу жана акы төлөнүүчү шарттарда калктын акча каражаттарын тартууга; 14) баалуу кагаздар боюнча кесиптик ишке; 15) камсыздандыруу ишине; 16) мамлекеттик эмес пенсия фондунун иштерине; 17) (КР 2009-жылдын 31-июлундагы № 258 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); 18) почта, электр байланышы, маалымат берүү, телерадиоберүү, анын ичинде бул үчүн зарыл болгон тармактарды, линияларды, курулмаларды, тутумдарды жана түзүлүштөрдү долбоорлоо, өндүрүү, жасоо, орнотуу (технологиялык жана ички өндүрүштүк арналыштагы байланышты уюштуруудан тышкары) жагындагы иш-аракет; 19) алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу; 20) электр жана жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө, сатууга, мунайзатты жана жаратылыш газын кайра иштетүүгө; 21) электр станцияларын, подстанцияларын жана электр берүү линияларын курууга; 22) аудитордук ишке; 23) билим берүүнүн деңгээлине жана менчигинин түрүнө карабастан билим берүү ишине (мектепке чейинки жана жалпы баштапкы, негизги жана орто билим берүү программаларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик билим берүү мекемелеринен тышкары); 24) жарылуучу жана пиротехникалык заттарды жана буюмдарды ташып келүүгө, иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана сатууга; 25) курал-жарак жана ок-дарыны жасап чыгарууга, оңдоого жана соода кылууга; 26) аскердик багыттагы продукцияны иштеп чыгууга, чыгарууга жана сатууга жана кызмат көрсөтүүгө; 27) (КР 2009-жылдын 31-июлундагы № 258 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); 28) (КР 2009-жылдын 31-июлундагы № 258 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); 29) уулуу материалдардын жана заттардын, анын ичинде радиоактивдүү заттардын калдыктарын утилдештирүүгө, жайгаштырууга, жок кылууга жана көмүүгө; 30) уулуу заттардын өндүрүш калдыктарын ташууга (анын ичинде чек аралар аркылуу); 31) банкроттук ишти жүзөгө ашырган администраторлордун ишине; 32) юридикалык ишке (жекече нотариустук ишке жана адвокаттык ишке); 33) автомобиль транспорт) менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, аба, суу жана темир жол транспорту менен (атайын, кызматтык жана технологиялык транспортту кошпогондо) ташууларга, автовокзалдардын, автостанциялардын жана автокассалардын ишине; 34) (КР 2009-жылдын 31-июлундагы № 258 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); 35) (КР 2011-жылдын 21-декабрындагы № 242 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 36) риэлтор иши. Юридикалык жакка берилген лицензия анда көрсөтүлгөн иштин түрүн (түрлөрүн) жүргүзүүгө укук берген, ар бир иш бөлүгүнө ошондой документ алууну талап кылбаган бирден-бир документ болуп саналат. | 9-статья. Милдеттүү лицензиялануучу иштин түрлөрү Ишкердик кылуунун төмөнкүдөй түрлөрү үчүн лицензия талап кылынат: 1) (КР 2009-жылдын 31-июлундагы № 258 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); 2) стационардык жана көчмө жүк көтөргүч механизмдер, экскалаторлор жана фуникулерлор колдонулуучу кооптуу өндүрүштүк объекттерди иштетүүнү кошпогондо, кооптуу өндүрүштүк объекттерди долбоорлоо жана иштетүү; 3) дарыларда жана көлмөлөрдө тосмолорду курууга; 4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тизме боюнча аңчылык кылууга жана канаттууларды кармоого; 5) дарыларды, вакциналарды жана сывороткаларды, медикаменттерди жана медициналык техниканы мыйзамдарда каралгандан башка учурларда, даярдоого жана реализациялоого; 6) этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү; 7) медициналык жана ветеринардык жекече иш жүргүзүүгө; 8) оюн-зоок жайларын түзүүгө жана кармоого, кумар оюндарын уюштурууга; 9) Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу авиациялык атайын жумуштардын бардык түрлөрүнө, граждандык авиациянын аба кемелерин кабыл алууга жана учурууга, аба кемелерин жана алардын жабдууларын техникалык жактан тейлөөгө; 10) шаар курулушу, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттардын жана курулуштардын долбоорлоо-изилдөө жумуштарына; 11) менчик турак уй куруудан тышкары курулуш-монтаждоо жумуштарына; 12) АТАЙЫН КАРАЖАТТАРДЫ САТЫП АЛУУ, САКТОО, АЛЫП ЖҮРҮҮ ЖАНА КОЛДОНУУ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ЖЕКЕЧЕ ДЕТЕКТИВДИК ЖАНА КҮЗӨТ ИШМЕРДИГИНЕ; 13) банк операцияларын жүргүзүү, накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү, электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызматтарды көрсөтүү ишинде, кредиттик союздардын иши, юридикалык жактар тарабынан мөөнөттүүлүк, кайра кайтаруу жана акы төлөнүүчү шарттарда калктын акча каражаттарын тартууга; 14) баалуу кагаздар боюнча кесиптик ишке; 15) камсыздандыруу ишине; 16) мамлекеттик эмес пенсия фондунун иштерине; 17) (КР 2009-жылдын 31-июлундагы № 258 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); 18) почта, электр байланышы, маалымат берүү, телерадиоберүү, анын ичинде бул үчүн зарыл болгон тармактарды, линияларды, курулмаларды, тутумдарды жана түзүлүштөрдү долбоорлоо, өндүрүү, жасоо, орнотуу (технологиялык жана ички өндүрүштүк арналыштагы байланышты уюштуруудан тышкары) жагындагы иш-аракет; 19) алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу; 20) электр жана жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө, сатууга, мунайзатты жана жаратылыш газын кайра иштетүүгө; 21) электр станцияларын, подстанцияларын жана электр берүү линияларын курууга; 22) аудитордук ишке; 23) билим берүүнүн деңгээлине жана менчигинин түрүнө карабастан билим берүү ишине (мектепке чейинки жана жалпы баштапкы, негизги жана орто билим берүү программаларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик билим берүү мекемелеринен тышкары); 24) жарылуучу жана пиротехникалык заттарды жана буюмдарды ташып келүүгө, иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана сатууга; 25) курал-жарак жана ок-дарыны жасап чыгарууга, оңдоого жана соода кылууга; 26) аскердик багыттагы продукцияны иштеп чыгууга, чыгарууга жана сатууга жана кызмат көрсөтүүгө; 27) (КР 2009-жылдын 31-июлундагы № 258 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); 28) (КР 2009-жылдын 31-июлундагы № 258 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); 29) уулуу материалдардын жана заттардын, анын ичинде радиоактивдүү заттардын калдыктарын утилдештирүүгө, жайгаштырууга, жок кылууга жана көмүүгө; 30) уулуу заттардын өндүрүш калдыктарын ташууга (анын ичинде чек аралар аркылуу); 31) банкроттук ишти жүзөгө ашырган администраторлордун ишине; 32) юридикалык ишке (жекече нотариустук ишке жана адвокаттык ишке); 33) автомобиль транспорт) менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, аба, суу жана темир жол транспорту менен (атайын, кызматтык жана технологиялык транспортту кошпогондо) ташууларга, автовокзалдардын, автостанциялардын жана автокассалардын ишине; 34) (КР 2009-жылдын 31-июлундагы № 258 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); 35) (КР 2011-жылдын 21-декабрындагы № 242 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 36) риэлтор иши. Юридикалык жакка берилген лицензия анда көрсөтүлгөн иштин түрүн (түрлөрүн) жүргүзүүгө укук берген, ар бир иш бөлүгүнө ошондой документ алууну талап кылбаган бирден-бир документ болуп саналат. |
| Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 1994 года № 3, ст.76) кийинки өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: | |
| 9-статья. Ички иштер органдарынын укуктары Ички иштер органдарына (кызматкерлерине) өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн: 1) жарандардан жана кызмат адамдарынан коомдук тартипти сактоону, ички иштер органдарынын бийлик-укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылган укук бузууларды жана аракеттерди токтотууну талап кылууга; мыйзамдуу талаптар аткарылбаган учурда мажбурлоонун Мыйзамдарда каралган чараларын колдонууга; 2) кылмыш кылды же административдик укук тартибин бузду деп шектенүүгө жетиштүү негиздер болгондо жарандардын ким экендигин күбөлөндүргөн документтерин, ошондой эле аткарылышына контролдук жүргүзүү ички иштер органдарына жүктөлгөн эрежелердин сакталышын текшерүү үчүн зарыл болгон башка документтерди текшерүүгө; 3) административдик укук бузуулар жөнүндө протоколдорду жазууга, компетенциясынын чектеринде административдик жаза чараларын колдонууга, укук бузуучуларды кармоого жана ички иштер органдарына жеткирүүгө, буюмдарды жана транспорт каражаттарын жеке карап чыгууга, буюмдарды жана документтерди алып коюуга, административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү камсыз кылуунун мыйзамда каралган башка чараларын колдонууга; 4) кылмыш жасагандыгы боюнча шектүү деп кармалган, же болбосо селсаяктык жана кайырчылык кылгандыгы үчүн кармалган адамдарды, камакка алынгандарды, кыянаттык менен кылмыш жасагандарды, административдик камакка алынгандарды мыйзамдарда каралган учурларда сүрөткө тартууга, үнүн жаздырып алууга, киного жана көрсөтмө тасмага тартып алууга, дактилоскопиядан жана каттоодон өткөрүүгө; 5) административдик көзөмөлгө алынган адамдардын эсебин жүргүзүүгө алардын үстүнөн контролдукту жүзөгө ашырууга, аларга мыйзамдарда каралган чектөөлөрдү колдонууга; 6) эгерде аларды токтоосуз түрдө бөлөк кармоо зарыл болсо, он сегиз жашка толбогон жана укук тартибин бузган жашы жете элек адамдарды кармоого жана кабыл алып - бөлүштүрүүчү жайларда күтүүгө, ошондой эле аларды атайын окутуу - тарбиялоо мекемелерине жөнөтүүгө, багаар - көрөөрү жок балдарды жана өспүрүмдөрдү опека жана попечителдик кылуучу органдарга жеткирүүгө; 7) укук тартибин бузган аскер кызматкерлерин кармоого жана аларды аскер коменданттарына, аскер бөлүктөрүнүн командирлерине же аскер комиссарларына өткөрүп берүүгө; 8) кылмыш жасады деп шектүү болгон жана айыпталган адамдарды Мыйзамда белгиленген тартипте кармоого жана камакка алууга; 9) укук тартибин бузган адамдарды мыйзамдарда белгиленген тартипте алкоголдук ичимдиктерди ичкендиги, наркотикалык, уулу жана башка психотроптук каражаттарды пайдалангандыгы боюнча текшерүүдөн өткөрүүгө, же болбосо аларды текшерүүдөн өткөрүү үчүн медициналык мекемелерге жиберүүгө же жеткирүүгө; 10) өз өндүрүшүндө болгон иштер жана материалдар боюнча жарандарды ички иштер органдарына чакырууга, жарандардан түшүнүктөрдү, справкаларды, документтерди алууга жана алардын көчүрмөлөрүн алууга, мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте жарандарды мажбурлап алып келүүгө: 11) уголовный иштер боюнча экспертизаларды, текшерүүлөрдүн материалдары боюнча ревизияларды, иликтөөлөрдү жүргүзүүгө, тергөө аракеттеринин өндүрүшүнө жана оперативдүү иш-чараларга катышуу үчүн адистерди тартууга; 12) мыйзамдарга ылайык оперативдүү-издөө иш-чараларын жүзөгө ашырууга, анын ичинде кылмыштарга бөгөт коюу жана бетин ачуу максатында техникалык каражаттарды колдонууга; 13) бажы органдары менен өз ара аракеттенип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте жарандык аба кемелеринин жүргүнчүлөрүнүн колундагы буюмдарын, жүктөрүн жана жүргүнчүлөрдүн өздөрүн кароого; 14) мыйзамдарда каралган негиздер болгон учурда жарандарга таандык болгон турак жайларга жана башка жагдайларга, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын (чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн башка) аймагына жана имараттарына тоскоолдуксуз кирүүгө жана аларды коомдук тартипти сактоо, кылмышкерлерди кармоо, адамдын өмүрүн, саламаттыгын же мүлкүн сактап калуу максатында карап чыгууга укуктуу. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жеке менчикте же башка укукта болгон турак жайга жана башка объектилерге анда жашап жаткан жарандын эркине каршы киришинин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү 24 саатын ичинде сот тарабынан каралууга жатат. Ушул пункт менен белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да жайылтылат; 15) мыйзамда каралган негиздер болгон учурда Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн жана эл аралык уюмдардан башка кимге баш ийгендигине жана менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аймагына жана имараттарына, ошондой эле жарандар тарабынан жеке өз алдынча иш аткаруу үчүн пайдаланылган бөлмөлөргө тоскоолдуксуз кирүүгө, менчик ээсинин же болбосо анын өкүлүнүн же анын бийлик-укугу берилген адамынын катышуусу менен өндүрүштүк, кампалык, соода, кызматтык бөлмөлөрдү, транспорт каражаттарын, товарларды жана мүлктөрдү сактай турган жана пайдалана турган башка жерлерди карап чыгууга; ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилеринен, ошондой эле жарандардан текшерилип жаткан ишке тиешелүү болгон зарыл маалыматтарды, маалымдамаларды, документтерди, кат жүзүндө түшүнүктөрдү алууга; 16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер бар болгон учурда "Жазык сот өндүрүш катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдү, жабырлануучуларды жана башка катышуучуларды мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимди кабыл алууга; 17) алардын жеке коопсуздугун, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле оперативдүү-издөө иш-чараларын жана тергөө аракеттерин жүргүзүү максатында жарандардын айрым участокторго, объектилерге жана аймактарга тоскоолдуксуз барышын чектөөгө же ага убактылуу тыюу салууга; 18) камактан качкан адамдарды издөө боюнча иш-чараларды, карантиндик иш-чараларды өткөрүү учурунда, ошондой эле наркотикалык каражаттарды камтыган жапайы өсүмдүктөр өтө көп өскөн жерлерде, балыктардын баалуу тукумдары урук таштап жаткан жерлерде, улуттук парктардын, мамлекеттик коруктардын жана атайын коруктардын аймагында башка мамлекеттик органдар менен биргелешип контролдук-өткөрүүчү пункттарды түзүүгө; 19) козголгон уголовный иштер, текшерүүлөрдүн колдо болгон материалдары боюнча менчигинин түрүнө карабастан банктардан, финансы-кредит мекемелеринен, ошондой эле мамлекеттик статистика агентствосунун мекемелеринен статистикалык, оперативдүү жана отчеттук маалыматтарды, анын ичинде жеке адамдардын жана юридикалык жактардын кредиттик-акчалай операциялары жөнүндө компьютердик маалыматтарды тоскоолдуксуз жана акысыз алууга, кассаларды, акча сакталган башка жерлерди, товардык-материалдык баалуулуктарды жана документтерди мөөр басып бекитүүгө, алардын сакталышын камсыз кылуучу башка чараларды көрүүгө; контролдук сатып алууларды жүргүзүүгө, сырьелордун, жарым фабрикаттардын жана продукциялардын үлгүлөрүн алып коюуга; 20) кылмыштарды жана башка укук бузууларды жасоого көмөк болгон себептерди жана шарттарды жоюу боюнча чараларды көрүүнүн зарылдыгы жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга, коомдук бирикмелерге же кызмат адамдарына, ошондой эле жеке өз алдынча иш аткарган адамдарга жана ээлик кылуунун башка түрүн аткарган адамдарга көрсөтмө киргизүүгө; 21) шаардык, шаар четиндеги жана жергиликтүү багыттагы коомдук транспорттун бардык түрүнөн (жеңил таксиден тышкары), ал эми айыл жеринде жолдо бара жаткан транспорттун бардык түрүн акысыз пайдаланууга; кызматтык максаттарда транспорттун бардык түрлөрүндө жол жүрүү документтерин брондоого же кезексиз сатып алууга; 22) окуя болгон жана өзгөчө жагдайлар түзүлгөн жерлерге жетүү үчүн, медициналык тез жардамга муктаж болгон жарандарды медициналык мекемелерге жеткирүү, кылмыш кылган адамдардын изине түшүү жана аларды ички иштер органдарына жеткирүү үчүн ошондой эле кийинкиге калтырууга болбой турган учурларда транспорт каражаттарын (чет мамлекеттердин дипломатиялык, консулдук өкүлчүлүктөрүнүн, эл аралык уюмдардын жана атайын арналыштагы транспорт каражаттарынан башка) тоскоолдуксуз пайдаланууга; 23) кызматтык максаттар үчүн юридикалык жактарга жана жеке адамдарга таандык болгон байланыш каражаттарын тоскоолдуксуз пайдаланууга; 24) кылмыштардын жана башка укук бузуулардын алдын алуу, укук тартибин чыңдоо, кылмыш жагдайлардын жана аларды жасаган адамдарды белгилөө, тергөөдөн жана соттон качып жүргөн адамдарды, дайынсыз жок болгондорду издеп табуу максатында массалык маалымат каражаттарын акысыз пайдаланууга; 25) ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу, таасири күчтүү химиялык, уу жана башка заттарды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу тизмелер боюнча нерселерди жана материалдарды сатып алуу, сактоо жана ташуу боюнча контролдоп - уруксат берүү жана чектөө чараларын жүзөгө ашырууга; [курал-жарак оңдоочу, пиротехникалык, штемпелдик-гравердук ишканаларды,] курал сата турган дүкөндөрдү, ок ата турган тирлерди жана стенддерди ачууга; 26) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жол кыймылынын коопсуздугу жана айлана-чөйрөнү коргоо, автомобиль жолдорун жана башка жол курулуштарын куруу жана пайдалануу, жаңы автотранспорт техникасынын үлгүлөрүн иштеп чыгуу иштерине контролдук жүргүзүүгө жана милдеттүү түрдө аткарыла турган эскертүүлөрдү берүүгө; иштин ушул чөйрөсүнө таандык болгон эрежелердин, нормативдердин, стандарттардын жана окуу программаларынын долбоорлорун макулдашууга; зарыл болгон учурда көчөлөрдөгү жана жолдордогу жөө адамдардын жана транспорттун кыймылына чек коюуга жана тыюу салууга, жолдордо жүргүзүлүп жаткан иштерге, техникалык жактан бузук болгон транспорт каражаттарын пайдаланууга чек коюуга жана тыюу салууга, транспорт каражаттарын токтотууга жана айдоочулардын аны пайдаланууга жана башкарууга болгон укугунун документтерин, жолдомо барактарын жана ташылып бара жаткан жүктөрдүн товардык-транспорттук документтер менен ылайык келишин текшерүүгө; мас абалдагы, ошого тете транспорт каражаттарын башкарууга же аларды пайдаланууга укук берген документтери жок болгон адамдарды транспорт каражаттарын башкаруудан четтетүүгө; транспорт каражаттарын кармоого жана убактылуу сактоо үчүн атайын токтотуучу жерлерге жеткирүүгө укук берилет. 27) колдонуудагы мыйзамдарга ылайык лицензия берет; [28) Кыргыз Республикасынын аймагындагы жеке детективдердин жана детективдик ишканалардын ишин контролдойт.] | 9-статья. Ички иштер органдарынын укуктары Ички иштер органдарына (кызматкерлерине) өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн: 1) жарандардан жана кызмат адамдарынан коомдук тартипти сактоону, ички иштер органдарынын бийлик-укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылган укук бузууларды жана аракеттерди токтотууну талап кылууга; мыйзамдуу талаптар аткарылбаган учурда мажбурлоонун Мыйзамдарда каралган чараларын колдонууга; 2) кылмыш кылды же административдик укук тартибин бузду деп шектенүүгө жетиштүү негиздер болгондо жарандардын ким экендигин күбөлөндүргөн документтерин, ошондой эле аткарылышына контролдук жүргүзүү ички иштер органдарына жүктөлгөн эрежелердин сакталышын текшерүү үчүн зарыл болгон башка документтерди текшерүүгө; 3) административдик укук бузуулар жөнүндө протоколдорду жазууга, компетенциясынын чектеринде административдик жаза чараларын колдонууга, укук бузуучуларды кармоого жана ички иштер органдарына жеткирүүгө, буюмдарды жана транспорт каражаттарын жеке карап чыгууга, буюмдарды жана документтерди алып коюуга, административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү камсыз кылуунун мыйзамда каралган башка чараларын колдонууга; 4) кылмыш жасагандыгы боюнча шектүү деп кармалган, же болбосо селсаяктык жана кайырчылык кылгандыгы үчүн кармалган адамдарды, камакка алынгандарды, кыянаттык менен кылмыш жасагандарды, административдик камакка алынгандарды мыйзамдарда каралган учурларда сүрөткө тартууга, үнүн жаздырып алууга, киного жана көрсөтмө тасмага тартып алууга, дактилоскопиядан жана каттоодон өткөрүүгө; 5) административдик көзөмөлгө алынган адамдардын эсебин жүргүзүүгө алардын үстүнөн контролдукту жүзөгө ашырууга, аларга мыйзамдарда каралган чектөөлөрдү колдонууга; 6) эгерде аларды токтоосуз түрдө бөлөк кармоо зарыл болсо, он сегиз жашка толбогон жана укук тартибин бузган жашы жете элек адамдарды кармоого жана кабыл алып - бөлүштүрүүчү жайларда күтүүгө, ошондой эле аларды атайын окутуу - тарбиялоо мекемелерине жөнөтүүгө, багаар - көрөөрү жок балдарды жана өспүрүмдөрдү опека жана попечителдик кылуучу органдарга жеткирүүгө; 7) укук тартибин бузган аскер кызматкерлерин кармоого жана аларды аскер коменданттарына, аскер бөлүктөрүнүн командирлерине же аскер комиссарларына өткөрүп берүүгө; 8) кылмыш жасады деп шектүү болгон жана айыпталган адамдарды Мыйзамда белгиленген тартипте кармоого жана камакка алууга; 9) укук тартибин бузган адамдарды мыйзамдарда белгиленген тартипте алкоголдук ичимдиктерди ичкендиги, наркотикалык, уулу жана башка психотроптук каражаттарды пайдалангандыгы боюнча текшерүүдөн өткөрүүгө, же болбосо аларды текшерүүдөн өткөрүү үчүн медициналык мекемелерге жиберүүгө же жеткирүүгө; 10) өз өндүрүшүндө болгон иштер жана материалдар боюнча жарандарды ички иштер органдарына чакырууга, жарандардан түшүнүктөрдү, справкаларды, документтерди алууга жана алардын көчүрмөлөрүн алууга, мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте жарандарды мажбурлап алып келүүгө: 11) уголовный иштер боюнча экспертизаларды, текшерүүлөрдүн материалдары боюнча ревизияларды, иликтөөлөрдү жүргүзүүгө, тергөө аракеттеринин өндүрүшүнө жана оперативдүү иш-чараларга катышуу үчүн адистерди тартууга; 12) мыйзамдарга ылайык оперативдүү-издөө иш-чараларын жүзөгө ашырууга, анын ичинде кылмыштарга бөгөт коюу жана бетин ачуу максатында техникалык каражаттарды колдонууга; 13) бажы органдары менен өз ара аракеттенип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте жарандык аба кемелеринин жүргүнчүлөрүнүн колундагы буюмдарын, жүктөрүн жана жүргүнчүлөрдүн өздөрүн кароого; 14) мыйзамдарда каралган негиздер болгон учурда жарандарга таандык болгон турак жайларга жана башка жагдайларга, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын (чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн башка) аймагына жана имараттарына тоскоолдуксуз кирүүгө жана аларды коомдук тартипти сактоо, кылмышкерлерди кармоо, адамдын өмүрүн, саламаттыгын же мүлкүн сактап калуу максатында карап чыгууга укуктуу. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жеке менчикте же башка укукта болгон турак жайга жана башка объектилерге анда жашап жаткан жарандын эркине каршы киришинин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү 24 саатын ичинде сот тарабынан каралууга жатат. Ушул пункт менен белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да жайылтылат; 15) мыйзамда каралган негиздер болгон учурда Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн жана эл аралык уюмдардан башка кимге баш ийгендигине жана менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аймагына жана имараттарына, ошондой эле жарандар тарабынан жеке өз алдынча иш аткаруу үчүн пайдаланылган бөлмөлөргө тоскоолдуксуз кирүүгө, менчик ээсинин же болбосо анын өкүлүнүн же анын бийлик-укугу берилген адамынын катышуусу менен өндүрүштүк, кампалык, соода, кызматтык бөлмөлөрдү, транспорт каражаттарын, товарларды жана мүлктөрдү сактай турган жана пайдалана турган башка жерлерди карап чыгууга; ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилеринен, ошондой эле жарандардан текшерилип жаткан ишке тиешелүү болгон зарыл маалыматтарды, маалымдамаларды, документтерди, кат жүзүндө түшүнүктөрдү алууга; 16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер бар болгон учурда "Жазык сот өндүрүш катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдү, жабырлануучуларды жана башка катышуучуларды мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимди кабыл алууга; 17) алардын жеке коопсуздугун, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле оперативдүү-издөө иш-чараларын жана тергөө аракеттерин жүргүзүү максатында жарандардын айрым участокторго, объектилерге жана аймактарга тоскоолдуксуз барышын чектөөгө же ага убактылуу тыюу салууга; 18) камактан качкан адамдарды издөө боюнча иш-чараларды, карантиндик иш-чараларды өткөрүү учурунда, ошондой эле наркотикалык каражаттарды камтыган жапайы өсүмдүктөр өтө көп өскөн жерлерде, балыктардын баалуу тукумдары урук таштап жаткан жерлерде, улуттук парктардын, мамлекеттик коруктардын жана атайын коруктардын аймагында башка мамлекеттик органдар менен биргелешип контролдук-өткөрүүчү пункттарды түзүүгө; 19) козголгон уголовный иштер, текшерүүлөрдүн колдо болгон материалдары боюнча менчигинин түрүнө карабастан банктардан, финансы-кредит мекемелеринен, ошондой эле мамлекеттик статистика агентствосунун мекемелеринен статистикалык, оперативдүү жана отчеттук маалыматтарды, анын ичинде жеке адамдардын жана юридикалык жактардын кредиттик-акчалай операциялары жөнүндө компьютердик маалыматтарды тоскоолдуксуз жана акысыз алууга, кассаларды, акча сакталган башка жерлерди, товардык-материалдык баалуулуктарды жана документтерди мөөр басып бекитүүгө, алардын сакталышын камсыз кылуучу башка чараларды көрүүгө; контролдук сатып алууларды жүргүзүүгө, сырьелордун, жарым фабрикаттардын жана продукциялардын үлгүлөрүн алып коюуга; 20) кылмыштарды жана башка укук бузууларды жасоого көмөк болгон себептерди жана шарттарды жоюу боюнча чараларды көрүүнүн зарылдыгы жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга, коомдук бирикмелерге же кызмат адамдарына, ошондой эле жеке өз алдынча иш аткарган адамдарга жана ээлик кылуунун башка түрүн аткарган адамдарга көрсөтмө киргизүүгө; 21) шаардык, шаар четиндеги жана жергиликтүү багыттагы коомдук транспорттун бардык түрүнөн (жеңил таксиден тышкары), ал эми айыл жеринде жолдо бара жаткан транспорттун бардык түрүн акысыз пайдаланууга; кызматтык максаттарда транспорттун бардык түрлөрүндө жол жүрүү документтерин брондоого же кезексиз сатып алууга; 22) окуя болгон жана өзгөчө жагдайлар түзүлгөн жерлерге жетүү үчүн, медициналык тез жардамга муктаж болгон жарандарды медициналык мекемелерге жеткирүү, кылмыш кылган адамдардын изине түшүү жана аларды ички иштер органдарына жеткирүү үчүн ошондой эле кийинкиге калтырууга болбой турган учурларда транспорт каражаттарын (чет мамлекеттердин дипломатиялык, консулдук өкүлчүлүктөрүнүн, эл аралык уюмдардын жана атайын арналыштагы транспорт каражаттарынан башка) тоскоолдуксуз пайдаланууга; 23) кызматтык максаттар үчүн юридикалык жактарга жана жеке адамдарга таандык болгон байланыш каражаттарын тоскоолдуксуз пайдаланууга; 24) кылмыштардын жана башка укук бузуулардын алдын алуу, укук тартибин чыңдоо, кылмыш жагдайлардын жана аларды жасаган адамдарды белгилөө, тергөөдөн жана соттон качып жүргөн адамдарды, дайынсыз жок болгондорду издеп табуу максатында массалык маалымат каражаттарын акысыз пайдаланууга; 25) ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу, таасири күчтүү химиялык, уу жана башка заттарды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу тизмелер боюнча нерселерди жана материалдарды сатып алуу, сактоо жана ташуу боюнча контролдоп - уруксат берүү жана чектөө чараларын жүзөгө ашырууга; курал сата турган дүкөндөрдү, ок ата турган тирлерди жана стенддерди ачууга; 26) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жол кыймылынын коопсуздугу жана айлана-чөйрөнү коргоо, автомобиль жолдорун жана башка жол курулуштарын куруу жана пайдалануу, жаңы автотранспорт техникасынын үлгүлөрүн иштеп чыгуу иштерине контролдук жүргүзүүгө жана милдеттүү түрдө аткарыла турган эскертүүлөрдү берүүгө; иштин ушул чөйрөсүнө таандык болгон эрежелердин, нормативдердин, стандарттардын жана окуу программаларынын долбоорлорун макулдашууга; зарыл болгон учурда көчөлөрдөгү жана жолдордогу жөө адамдардын жана транспорттун кыймылына чек коюуга жана тыюу салууга, жолдордо жүргүзүлүп жаткан иштерге, техникалык жактан бузук болгон транспорт каражаттарын пайдаланууга чек коюуга жана тыюу салууга, транспорт каражаттарын токтотууга жана айдоочулардын аны пайдаланууга жана башкарууга болгон укугунун документтерин, жолдомо барактарын жана ташылып бара жаткан жүктөрдүн товардык-транспорттук документтер менен ылайык келишин текшерүүгө; мас абалдагы, ошого тете транспорт каражаттарын башкарууга же аларды пайдаланууга укук берген документтери жок болгон адамдарды транспорт каражаттарын башкаруудан четтетүүгө; транспорт каражаттарын кармоого жана убактылуу сактоо үчүн атайын токтотуучу жерлерге жеткирүүгө укук берилет. 27) колдонуудагы мыйзамдарга ылайык лицензия берет; 28) Кыргыз Республикасынын аймагындагы жеке детективдердин жана детективдик, жана ошондой эле күзөт ишканалардын ишин контролдойт. |
| Кыргыз Республикасынын "Курал жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Ведомосту, 1999 г., № 11, ст. 448) кийинки өзгөртүү киргизилсин: | |
| 20-статья. Жарандык жана кызматтык куралды жана алардын патрондорун соодалоо Курал жана ок-дарыларды Кыргыз Республикасынын аймагында соодалоого аларды чыгаруу лицензиясынын негизинде жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун чыгарууну жүзөгө ашырган юридикалык жактар, ошондой эле жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоо лицензиясынын негизинде соода кылуучу юридикалык жактар укуктуу. [Жарандык жана кызматтык курал менен соода кылуучу юридикалык жактардын саны жана тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.] Жарандык жана кызматтык куралды жана алардын патрондорун соодалоого укуктуу юридикалык жактар: - жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун чыгарууга жана соодалоого тиешелүү уюштуруу жана каттоо документтери, лицензиялары болууга; - сатып жаткан жарандык жана кызматтык куралга жана анын патрондоруна сертификаты, көрсөтүлгөн куралды сактоого ички иштер органдарынын уруксаты болууга; - аны сатып алууга уруксат талап кылынбаган куралды кошпогондо, куралдын ошол түрүн сатып алууга уруксатты көрсөтүүнү сатып алуучудан талап кылууга; - сатылып алынган жана сатылган куралдын эсебин камсыз кылууга, ошондой эле эсептик документтерди 10 жыл бою сактоого; - сатылган жарандык жана кызматтык курал жана анын патрондору, алардын сатып алуучулары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан белгиленген форма боюнча маалыматтарды ай сайын ички иштер органдарына берип турууга; - сатылган өзүн-өзү коргоонун газ тапанчаларын жана револьверлерди, атылуучу найсыз куралды, белги берүүчү куралды, Кыргыз Республикасынын элдеринин күрмөлөрү менен кошо кийүүгө арналган канжарларды сатып алуучунун уруксатында каттоого; - куралдын сакталышын жана аны сактоодогу коопсуздугун камсыз кылууга; - мамлекеттик ок-жез сактоочу жайга сатылуучу кызматтык жана жарандык сайлуу куралдан атылган окторду жана жездерди Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан каралган тартипте берүүгө милдеттүү. Номери жана белгиси жок жарандык жана кызматтык курал, ошондой эле алардын ылайык келүү сертификаты жок патрондору сатылууга тийиш эмес. Куралды сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга туура келбеген юридикалык жактарга жарандык жана кызматтык куралды, ал эми алардын патрондорун көрсөтүлгөн куралды сактоого же сактоого жана алып жүрүүгө уруксатты көрсөтпөгөн юридикалык жактарга сатууга тыюу салынат. Жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун сатууга лицензиясы бар юридикалык жактарга, ошол эле соода залында куралды жана спорттук, аңчылык жана балык уулоочулук жабдууларды жана куралдын корлук бөлүктөрүн албаганда, товарлардын башка түрлөрүн чогуу сатууга тыюу салынат. Жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоо лицензиясы жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоочу юридикалык жактарга өз филиалдарын ачууга укук бербейт. | 20-статья. Жарандык жана кызматтык куралды жана алардын патрондорун соодалоо Курал жана ок-дарыларды Кыргыз Республикасынын аймагында соодалоого аларды чыгаруу лицензиясынын негизинде жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун чыгарууну жүзөгө ашырган юридикалык жактар, ошондой эле жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоо лицензиясынын негизинде соода кылуучу юридикалык жактар укуктуу. 20-СТАТЬЯНЫН 1-БӨЛҮГҮНДӨГҮ ЭКИНЧИ СҮЙЛӨМ АЛЫНЫП САЛЫНСЫН. Жарандык жана кызматтык куралды жана алардын патрондорун соодалоого укуктуу юридикалык жактар: - жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун чыгарууга жана соодалоого тиешелүү уюштуруу жана каттоо документтери, лицензиялары болууга; - сатып жаткан жарандык жана кызматтык куралга жана анын патрондоруна сертификаты, көрсөтүлгөн куралды сактоого ички иштер органдарынын уруксаты болууга; - аны сатып алууга уруксат талап кылынбаган куралды кошпогондо, куралдын ошол түрүн сатып алууга уруксатты көрсөтүүнү сатып алуучудан талап кылууга; - сатылып алынган жана сатылган куралдын эсебин камсыз кылууга, ошондой эле эсептик документтерди 10 жыл бою сактоого; - сатылган жарандык жана кызматтык курал жана анын патрондору, алардын сатып алуучулары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан белгиленген форма боюнча маалыматтарды ай сайын ички иштер органдарына берип турууга; - сатылган өзүн-өзү коргоонун газ тапанчаларын жана револьверлерди, атылуучу найсыз куралды, белги берүүчү куралды, Кыргыз Республикасынын элдеринин күрмөлөрү менен кошо кийүүгө арналган канжарларды сатып алуучунун уруксатында каттоого; - куралдын сакталышын жана аны сактоодогу коопсуздугун камсыз кылууга; - мамлекеттик ок-жез сактоочу жайга сатылуучу кызматтык жана жарандык сайлуу куралдан атылган окторду жана жездерди Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан каралган тартипте берүүгө милдеттүү. Номери жана белгиси жок жарандык жана кызматтык курал, ошондой эле алардын ылайык келүү сертификаты жок патрондору сатылууга тийиш эмес. Куралды сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга туура келбеген юридикалык жактарга жарандык жана кызматтык куралды, ал эми алардын патрондорун көрсөтүлгөн куралды сактоого же сактоого жана алып жүрүүгө уруксатты көрсөтпөгөн юридикалык жактарга сатууга тыюу салынат. Жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун сатууга лицензиясы бар юридикалык жактарга, ошол эле соода залында куралды жана спорттук, аңчылык жана балык уулоочулук жабдууларды жана куралдын корлук бөлүктөрүн албаганда, товарлардын башка түрлөрүн чогуу сатууга тыюу салынат. Жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоо лицензиясы жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоочу юридикалык жактарга өз филиалдарын ачууга укук бербейт. |
| Кыргыз Республикасынын "Үрөн жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 1997 г., № 6, ст.231) кийинки өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: | |
| 3-статья. Үрөндөр боюнча ишти жүзөгө ашыруучу органдар 1. Кыргыз Республикасында үрөндөр боюнча ишти башкаруучу, жөнгө салуучу жана аткаруучу органдар жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлиги жана анын тиешелүү ыйгарым укуктуу структуралары, ал эми токой чарбасынын тармактарында - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Токой чарбасы боюнча мамлекеттик агентство (мындан ары ушул Мыйзамдын текстинде - "айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы" деп аталат) башкаруучу органдар болуп эсептелет. 2. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июнундагы № 69 Мыйзамына ылайык күчүн жоготкон) 3. Үрөнчүлүк боюнча Республикалык (ведомстволор аралык) кеңеш координациялоочу орган болуп эсептелет, ал ишке таламдаш тараптардын жана үрөндөрдү өндүрүүчү адамдардын, ортомчулардын жана керектөөчүлөрдүн өкүлдөрүнөн турат. Ал үрөнчүлүктү өнүктүрүүнүн стратегиясын жана тактикасын аныктайт, субъектилердин өз ара мамилелерин жөнгө салуучу актыларды иштеп чыгат жана жактырат. 4. Төмөндөгүдөй иштерди жасоого ыйгарым укуктары бар субъекттер аткаруу органдары болуп саналат: 1) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жана гибриддерди Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик сыноодон өткөрүүгө жол берүүгө, селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоого алуу үчүн сортторду тесттен өткөрүүгө; 2) айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн жана отургузуучу материалдын сортторун жана себүү сапатын мамлекеттик контролдоого, үрөндөргө [ылайыктуулук сертификатын жана] күбөлүктөрүн берүүгө. | 3-статья. Үрөндөр боюнча ишти жүзөгө ашыруучу органдар 1. Кыргыз Республикасында үрөндөр боюнча ишти башкаруучу, жөнгө салуучу жана аткаруучу органдар жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлиги жана анын тиешелүү ыйгарым укуктуу структуралары, ал эми токой чарбасынын тармактарында - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Токой чарбасы боюнча мамлекеттик агентство (мындан ары ушул Мыйзамдын текстинде - "айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы" деп аталат) башкаруучу органдар болуп эсептелет. 2. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июнундагы № 69 Мыйзамына ылайык күчүн жоготкон) 3. Үрөнчүлүк боюнча Республикалык (ведомстволор аралык) кеңеш координациялоочу орган болуп эсептелет, ал ишке таламдаш тараптардын жана үрөндөрдү өндүрүүчү адамдардын, ортомчулардын жана керектөөчүлөрдүн өкүлдөрүнөн турат. Ал үрөнчүлүктү өнүктүрүүнүн стратегиясын жана тактикасын аныктайт, субъектилердин өз ара мамилелерин жөнгө салуучу актыларды иштеп чыгат жана жактырат. 4. Төмөндөгүдөй иштерди жасоого ыйгарым укуктары бар субъекттер аткаруу органдары болуп саналат: 1) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жана гибриддерди Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик сыноодон өткөрүүгө жол берүүгө, селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоого алуу үчүн сортторду тесттен өткөрүүгө; 2) айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн жана отургузуучу материалдын сортторун жана себүү сапатын мамлекеттик контролдоого, үрөндөргө күбөлүктөрүн берүүгө. |
| 4-статья. Сорттук үрөндөрдү өндүрүүнүн жана сертификациялоонун принциптери 1. Кыргыз Республикасында үрөндүк материалды өндүрүү Кыргыз Республикасында иштелип чыккан, ошондой эле ОЕСДынын схемаларына ылайык схемалар боюнча жүзөгө ашырылат, ал бардык сорттук үрөн өндүрүүчүлөр үчүн милдеттүү болуп эсептелет. Схемалар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аларды көбөйтүүдө түшүнүктөрдү бирдей абалга келтирүүнү камсыз кылууга жана төмөндөгү принциптерге жооп берүүгө тийиш: - схемаларда үрөндөрдүн өзгөчөлөнгөн, элиталык жана баштапкы жана кийинки муундарынын репродукцияларынын категориялары таанылат; - схемалар өсүмдүктүн сортторун сыноо боюнча ыйгарым укугу бар органда сыноодон өткөн жана Мамлекеттик реестрине киргизилген сортторго таандык кылынат; - үрөндөрдүн корголуучу сортторун өстүрүү жана сатып өткөрүү үрөндөрдүн патент ээлеринин уруксаты менен гана жүргүзүлөт; - айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органынын жетекчисинин буйругу менен аныкталган ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан инспекциядан өткөрүлөт, гибриддештирилген участоктор жеринде иликтенет; - үрөндөрдүн сортторун репродукциялоонун саны патент ээси менен үрөндөрдү өндүрүүчүнүн ортосундагы лицензиялык келишим менен бекем чектелет; - үрөндөрдүн сортторун кийин алып келүү үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде көбөйтүү сорттун оригинатору менен консультациядан кийин макулдашкан тараптардын айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы менен макулдашылган схемасы боюнча контракт (келишим) боюнча жүзөгө ашырылат; - сорттун оригинаторлору оригиналдуу үрөндөрдүн мындай сортторунун камсыздандырылган жана өтмө запасын айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органынын тиешелүү ченемдик актысы менен аныкталуучу көлөмүндө такай кармап турууга милдеттүү. 2. Себүү жана сатып өткөрүү үчүн пайдаланылган сорттук үрөндөр айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы тарабынан бекитилүүчү өсүмдүктөрдүн тизмесинин негизинде инспекциялоо жана апробациялоо органы тарабынан милдеттүү түрдө сертификациядан өткөрүлөт. [Экспорттолуучу үрөндөр ылайык келүүнүн эл аралык сертификаты менен коштолот. Ылайык келүү сертификатын берүүнүн өзгөчө укугу үрөндүк материалды инспекциялоо жана апробациялоо органына таандык.] Үрөндөрдүн сорттук же жалпы сапаттарына айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органынын тапшырмасы боюнча документти берүү укугу мамлекеттик үрөнчүлүк кызматтарына, мамлекеттик үрөн инспекцияларына (токой өсүмдүктөрүнүн жана пахтанын үрөнүн даярдоо боюнча станцияларга), ошондой эле айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органынын тапшырмасы боюнча - аккредиттештирилген лабораторияларга берилет. Үрөндүк материалдын, кыртыш контролунун инспекциясын, үрөндүн текшерилүүчү үлгүсүн тандап алуунун жана талдоонун методдору Кыргыз Республикасында иштелип чыккан эрежелерге, ошондой эле ОЕСД жана ИСТАнын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат. Милдеттүү түрдө инспекциялана турган өсүмдүктөрдүн тизмесине кирбей калган сорттуу үрөндөр баштык, каптагы жана сапаттын коштомо документтеринде көрсөтүлгөндөргө ылайык көбөйтүлөт жана сатып өткөрүлөт. 3. Сортторду жана гибриддерди сыноо боюнча мамлекеттик комиссия (мындан ары - Мамкомиссия) талаадагы жана лабораториялык сыноолордун негизинде республиканын ар кандай кыртыш-климаттык зоналар үчүн өсүмдүктөрдүн сортторунун, гибриддердин чарбалык пайдалуулугун аныктайт, жаны сорттун айырмалуулугун, бир түрдүүлүгүн жана туруктуулугун сактоо жөндөмдүүлүгүнүн критерийлерине ылайык келтирет. Мамкомиссия сыноо өткөргөн учурда сорттун оригинаторунун же үрөндөрдүн ээлеринин маалыматтарын пайдалана алат. 4. Айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берүү үчүн талаадагы сыноолордон өтүүгө милдеттүү болгон өсүмдүктөрдүн тизмеги аныкталат. 5. Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген сорттор, гибриддер Мамлекеттик реестрге киргизилет. Бул үчүн сорт төмөнкүдөй талаптарга ылайык келиши керек: а) сорттун, анын келип чыгышынын жана селекциясынын методунун сыпаттамасына ылайык келген баяндамасы болууга; б) сорттун тиешелүү аты болууга; в) үрөндүн сортторун сыноо боюнча органда өсүмдүктөрдүн сортторунун үлгүсү болууга тийиш. 6. Мамлекеттик реестр жалпыга маалымдоо каражаттарында жылына кеминде бир жолу жарыяланып турат. Сортту эсепке алуунун шарттары сакталбаганда өсүмдүктөрдүн сортторун сыноо боюнча орган сортту реестрден чыгарып салуу жөнүндө сунуш киргизе алат. | 4-статья. Сорттук үрөндөрдү өндүрүүнүн жана сертификациялоонун принциптери 1. Кыргыз Республикасында үрөндүк материалды өндүрүү Кыргыз Республикасында иштелип чыккан, ошондой эле ОЕСДынын схемаларына ылайык схемалар боюнча жүзөгө ашырылат, ал бардык сорттук үрөн өндүрүүчүлөр үчүн милдеттүү болуп эсептелет. Схемалар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аларды көбөйтүүдө түшүнүктөрдү бирдей абалга келтирүүнү камсыз кылууга жана төмөндөгү принциптерге жооп берүүгө тийиш: - схемаларда үрөндөрдүн өзгөчөлөнгөн, элиталык жана баштапкы жана кийинки муундарынын репродукцияларынын категориялары таанылат; - схемалар өсүмдүктүн сортторун сыноо боюнча ыйгарым укугу бар органда сыноодон өткөн жана Мамлекеттик реестрине киргизилген сортторго таандык кылынат; - үрөндөрдүн корголуучу сортторун өстүрүү жана сатып өткөрүү үрөндөрдүн патент ээлеринин уруксаты менен гана жүргүзүлөт; - айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органынын жетекчисинин буйругу менен аныкталган ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан инспекциядан өткөрүлөт, гибриддештирилген участоктор жеринде иликтенет; - үрөндөрдүн сортторун репродукциялоонун саны патент ээси менен үрөндөрдү өндүрүүчүнүн ортосундагы лицензиялык келишим менен бекем чектелет; - үрөндөрдүн сортторун кийин алып келүү үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде көбөйтүү сорттун оригинатору менен консультациядан кийин макулдашкан тараптардын айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы менен макулдашылган схемасы боюнча контракт (келишим) боюнча жүзөгө ашырылат; - сорттун оригинаторлору оригиналдуу үрөндөрдүн мындай сортторунун камсыздандырылган жана өтмө запасын айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органынын тиешелүү ченемдик актысы менен аныкталуучу көлөмүндө такай кармап турууга милдеттүү. 2. Себүү жана сатып өткөрүү үчүн пайдаланылган сорттук үрөндөр айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы тарабынан бекитилүүчү өсүмдүктөрдүн тизмесинин негизинде инспекциялоо жана апробациялоо органы тарабынан милдеттүү түрдө сертификациядан өткөрүлөт. ЭКСПОРТТОЛУУЧУ ҮРӨНДӨР ЫЛАЙЫК КЕЛҮҮНҮН ЭЛ АРАЛЫК СЕРТИФИКАТЫ ИМПОРТЕРЛОРДУН ТАЛАБЫ БОЮНЧА КОШТОЛОТ. ТӨРТҮНЧҮ АБЗАЦ КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. Үрөндөрдүн сорттук же жалпы сапаттарына айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органынын тапшырмасы боюнча документти берүү укугу мамлекеттик үрөнчүлүк кызматтарына, мамлекеттик үрөн инспекцияларына (токой өсүмдүктөрүнүн жана пахтанын үрөнүн даярдоо боюнча станцияларга), ошондой эле айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органынын тапшырмасы боюнча - аккредиттештирилген лабораторияларга берилет. Үрөндүк материалдын, кыртыш контролунун инспекциясын, үрөндүн текшерилүүчү үлгүсүн тандап алуунун жана талдоонун методдору Кыргыз Республикасында иштелип чыккан эрежелерге, ошондой эле ОЕСД жана ИСТАнын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат. Милдеттүү түрдө инспекциялана турган өсүмдүктөрдүн тизмесине кирбей калган сорттуу үрөндөр баштык, каптагы жана сапаттын коштомо документтеринде көрсөтүлгөндөргө ылайык көбөйтүлөт жана сатып өткөрүлөт. 3. Сортторду жана гибриддерди сыноо боюнча мамлекеттик комиссия (мындан ары - Мамкомиссия) талаадагы жана лабораториялык сыноолордун негизинде республиканын ар кандай кыртыш-климаттык зоналар үчүн өсүмдүктөрдүн сортторунун, гибриддердин чарбалык пайдалуулугун аныктайт, жаны сорттун айырмалуулугун, бир түрдүүлүгүн жана туруктуулугун сактоо жөндөмдүүлүгүнүн критерийлерине ылайык келтирет. Мамкомиссия сыноо өткөргөн учурда сорттун оригинаторунун же үрөндөрдүн ээлеринин маалыматтарын пайдалана алат. 4. Айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берүү үчүн талаадагы сыноолордон өтүүгө милдеттүү болгон өсүмдүктөрдүн тизмеги аныкталат. 5. Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген сорттор, гибриддер Мамлекеттик реестрге киргизилет. Бул үчүн сорт төмөнкүдөй талаптарга ылайык келиши керек: а) сорттун, анын келип чыгышынын жана селекциясынын методунун сыпаттамасына ылайык келген баяндамасы болууга; б) сорттун тиешелүү аты болууга; в) үрөндүн сортторун сыноо боюнча органда өсүмдүктөрдүн сортторунун үлгүсү болууга тийиш. 6. Мамлекеттик реестр жалпыга маалымдоо каражаттарында жылына кеминде бир жолу жарыяланып турат. Сортту эсепке алуунун шарттары сакталбаганда өсүмдүктөрдүн сортторун сыноо боюнча орган сортту реестрден чыгарып салуу жөнүндө сунуш киргизе алат. |
| Кыргыз Республикасынын "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 1998 г., № 9, ст.311) кийинки өзгөртүү киргизилсин: | |
| 4-статья. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамда белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган аркылуу 3-статьяда саналып өткөн баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырат. 2. Мамлекеттик монополия баалуу металлдардын уютмаларына, баалуу металлдар менен асыл таштардын казыналары, археологиялык табылгалар, [тарыхый, көркөм жана материалдык зор баалуулугу бар баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган антиквардык жана зергердик ажайып буюмдар] менен байланыштуу операцияларга жайылтылат. 3. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар боюнча ыйгарым укук берилген банктардын иш аракети ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган менен макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынат. | 4-статья. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамда белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган аркылуу 3-статьяда саналып өткөн баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырат. 2. Мамлекеттик монополия баалуу металлдардын уютмаларына, баалуу металлдар менен асыл таштардын казыналары, археологиялык табылгалар, менен байланыштуу операцияларга жайылтылат. 3. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар боюнча ыйгарым укук берилген банктардын иш аракети ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган менен макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынат. |
| Кыргыз Республикасынын "Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 2001 г., № 10, ст.374) кийинки өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: | |
| 6-статья. Өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы Өнөр жай коопсуздугу жаатында мамлекеттик жөнгө салууну өнөр жай коопсуздугу жаатында уруксат берүү, милдеттери жүктөлгөн атайын ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин органы жүргүзөт. | 6-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: 6-статья. Өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы Өнөр жай коопсуздугу жаатында мамлекеттик жөнгө салууну өнөр жай коопсуздугу жаатында уруксат берүү, милдеттери жүктөлгөн атайын ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин органы жүргүзөт. Өнөр жай коопсуздугу жаатында мамлекеттик жөнгө салууну текшерүү жана көзөмөлдөө, текшерүү жана көзөмөлдөө милдеттери жүктөлгөн атайын ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин органы жүргүзөт. |
| 13-статья. Коркунучтуу өндүрүш обьекттерин пайдаланган уюмдарга коюлуучу өнөр жай коопсуздугунун талаптары 1. Ушул Мыйзамдын жоболорун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка укуктук ченемдик актыларын, ошондой эле өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ченемдик техникалык документтердин талаптарын сактоо. [2. Коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланууга берилген уруксаттын болушу.] 3. Белгиленген талаптарга ылайык коркунучтуу өндүрүш объектинин кызматкерлеринин штатын кызматчылар менен толук камсыз кылуу. 4. Өнөр жай коопсуздугу жаатында кызматчыларды даярдоо жана аттестациядан өткөрүү. 5. Коркунучтуу өндүрүш объектинде жумуштарды жүргүзүү эрежелерин белгилөөчү ченемдик укуктук актыларынын жана ченемдик техникалык документтердин болушу. 6. Белгиленген талаптарга ылайык өндүрүш процессин көзөмөлдөөчү зарыл аспаптардын жана тутумдардын болушу жана иштеши. 7. Имараттардын өнөр жай коопсуздугу жаатында экспертизасын жүргүзүү, ошондой эле коркунучтуу өндүрүш объектинде колдонулуучу курулуштарды жана техникалык түзүлүштөрдү диагноздоону, сыноону, күбөлөндүрүүнү белгиленген мөөнөттө, атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органынын тийиштүү тартиптеги көрсөтмөсү боюнча жүргүзүү. 8. Коркунучтуу өндүрүш объектине бөтөн адамдардын киришине жол бербөө. 9. Коркунучтуу заттарды сактоонун эрежелерин аткаруу. 10. Өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органынын (кызмат адамдарынын) укуктарына ылайык берилүүчү буйруктарын жана талаптарын аткаруу. 11. Коркунучтуу объектинде кырсык болгондо же бузулганда, ошондой эле өнөр жай коопсуздугуна таасир кылуучу жаңы шарттар кайрадан түзүлгөнү белгилүү болгондо өз алдынча же өнөр жай коопсуздугу жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлик органынын талабы боюнча коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланууну токтото туруу. 12. Коркунучтуу өндүрүш объектиндеги кырсыктын техникалык тергөөсүнө катышуу, аныкталган себептерди четтетүү жана мындай кырсыктардын алдын алуу чараларын көрүү. 13. Коркунучтуу өндүрүш объектиндеги бузулуунун келип чыгуу себептерин талдоо, аныкталган себептерди четтетүү жана мындай бузулуулардын алдын алуу чараларын көрүү. 14. Өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлик органына, аймактык органдарына, ошондой эле мамлекеттик бийликтин башка органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана калкка коркунучтуу өндүрүш объектинде болгон кырсык жөнүндө өз убагында белгиленген тартипте маалымат берүү. 15. Коркунучтуу өндүрүш объекттеринде кырсык болгон учурда жумушчулардын өмүрүн жана ден соолугун коргоочу чараларды көрүү. 16. Коркунучтуу өндүрүш объектиндеги кыйроолордун жана бузулуулардын эсебин алуу. 17. Өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлик органына кырсыктардын жана бузулуулардын саны, себептери жана кандай чаралар көрүлгөндүгү тууралу маалыматтарды берүү. | 13-статья. Коркунучтуу өндүрүш обьекттерин пайдаланган уюмдарга коюлуучу өнөр жай коопсуздугунун талаптары 1. Ушул Мыйзамдын жоболорун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка укуктук ченемдик актыларын, ошондой эле өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ченемдик техникалык документтердин талаптарын сактоо. 2. Коркунучтуу өндүрүш объектин (ГЕОЛОГИЯЛЫК ЧАЛГЫНДОО ЖАНА ТОО-КЕН ИШТЕРИ ҮЧҮН ГАНА) пайдаланууга берилген уруксаттын болушу. 3. Белгиленген талаптарга ылайык коркунучтуу өндүрүш объектинин кызматкерлеринин штатын кызматчылар менен толук камсыз кылуу. 4. Өнөр жай коопсуздугу жаатында кызматчыларды даярдоо жана аттестациядан өткөрүү. 5. Коркунучтуу өндүрүш объектинде жумуштарды жүргүзүү эрежелерин белгилөөчү ченемдик укуктук актыларынын жана ченемдик техникалык документтердин болушу. 6. Белгиленген талаптарга ылайык өндүрүш процессин көзөмөлдөөчү зарыл аспаптардын жана тутумдардын болушу жана иштеши. 7. Имараттардын өнөр жай коопсуздугу жаатында экспертизасын жүргүзүү, ошондой эле коркунучтуу өндүрүш объектинде колдонулуучу курулуштарды жана техникалык түзүлүштөрдү диагноздоону, сыноону, күбөлөндүрүүнү белгиленген мөөнөттө, атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органынын тийиштүү тартиптеги көрсөтмөсү боюнча жүргүзүү. 8. Коркунучтуу өндүрүш объектине бөтөн адамдардын киришине жол бербөө. 9. Коркунучтуу заттарды сактоонун эрежелерин аткаруу. 10. Өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органынын (кызмат адамдарынын) укуктарына ылайык берилүүчү буйруктарын жана талаптарын аткаруу. 11. Коркунучтуу объектинде кырсык болгондо же бузулганда, ошондой эле өнөр жай коопсуздугуна таасир кылуучу жаңы шарттар кайрадан түзүлгөнү белгилүү болгондо өз алдынча же өнөр жай коопсуздугу жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлик органынын талабы боюнча коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланууну токтото туруу. 12. Коркунучтуу өндүрүш объектиндеги кырсыктын техникалык тергөөсүнө катышуу, аныкталган себептерди четтетүү жана мындай кырсыктардын алдын алуу чараларын көрүү. 13. Коркунучтуу өндүрүш объектиндеги бузулуунун келип чыгуу себептерин талдоо, аныкталган себептерди четтетүү жана мындай бузулуулардын алдын алуу чараларын көрүү. 14. Өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлик органына, аймактык органдарына, ошондой эле мамлекеттик бийликтин башка органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана калкка коркунучтуу өндүрүш объектинде болгон кырсык жөнүндө өз убагында белгиленген тартипте маалымат берүү. 15. Коркунучтуу өндүрүш объекттеринде кырсык болгон учурда жумушчулардын өмүрүн жана ден соолугун коргоочу чараларды көрүү. 16. Коркунучтуу өндүрүш объектиндеги кыйроолордун жана бузулуулардын эсебин алуу. 17. Өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлик органына кырсыктардын жана бузулуулардын саны, себептери жана кандай чаралар көрүлгөндүгү тууралу маалыматтарды берүү. |
| 19-статья. Өнөр жай коопсуздугун экспертизалоо Өнөр жай коопсуздугун экспертизалоодон: коркунучтуу өндүрүш объектин курууга, кеңейтүүгө, реконструкциялоого, техникалык жактан кайра жабдууга, консервациялоого жана жоюуга карата даярдалган долбоордук документтер; коркунучтуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөр; коркунучтуу өндүрүш объектиндеги имараттар жана курулуштар; өнөр жай коопсуздугунун декларациясы жана коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланууга байланышкандан да бөлөк документтер өтүүгө тийиш. Өнөр жай коопсуздугунун [экспертизасын бул экспертизаны жүргүзүүгө атайын уруксаты бар уюм жүргүзөт, экспертиза] коркунучтуу өндүрүш объектти пайдаланууга ниеттенген же аны пайдаланган уюмдун эсебинен жүргүзүлөт. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасын ишке ашыруу тартиби жана өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын тыянагын даярдоого карата талаптар, [өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы] тарабынан белгиленет. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасы белгиленген тартипте бир эле учурда башка экспертизаларды жүргүзүү менен ишке ашырылышы мүмкүн. | 19-статья. Өнөр жай коопсуздугун экспертизалоо Өнөр жай коопсуздугун экспертизалоодон: коркунучтуу өндүрүш объектин курууга, кеңейтүүгө, реконструкциялоого, техникалык жактан кайра жабдууга, консервациялоого жана жоюуга карата даярдалган долбоордук документтер; коркунучтуу өндүрүш обьекттеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөр; коркунучтуу өндүрүш объектиндеги имараттар жана курулуштар; өнөр жай коопсуздугунун декларациясы жана коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланууга байланышкандан да бөлөк документтер өтүүгө тийиш. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасы коркунучтуу өндүрүш объектти пайдаланууга ниеттенген же аны пайдаланган уюмдун эсебинен жүргүзүлөт. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасын ишке ашыруу тартиби жана өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын тыянагын даярдоого карата талаптар, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ тарабынан белгиленет. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасы белгиленген тартипте бир эле учурда башка экспертизаларды жүргүзүү менен ишке ашырылышы мүмкүн. |
| Кыргыз Республикасынын "Мунай жана газ жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 1998 г., № 9, ст. 327) кийинки өзгөртүүлөр киргизилсин: | |
| 7-статья. Лицензиялык ишти жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Лицензиялык ишти жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар лицензиялоо боюнча даярдык көрүү иштерин жүзөгө ашырат жана: [- мунайды жана жаратылыш газын издөөгө, чалгындоого, иштетүүгө (алууга);] - жаратылыш газын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана сатууга, мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүүгө лицензияларды берет. Жер казынасын пайдаланууга укук берген лицензияларды берүү боюнча конкурстук комиссияларды бекитүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамга ылайык мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашырууга укук берген лицензияларды берүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктайт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мунайгаз тармагындагы иштин башка түрлөрүнө лицензия берүү укугун башка мамлекеттик органдарга берүү укугуна ээ болот. | 7-статья. Лицензиялык ишти жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Лицензиялык ишти жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар лицензиялоо боюнча даярдык көрүү иштерин жүзөгө ашырат жана: - 7-СТАТЬЯНЫН 1-БӨЛҮГҮНДӨГҮ ЭКИНЧИ АБЗАЦ КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН; - жаратылыш газын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана сатууга, мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүүгө лицензияларды берет. Жер казынасын пайдаланууга укук берген лицензияларды берүү боюнча конкурстук комиссияларды бекитүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамга ылайык мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашырууга укук берген лицензияларды берүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктайт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мунайгаз тармагындагы иштин башка түрлөрүнө лицензия берүү укугун башка мамлекеттик органдарга берүү укугуна ээ болот. |
| 12-статья. Мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашырууга берилүүчү лицензиялардын түрлөрү жана лицензиялык ишти жүзөгө ашырууга укук берүү Лицензиялар "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мунайгаз тармагындагы иштин түрлөрүнө берилет. Лицензияга ээ болгон уюм мунайгаз тармагындагы иштин тиешелүү түрүнө карата артыкчылык укугуна ээ болот. Издөө иштеринде мунай жана жаратылыш газы чыккан жерлер ачылган учурда, лицензиат аларды [чалгындоого, иштетүүгө (алууга), сактоого, кайра иштетүүгө, ташууга жана сатууга] карата өзгөчө укукка ээ болот. | 12-статья. Мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашырууга берилүүчү лицензиялардын түрлөрү жана лицензиялык ишти жүзөгө ашырууга укук берүү Лицензиялар "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мунайгаз тармагындагы иштин түрлөрүнө берилет. Лицензияга ээ болгон уюм мунайгаз тармагындагы иштин тиешелүү түрүнө карата артыкчылык укугуна ээ болот. Издөө иштеринде мунай жана жаратылыш газы чыккан жерлер ачылган учурда, лицензиат аларды ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫН ӨНДҮРҮҮГӨ, БЕРҮҮГӨ, БӨЛҮШТҮРҮҮГӨ ЖАНА САТУУГА, МУНАЙДЫ ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫН КАЙРА ИШТЕТҮҮГӨ карата өзгөчө укукка ээ болот. |
| Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 1996 г., № 7, ст. 102) кийинки өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: | |
| 1-статья. Жекече детективдик ишмердик Ушул Мыйзам боюнча жекече детективдик ишмердик катары [ички иштер органдарынан атайын уруксат (лицензия) алган] жекече детективдердин жеке жана юридикалык жактардын мыйзамдуу укуктарын жана таламдарын коргоо үчүн келишимдик негизде акы алынуучу кызмат көрсөтүүсү аныкталат. Жекече детективдик иш жүргүзгөн граждандарга укук коргоо органдарынын кызматкерлерине мыйзамдардын негизинде берилүүчү укуктук статус берилбейт. Жекече детективдик иш жүргүзгөн адамдардын мыйзам боюнча алгачкы иликтөө органдарынын гана компетенциясына кирүүчү оперативдүү-издөө иш-аракеттерин жүргүзүүгө укугу жок. | 1-статья. Жекече детективдик ишмердик Ушул Мыйзам боюнча жекече детективдик ишмердик катары жекече детективдердин жеке жана юридикалык жактардын мыйзамдуу укуктарын жана таламдарын коргоо үчүн келишимдик негизде акы алынуучу кызмат көрсөтүүсү аныкталат. Жекече детективдик иш жүргүзгөн граждандарга укук коргоо органдарынын кызматкерлерине мыйзамдардын негизинде берилүүчү укуктук статус берилбейт. Жекече детективдик иш жүргүзгөн адамдардын мыйзам боюнча алгачкы иликтөө органдарынын гана компетенциясына кирүүчү оперативдүү-издөө иш-аракеттерин жүргүзүүгө укугу жок. |
| 4-статья. Жекече детектив Жекече детектив деп жекече иликтөө ишмердигин жүргүзүүгө [мыйзамда белгиленген тартипте лицензия алган жана] ушул Мыйзамдын 3-статьясынын 2-бөлүгүндө айтылган кызматтарды аткарган Кыргыз Республикасынын гражданы таанылат. Иликтөө иши жекече детективдин негизги иши болот, аны мамлекеттик кызмат же коомдук бирикмелерде эмгек акы төлөнүүчү шайланма кызмат менен кошуп аткарууга уруксат берилбейт. | 4-статья. Жекече детектив Жекече детектив деп жекече иликтөө ишмердигин жүргүзүүгө ушул Мыйзамдын 3-статьясынын 2-бөлүгүндө айтылган кызматтарды аткарган Кыргыз Республикасынын гражданы таанылат. Иликтөө иши жекече детективдин негизги иши болот, аны мамлекеттик кызмат же коомдук бирикмелерде эмгек акы төлөнүүчү шайланма кызмат менен кошуп аткарууга уруксат берилбейт. МЫЙЗАМ ТӨМӨНКҮДӨЙ МАЗМУНДАГЫ 4-1-СТАТЬЯ МЕНЕН ТОЛУКТАЛСЫН: 4-1-статья. Жекече детективдик ишканалар Жекече детективдер юридикалык жак макамына ээ жекече детективдик ишкана түзө алышат. Алардын жетекчилерине коюлуучу милдеттүү талап, жогорку юридикалык билими болушу зарыл. Эгерде жекече детективдик ишкана ишмердүүлүгү атайын каражаттарды сатып алуу, эсепке алуу, сактоо, алып жүрүү жана колдонуу менен байланыштуу болсо, кызматкерлер ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 3-бөлүгүнүн талабына ылайык лицензия алууга милдеттүү. |
| 5-статья. Жекече детективдердин жана жекече детективдик ишканалардын укуктары жана иштөө аракеттери Жекече иликтөөчүлүк иштин жүрүшүндө жекече детективдер жана алардын ишканалары төмөндөгүлөргө укуктуу: - менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, уюмдардан өздөрүнүн суроо-талабы боюнча маалыматтарды жана документтердин көчүрмөлөрүн алууга; - тийиштүү маселелер боюнча сурамжылоого; - буюмдарга жана документтерге (алардын ээлеринин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен) байкоо жүргүзүүгө; - граждандарга, кызмат адамдарына (алардын макулдугу менен) оозеки суроо жүргүзүүгө; - менчиктин ээсинин же анын өкүлүнүн макулдугу менен имараттардын, башка жайлардын аймагын карап чыгууга; - атайын билимди талап кылган маселелерди чечүү үчүн адистердин пикирин суратууга; - граждандардын жана уюмдардын мыйзамдуу мүдөөлөрүнө жана укуктарына шек келтирген адамдарды кармоого жана токтоосуз түрдө ИИМдин органдарына жеткирүүгө; [- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын каражаттарды алып жүрүүгө, аны сактоого жана колдонууга.] Жекече иликтөө ишин жүргүзүүдө видео- жана үн жазмаларды, кинофото сүрөттөрдү, граждандардын өмүрүнө, саламаттыгына жана айлана-чөйрөгө зыянсыз техникалык жана башка каражаттарды, ошондой эле оперативдүү радио жана телефон байланышын пайдаланууга болот. Жекече детективдерге өз өмүрү менен саламаттыгына опурталдуу кызматтарды аткаруу зарыл болгон учурларда, аларга атайын каражаттарды пайдаланууга уруксат берилет. Ал каражаттардын түрлөрү, аларды сатып алуунун, каттоонун, сактоонун жана алып жүрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. | 5-статья. Жекече детективдердин жана жекече детективдик ишканалардын укуктары жана иштөө аракеттери Жекече иликтөөчүлүк иштин жүрүшүндө жекече детективдер жана алардын ишканалары төмөндөгүлөргө укуктуу: - менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, уюмдардан өздөрүнүн суроо-талабы боюнча маалыматтарды жана документтердин көчүрмөлөрүн алууга; - тийиштүү маселелер боюнча сурамжылоого; - буюмдарга жана документтерге (алардын ээлеринин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен) байкоо жүргүзүүгө; - граждандарга, кызмат адамдарына (алардын макулдугу менен) оозеки суроо жүргүзүүгө; - менчиктин ээсинин же анын өкүлүнүн макулдугу менен имараттардын, башка жайлардын аймагын карап чыгууга; - атайын билимди талап кылган маселелерди чечүү үчүн адистердин пикирин суратууга; - граждандардын жана уюмдардын мыйзамдуу мүдөөлөрүнө жана укуктарына шек келтирген адамдарды кармоого жана токтоосуз түрдө ИИМдин органдарына жеткирүүгө; - 1-БӨЛҮКТҮН ТОГУЗУНЧУ АБЗАЦЫ КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. Жекече иликтөө ишин жүргүзүүдө видео- жана үн жазмаларды, кинофото сүрөттөрдү, граждандардын өмүрүнө, саламаттыгына жана айлана-чөйрөгө зыянсыз техникалык жана башка каражаттарды, ошондой эле оперативдүү радио жана телефон байланышын пайдаланууга болот. Жекече детективдерге өз өмүрү менен саламаттыгына опурталдуу кызматтарды аткаруу зарыл болгон учурларда, аларга атайын каражаттарды пайдаланууга уруксат берилет. Ал каражаттардын түрлөрү, аларды сатып алуунун, каттоонун, сактоонун жана алып жүрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. СТАТЬЯ ТӨМӨНКҮДӨЙ МАЗМУНДАГЫ 4 ЖАНА 5-БӨЛҮКТӨР МЕНЕН ТОЛУКТАЛСЫН: Жекече детективдердин жана жекече детективдик ишканалардын ишмердүүлүгүндө атайын каражаттарды колдонууга, атайын каражаттарды сатып алуу, эсепке алуу, сактоо жана алып жүрүү менен байланышкан жекече детективдик ишмердүүлүгүнө лицензия алгандан кийин уруксат берилет. Аны сатып алуу тартиби, түрлөрү, эсепке алуу, сактоо жана алып жүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. |
| 9-статья. Жекече детективдерге лицензия берүү Кыргыз Республикасынын аймагында жекече иликтөөчүлүк ишмердикке лицензияны ички иштер органдары берет. Жекече детективдик ишке талапкер болуп лицензия алмакчы болгон граждан тиешелүү ички иштер органына өз колу менен төмөнкү документтерди тапшырууга милдеттүү: анкетасын; фото сүрөтүн; саламаттыгы жөнүндө медициналык справканы; граждандыгын, юридикалык билими бар экенин же жекече иликтөөчү болуп иштөө үчүн атайын даярдыктан өткөнүн, же оперативдүү тергөө бөлүктөрүндө иштеген үч жылдан кем эмес стажы барын билдирген документтерин; атайын каражаттардын, байланыш каражаттарынын же башка техникалык каражаттардын керектигин жана аларды пайдалануу ниетин билдирген маалыматтарды. Ички иштер органдары лицензия берүү маселелерин чечүү үчүн керектүү документтерде айтылган маалыматтардын чындыгын текшерүүгө, анын ичинде лицензия алмакчы болгон талапкер граждан менен аңгемелешип, аны текшерүүгө укуктуу. Лицензия төмөнкүлөргө берилбейт: 1) 21 жашка толо элек граждандарга; 2) саламаттык сактоо органдарында психикалык оорусуна, аракечтигине же баңгилигине байланыштуу каттоодо турган граждандарга; 3) атайлап жасаган кылмышы үчүн соттолгон граждандарга; 4) кылмыш жасады деп күнөө коюлган граждандарга (алардын күнөөлүү экендиги жөнүндө маселе мыйзамда аныкталган тартипте чечилгенге чейин); 5) укук коргоо органдарынын жекече детективдик жана сакчылык ишмердикке көзөмөл жүргүзгөн мурдагы кызматкерлерине, эгер кызматтан бошонгонуна бир жыл толо элек болсо; 6) ушул статьянын экинчи бөлүгүндө аталган документтерин тапшырбаган граждандарга. Жекече детективдик иш үчүн лицензия алмакчы болгон граждан арыз бергенден кийин лицензия бир айдын ичинде ички иштер органы тарабынан үч жылдык мөөнөткө берилет жана мамлекеттик каттоодон өтүү үчүн негиз болот. Лицензия берүүдө алынуучу төлөмдүн тартиби жана өлчөмү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде аныкталат. Лицензия берүүдөн баш тартылган учурда ички иштер органы арыз берген гражданга бул жөнүндө баш тартуунун себебин көрсөтүп жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Мындай чечимге же арызды кароонун мөөнөтүнүн кечиктирилгендигине байланыштуу жогору турган ички иштер органына же сотко даттанууга болот. Жекече детективдик ишке лицензия алган гражданга тиешелүү ички иштер органы аным ким экенин күбөлөндүргөн атайын үлгүдөгү документти берет. | 9-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: 9-статья. Жекече детективдик ишмердигин лицензиялоо Атайын каражаттарды сатып алуу, сактоо, алып жүрүү жана колдонуу учуру менен байланышкан ишмердиктен башка учурда, жекече детективдердин жана жекече детективдик ишканалардын ишмердиги лицензияланбайт. Атайын каражаттарды сатып алуу, сактоо, алып жүрүү жана колдонуу менен байланышкан жекече иликтөө ишмердигине Кыргыз Республикасынын аймагында лицензия берүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган орган (мындан ары - лицензиар) тарабынан жүргүзүлөт. Лицензия алууга талапкер жаран лицензиарга төмөнкүлөрдү өзү келип берүүгө милдеттүү: маалымат алуудагы суроолору бар баракча (анкета); сүрөттөр; ден-соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымат; анын жарандыгын, юридикалык билиминин болушун же жекече тыңчы катары иштөө үчүн атайын даярдыктан өткөнүн, же болбосо ыкчам же кылмыш иликтөө бөлүктөрүндө үч жылдан кем эмес кызмат кылган иш тажрыйбасын тастыктаган документтерди; атайын каражаттарга, байланыш каражаттарына жана башка техникалык каражаттарга зарылдыгы, аларды колдонуу ниети жөнүндө маалымат. Лицензиар лицензия берүү тууралуу керектүү чечимди чыгарыш үчүн, көрсөтүлгөн документтердеги маалыматтардын тактыгын текшерүүгө, анын ичинен талапкер болуп жаткан жак менен маектешүү өткөрүүгө укуктуу. Жекече детективдик ишканалардын түзүүчүлөрү лицензия алуу үчүн лицензиарга төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө милдеттүү: - арыз; - ишкананын уставы; - ишмердиктин мүнөзү жана багыттары жөнүндө маалымат; - кызматкерлердин курамы жана болжолдуу саны жөнүндө; - атайын, техникалык жана башка каражаттар жөнүндө маалымат, жана ошондой эле аларды колдонууга болгон зарылдык жана уюштуруу документтери. Ушул статьянын бешинчи бөлүгүндө саналган маалыматтар уюштуруучу тарабынан толук берилбесе же туура эмес маалыматтар берилсе, лицензия берүүдөн баш тартууга негиз болот. Лицензия берилбейт: 1) жыйырма бир жашка толо элек жарандарга; 2) психикалык оорулар, алкоголизм же баңгилик боюнча саламаттыкты сактоо органдарынын тизмесинде турган жарандарга; 3) атайын кылган кылмышы үчүн соттолгон жарандарга; 4) кылмыш кылды деп айыпталып жаткан жарандарга (мыйзамда белгиленген тартипте анын күнөөсү жөнүндөгү маселе чечилгенге чейин); 5) жекече детективдик ишмердикке көзөмөл кылган укук коргоо органдарынын мурунку кызматкерлерине, эгерде алардын кызматтан бошогонуна бир жыл боло элек болсо; 6) ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө саналган документтерди көрсөтпөгөн жарандарга. Лицензия лицензиар тарабынан арыз жазылгандан кийин бир ай аралыгында үч жылга берилет жана ал мамлекеттик каттоодон өткөрүлөт. Лицензия берилип жатканда, анын тартиби жана төлөө суммасы Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен аныкталат. Лицензиар лицензия берүүдөн баш тарткан учурда, арыз жиберген жаранга (жекече детективдик ишкананын уюштуруучусуна) баш тартуунун себебин көрсөткөн кат түрүндө маалымат жөнөтүүгө милдеттүү. Бул чечимге же арызды кароо мөөнөтүнүн кечеңдешине карата сотко арызданууга болот. Жекече детектив катары иштөөгө лицензия алган жаранга лицензиар тарабынан анын менчигин күбөлөндүргөн аныкталган үлгүдөгү документ берилет. |
| 11-статья. Жекече детективдик ишканаларды түзүүгө лицензия берүү Жекече детективдер юридикалык жактын статусуна ээ жеке детективдик ишканаларды түзө алышат. Алардын жетекчилеринин жогорку юридикалык билимге жана жекече иликтөөчүлүк иш үчүн лицензияга ээ болушу милдеттүү түрдө талап кылынат. Жекече детективдик ишканаларды уюштуруучулар лицензия алуу үчүн тиешелүү ички иштер органдарына арызын, ишкананын уставын, ишмердигинин мүнөзү жана багыттары жөнүндө, кызматкерлеринин болжолдуу курамы жана саны, атайын, техникалык жана башка каражаттарынын бар экендиги жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле андай каражаттарга болгон муктаждыкты жана уюштуруу документтерин тапшырууга милдеттүү. Лицензия арыз берилгенден кийин бир айдын ичинде үч жылдык мөөнөткө берилет. Лицензия берүүдөн баш тартылган учурда ички иштер органдары арыз берген уюштуруучуларга бул жөнүндө баш тартуунун себебин көрсөтүп, жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Мындай чечимге же арызды кароонун мөөнөтүнүн кечиктирилгенине байланыштуу ички иштердин жогорку органына же сотко даттанууга болот. Ушул статьянын экинчи абзацында саналып өткөн маалыматтарды уюштуруучулардын бербей коюшу же бурмаланган маалыматтарды бериши лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болот. | 11-статья күчүн жоготту деп табылсын. |
| 12-статья. Жекече детектив (жекече детективдик ишкана) менен клиенттин ортосундагы келишим Жекече детектив (жекече детективдик ишкана) өзүнүн ар бир клиенти менен кат жүзүндө келишим түзүүгө милдеттүү. Ал келишимде келишим түзгөн тараптар жөнүндө маалыматтар, анын ичинде лицензиянын номери жана берилген күнү, тапшырманын мазмуну, аны аткаруунун мөөнөтү, аткарылган ишке кетчү акчалай чыгымдын жана гонорардын болжолдуу суммасы, тараптардын алган жоопкерчиликтери, келишим түзүлгөн күн көрсөтүлөт. Эгерде тараптар келишимдин бардык пункттары боюнча жашыруун негизде макулдашса жана ал ушул статьянын биринчи бөлүгүндө аныкталган шарттарды сактоо менен түзүлгөн болсо, анда келишим түзүлдү деп эсептелет. Келишимде жекече детективдин (жекече детективдик ишкананын) аткарылган иштердин жыйынтыгы жөнүндө кардарга жазуу жүзүндө отчет берүү милдеттүүлүгү каралат. Отчетто келишимдеги кардарды кызыктырган негизги маселелерге жооп берилиши керек. Отчетко жекече детективдин (жекече детективдик ишкананын) гонорарынын жана чыгымдарынын такталган эсеби тиркелет. Отчеттун көчүрмөсү жекече детективдин (жекече детективдик ишкананын) архивинде үч жылга чейин сакталуусу тийиш. Жекече детектив (жекече детективдик ишкана) менен анын кызматынан пайдаланган клиенттин ортосундагы келишимде көрсөтүлгөн кызматтар жана башка негиздер боюнча талаштар сотто каралат. | 12-статья. Жекече детектив (жекече детективдик ишкана) менен клиенттин ортосундагы келишим Жекече детектив (жекече детективдик ишкана) өзүнүн ар бир клиенти менен кат жүзүндө келишим түзүүгө милдеттүү. Ал келишимде келишим түзгөн тараптар жөнүндө маалыматтар, анын ичинде лицензиянын номери жана берилген күнү, тапшырманын мазмуну, аны аткаруунун мөөнөтү, аткарылган ишке кетчү акчалай чыгымдын жана гонорардын болжолдуу суммасы, тараптардын алган жоопкерчиликтери, келишим түзүлгөн күн көрсөтүлөт. ЖЕКЕЧЕ ДЕТЕКТИВДИК ИШМЕРДИКТИ ЛИЦЕНЗИЯСЫ ЖОК ЖҮРГҮЗҮҮДӨ КАТАР САНЫ ЖАНА БЕРИЛГЕН КҮНҮ КЕЛИШИМДЕЁ КӨРСӨТҮЛБӨЙТ. Эгерде тараптар келишимдин бардык пункттары боюнча жашыруун негизде макулдашса жана ал ушул статьянын биринчи бөлүгүндө аныкталган шарттарды сактоо менен түзүлгөн болсо, анда келишим түзүлдү деп эсептелет. Келишимде жекече детективдин (жекече детективдик ишкананын) аткарылган иштердин жыйынтыгы жөнүндө кардарга жазуу жүзүндө отчет берүү милдеттүүлүгү каралат. Отчетто келишимдеги кардарды кызыктырган негизги маселелерге жооп берилиши керек. Отчетко жекече детективдин (жекече детективдик ишкананын) гонорарынын жана чыгымдарынын такталган эсеби тиркелет. Отчеттун көчүрмөсү жекече детективдин (жекече детективдик ишкананын) архивинде үч жылга чейин сакталуусу тийиш. Жекече детектив (жекече детективдик ишкана) менен анын кызматынан пайдаланган клиенттин ортосундагы келишимде көрсөтүлгөн кызматтар жана башка негиздер боюнча талаштар сотто каралат. |
| [13-статья. Жекече иликтөөчү ишмердиги үчүн лицензияны колдонуу мөөнөтүн узартуу жана жоюу Жекече детективдер (жекече детективдик ишканалар) лицензияларынын колдонуу мөөнөтүн өз убагында узартып турууга, ошондой эле ички иштер органдарынын талабы боюнча аларга жекече детективдик ишмердик укуктук актыларда аныкталган жоболордун сакталышын көзөмөлдөө үчүн керектүү маалыматтарды берип турууга тийиш. Лицензия арыз берген адамдын өтүнүчү боюнча анын колдонуу мөөнөтү бүтөөрүнө бир ай калганда беш жылга узартылат. Лицензия берген ички иштер органы төмөндөгүдөй учурларда аны жое алат: 1) жекече детектив (жекече детективдик ишкана) жекече детективдик ишмердиктин укуктук негизин түзүүчү ушул Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында жана кээ бир укуктук актыларында каралган жекече детективдер менен жекече детективдик ишканалардын ишинин негизги талаптары менен жоболорун бузса же аткарбаса; 2) салык боюнча жана башка финансылык милдеттенмелерин аткарбаса. Лицензияны жоюудан мурда, жекече детективге карата кылмыш жасады деп күнөө коюлгандан башка учурларда, ички иштер органдары анын ээсине алдын ала жазуу жүзүндө эскертүүгө тийиш. Эскертүүдө кайсы укуктук нормалар же эрежелер бузулганы же талаптагыдай аткарылбаганы даана көрсөтүлөт жана ал кемчиликтерди жоюунун мөөнөтү белгиленет. Лицензияны жоюу жеке иликтөөчүлүк ишмердикти токтотууга негиз болот жана бул жөнүндө жогору турган ички иштер органына же сотко даттанууга мүмкүнчүлүк түзөт. Жекече иликтөөчүлүк ишмердик үчүн лицензия жекече детектив андан өзү баш тарткан же мекеме жоюлган учурларда да жокко чыгарылат. Сот тарабынан лицензияны жоюунун мыйзамдуулугу такталган учурда, аны алуу үчүн кайталап кайрылууга сот чечими чыккан күндөн баштап үч жыл өткөндөн кийин гана мүмкүн болот.] | 13-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: 13-статья. Жекече детективдик ишмердигине берилген лицензиянын мөөнөтүн узартуу жана жокко чыгаруу Атайын каражаттарды сатып алуу, сактоо, алып жүрүү жана колдонуу менен байланышкан жекече детективдер (жекече детективдик ишканалар), өз убагында лицензиянын мөөнөтүн узартып, ошону менен бирге жекече детективдик ишмердик жөнүндө укуктук актылар менен бекитилген жоболордун сакталышын көзөмөлгө алуу үчүн зарыл болгон, лицензиар талап кылган маалыматтарды көрсөтүүсү керек. Арыз жазуучунун өтүнүчү боюнча, мөөнөтү бүтөөрүнө бир ай калганда, лицензия беш жылга узартылат. Лицензиар, төмөнкү учурларда жокко чыгарууга укуктуу: 1) жекече детектив (жекече детективдик ишкана) тарабынан жекече детективдердин жана жекече детективдик ишканалардын ишмердиктин, ошону менен бирге атайын каражаттардын жүгүртүү эрежелеринин укуктук негизин түзүүчү ушул Мыйзамда каралган талаптар, башка мыйзамдардын жоболору жана Кыргыз Республикасынын башка укуктук актылары бузулган же аткарылбаган учурда; 2) салыктык жана каржылык милдеттемелерди аткарбаганда. Лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынып жатканда, лицензиар тарабынан анын ээсине алдын-ала кат аркылуу эскертүү берилиши зарыл. Бирок жекече детективге кылмыш кылгандыгы тууралуу айып коюлганда эскертүү берилбейт. Эскертүүдө кайсы укуктук ченемдер жана эрежелер бузулганы же толук аткарылбаганы көрсөтүлүп, кетирилген кемчиликтерди жоюу үчүн мөөнөт берилет. Лицензияны жокко чыгаруу жекече иликтөө ишмердигинин токтотулушу үчүн негиз болуп эсептелип, чечимге карата сотко арыздануу болушу мүмкүн. Жекече детективдик ишмердигинде лицензияны жокко чыгаруу жекече детективдин андан ыктыярдуу баш тарткан же ишкана жоюлган учурларда болушу мүмкүн. Сот тарабынан лицензияны жокко чыгаруу мыйзамдуу экени аныкталса, аны кайра алууга кайрылуу, соттук чечим чыккандан үч жыл өткөндөн кийин болушу мүмкүн. |
| 14-статья. Күзөт жагында кызмат көрсөтүүлөр Ушул Мыйзамдын 3-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө саналып өткөн кызмат көрсөтүүлөр аларды аткаруу үчүн атайын уюшулган ишканаларга гана уруксат берилет. [Уставга ылайык күзөт кызматын көрсөтүү ишин жүргүзгөн ишкана жекече детективдик ишканаларды лицензиялоо үчүн ушул Мыйзамда белгиленген тартипте ички иштер органы тарабынан берилүүчү ушундай иш жүргүзүү лицензиясына ээ болууга тийиш.] Жекече күзөт ишканасынын укуктук статусуна ээ болгон юридикалык жактар өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар болуп саналышат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитиле турган тизмеге кирген мамлекеттик күзөттөгү обьекттерди ишканалар күзөткө ала албайт. Күзөт ишканаларына менчик ээлеринин мүлкүн кайтаруу түрүндөгү кызмат көрсөтүүгө, ошондой эле жарандардын өмүрүнө жана саламаттыгына жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген техникалык жана башка каражаттарды, ошондой эле оперативдүү радио жана телефон байланыш каражаттарын пайдаланууга уруксат берилет. [Күзөт ишканаларынын жетекчилери, ошондой эле бул ишканалардын күзөт-өрт сигналынын каражаттарын долбоорлоого, монтаждоого жана иштетүүгө, өзүнүн кесиптик ишинде курал-жарак жана атайын каражаттарды пайдаланууга, айрым адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоону камсыз кылууга байланышкан кызматтарды көрсөтүүчү кызматкерлери (мындан ары күзөтчүлөр) жекече детективдер үчүн белгиленген тартипте лицензия алууга милдеттүү. Мында юридикалык билиминин, жекече иликтөөчү катары иштөө үчүн атайын даярдыгы жана оперативдүү жана тергөө бөлүкчөлөрүндө иштеген стажы бар экендигин ырастоочу документтердин ордуна ички иштер органына күзөтчү катары иштөө үчүн атайын даярдыктан өткөндүгүн, болбосо ички иштер органдарында же коопсуздук органдарында үч жылдан кем эмес иштеген стажын тастыктоочу документтерди берүүсү талап кылынат.] Күзөт ишканаларынын жетекчилерине, [ошондой эле ушул статьянын төртүнчү бөлүгүндө] саналып өткөн кызматтарды көрсөтүүчү күзөтчүлөргө күзөт ишин мамлекеттик кызмат, болбосо коомдук уюмдардагы акы төлөнүүчү шайланма кызмат менен айкаштыра жүргүзүүгө тыюу салынат. [Лицензия берүүдөн, анын колдонулушун узартуудан баш тартуу, аны жокко чыгаруу жана ички иштер органдарынын чечимдерине даттануу жекече детективдер үчүн ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Күзөт кызматтарын көрсөтүүгө лицензия алган жаранга ички иштер органы тарабынан ошол замат анын инсандыгын тастыктоочу белгиленген үлгүдөгү документ берилет.] Күзөтчүлөрдүн куралдарынын түрлөрү, алардын курал сатып алуусунун, аны эсепке алуунун, сактоонун жана алып жүрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жөнгө салынат. | 14-статья. Күзөт жагында кызмат көрсөтүүлөр Ушул Мыйзамдын 3-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө саналып өткөн кызмат көрсөтүүлөр аларды аткаруу үчүн атайын уюшулган ишканаларга гана уруксат берилет. 2-БӨЛҮКТҮН БИРИНЧИ СҮЙЛӨМҮ АЛЫП САЛЫНСЫН. Жекече күзөт ишканасынын укуктук статусуна ээ болгон юридикалык жактар өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар болуп саналышат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитиле турган тизмеге кирген мамлекеттик күзөттөгү обьекттерди ишканалар күзөткө ала албайт. Күзөт ишканаларына менчик ээлеринин мүлкүн кайтаруу түрүндөгү кызмат көрсөтүүгө, ошондой эле жарандардын өмүрүнө жана саламаттыгына жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген техникалык жана башка каражаттарды, ошондой эле оперативдүү радио жана телефон байланыш каражаттарын пайдаланууга уруксат берилет. 4, 6, 7-БӨЛҮКТӨР КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН Күзөт ишканаларынын жетекчилерине, УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 3-СТАТЬЯСЫНЫН 3-БӨЛҮГҮНДӨ саналып өткөн кызматтарды көрсөтүүчү күзөтчүлөргө күзөт ишин мамлекеттик кызмат, болбосо коомдук уюмдардагы акы төлөнүүчү шайланма кызмат менен айкаштыра жүргүзүүгө тыюу салынат. Күзөтчүлөрдүн куралдарынын түрлөрү, алардын курал сатып алуусунун, аны эсепке алуунун, сактоонун жана алып жүрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жөнгө салынат. |
| 14-1-статья. Лицензияларды берүүнүн кошумча шарттары Күзөт кызматтарын көрсөтүүгө лицензия алууга ушул максат үчүн түзүлүп жаткан ишкана ушул Мыйзамдын 14-статьясынын 4-бөлүгүндө саналып өткөн документтер менен катар тиешелүү ички иштер органына күзөт кызматтарынын түрлөрү саналып өткөн жана түзүлүп жаткан күзөт ишканасынын иш аймагы, кызматкерлердин болжолдонгон саны, техникалык жана башка каражаттарды, атайын каражаттарды, курал-жаракты пайдалануу ниети жана аларды керектөө муктаждыгы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн иш катын берет. Ишкананын жетекчисинин жогорку билиминин болушу милдеттүү талап болуп саналат. Зарыл болгон учурда ички иштер органдары күзөт ишине лицензия берүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн талап кылынган документтерде баяндалган маалыматтардын аныктыгын аныктоого укуктуу. Лицензия берүүдөн, анын колдонуу мөөнөтүн узартуудан баш тартуу, ишкананын лицензиясын жокко чыгаруу, алардын кардарлар менен келишимдер түзүүсү жана ички иштер органдарынын чечимдерине даттануулары жекече детективдик ишканалардын бирикмелери үчүн белгиленгендей эле тартипте жүзөгө ашырылат. Күзөт ишине ушул Мыйзамдын 10-статьясында белгиленген чектөөлөр жайылтылат. Күзөтчүлөргө иликтөө усулдарын пайдаланууга тыюу салынат. Күзөтүлгөн менчикке карата укукка сыйбаган кол салуу жасаган адам күзөтчү тарабынан укук бузган жеринен кармалышы мүмкүн жана ички иштер органына (милицияга) ошол замат өткөрүп берилүүгө тийиш. | 14-1-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: 14-1-статья. Жекече күзөт ишканалардын ишмердигин лицензиялоо 1. Атайын каражаттарды жана куралдарды сатып алуу, эсепке алуу, сактоо, алып жүрүү жана колдонуу менен ишмердиги байланышкан жекече күзөт ишканалары ишмердиктин бул түрүнө аталган Мыйзамдын жана лицензиялоо жөнүндөгү мыйзамдын талаптарына жараша лицензия алууга милдеттүү. 2. Ишканаларга күзөт кызматын көрсөтүүгө (ушул максаттар үчүн түзүлгөн) лицензия алуу үчүн лицензиарга кийинкилерди көрсөтөт: - арыз; - түзүүчү документтер; - түзүлгөн күзөт ишканаларынын ишмердигинин аймагы жана күзөт кызматынын түрлөрү көрсөтүлгөн жазма (записка); - кызматкерлердин болжолдуу саны жөнүндөгү маалыматтар, техникалык жана башка каражаттарды, атайын каражаттарды, куралдарды колдонуу ниети жана аларга болгон зарылчылык; - кызматкерлердин Кыргыз Республикасынын жараны экенин күбөлөндүргөн документтери, кызматкерлердин күзөтчү катары иштөө үчүн атайын даярдыктан өтүшү, же болбосо ички иштер органдарында же улуттук коопсуздук органдарында үч жылдан кем эмес эмгек тажрыйбасынын болушу. Ишкананын жетекчисине коюлуучу милдеттүү талап болуп жогорку билимдин болушу саналат. Керек учурда лицензиар күзөт ишмердигине лицензия берүү жөнүндөгү чечимди кабыл алуу үчүн керек болгон күбөлөндүрүүчү маалыматтарды чогултулган документтерден алууга укуктуу. Берүүдөн баш тартуу, мөөнөтүн узартуу, ишкананын лицензиясын жокко чыгаруу, кардарлар менен келишим түзүү жана лицензиардын чечимине даттануу жекече детективдик ишканалардын бирикмелери үчүн белгиленген тартиптегидей ишке ашат. Күзөт ишмердигине ушул Мыйзамдын 10-статьясында белгиленген чектөөлөр коюлган. Күзөтчүлөргө иликтөө ыкмасын колдонууга тыюу салынат. Кайтарылуучу менчикке мыйзамга каршы аракет кылган жак, укук бузган жерде күзөтчү тарабынан кармалып, токтоосуз ички иштер органдарына берилиши керек. |
| 14-2-статья. Жекече күзөтчү Жекече күзөтчү күзөт уюму менен эмгек келишими боюнча иштейт жана анын эмгектик иши эмгек мыйзамдары жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынат. Жекече күзөтчү эмгек иш-милдетин аткарат жана күзөт ишканасы тарабынан берилген жекече күзөтчүнүн күбөлүгү болсо, ушул Мыйзамда каралган укуктардан пайдаланат. Жекече күзөтчүнүн укуктук статусун алууга төмөндөгү адамдар талапкер болууга укуксуз: [1) 21 жашка чыга электер;] 2) сот чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелгендер деп табылгандар; 3) жекече күзөтчүнүн милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылган ооруга чалдыккандар; 4) билип туруп кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу барлар; 5) кылмыш жасагандыгы жагынан айып коюлгандар (мыйзамда белгиленген тартипте алардын күнөөлүү экендиги жөнүндө маселе чечилгенге чейин). Жекече күзөтчүнүн милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылган ооруга чалдыккандарды тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. | 14-2-статья. Жекече күзөтчү Жекече күзөтчү күзөт уюму менен эмгек келишими боюнча иштейт жана анын эмгектик иши эмгек мыйзамдары жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынат. Жекече күзөтчү эмгек иш-милдетин аткарат жана күзөт ишканасы тарабынан берилген жекече күзөтчүнүн күбөлүгү болсо, ушул Мыйзамда каралган укуктардан пайдаланат. Жекече күзөтчүнүн укуктук статусун алууга төмөндөгү адамдар талапкер болууга укуксуз: 1) ОН СЕГИЗ ЖАШКА ЧЫККАНДАР, ЭГЕРДЕ ЖЕКЕЧЕ КҮЗӨТЧҮНҮН ИШМЕРДИГИ АТАЙЫН КАРАЖАТТАРДЫ ЖАНА КУРАЛДЫ САКТОО, АЛЫП ЖҮРҮҮ ЖАНА КОЛДОНУУ МЕНЕН БАЙЛАНЫШТУУ БОЛСО - ЖЫЙЫРМА БИР ЖАШКА ЧЫККАНДАР; 2) сот чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелгендер деп табылгандар; 3) жекече күзөтчүнүн милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылган ооруга чалдыккандар; 4) билип туруп кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу барлар; 5) кылмыш жасагандыгы жагынан айып коюлгандар (мыйзамда белгиленген тартипте алардын күнөөлүү экендиги жөнүндө маселе чечилгенге чейин). Жекече күзөтчүнүн милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылган ооруга чалдыккандарды тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. |
| 15-1-статья. Ишканалардагы күзөт-иликтөө бөлүкчөлөрү Уюштуруучулук-укуктук түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ишканалар уюмдаштыруучунун өзгөчөлөнгөн коопсуздугунун таламдарында күзөт-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруу үчүн күндөлүк жана эсеп-кысаптык эсептерин ачуу укугу менен өзүнчө бөлүкчөлөрдү (мындан ары - коопсуздук кызматты) уюштурууга укуктуу. [Коопсуздук кызматынын жетекчиси жана кызматкерлери ушул Мыйзамдын 4, 9, 14 жана 14-1-статьяларынын жоболоруна ылайык лицензия алууга же анын дагы башка талаптарын жетекчиликке алуу менен өзү уюшулган жердеги ички иштер органдары менен макулдашылган өздөрүнүн уставдарынын негизинде иштөөгө милдеттүү. Лицензия берүүдөн, алардын иштөө мөөнөтүн узартуудан баш тартуу, аларды жокко чыгаруу жана ички иштер органдарынын чечимдерине даттануу жекече детективдер менен күзөтчүлөргө ушул Мыйзамда белгиленген тартипте ишке ашырылат.] Коопсуздук кызматына өзүнүн ишканасынын коопсуздугун камсыз кылууга байланышпаган кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салынат. | 15-1-статья. Ишканалардагы күзөт-иликтөө бөлүкчөлөрү Уюштуруучулук-укуктук түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ишканалар уюмдаштыруучунун өзгөчөлөнгөн коопсуздугунун таламдарында күзөт-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруу үчүн күндөлүк жана эсеп-кысаптык эсептерин ачуу укугу менен өзүнчө бөлүкчөлөрдү (мындан ары - коопсуздук кызматты) уюштурууга укуктуу. 15-1-СТАТЬЯНЫН 2-БӨЛҮГҮ КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. Коопсуздук кызматына өзүнүн ишканасынын коопсуздугун камсыз кылууга байланышпаган кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салынат. |
| 15-2-статья. Детективдерди жана күзөтчүлөрдү даярдоо Детективдик жана күзөт ишмердигин жүргүзүүчү кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн юридикалык жактын укугуна ээ болгон мамлекеттик эмес билим берүү мекемелери түзүлүшү мүмкүн. Окуу программаларын иштеп чыгуу, ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн мекемелерге лицензия берүү жана алардын ишине контролдук кылуу [Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлигинин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги] менен макулдашылган ченемдик актыларында белгиленген тартипте ишке ашырылат. | 15-2-статья. Детективдерди жана күзөтчүлөрдү даярдоо Детективдик жана күзөт ишмердигин жүргүзүүчү кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн юридикалык жактын укугуна ээ болгон мамлекеттик эмес билим берүү мекемелери түзүлүшү мүмкүн. Окуу программаларын иштеп чыгуу, ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн мекемелерге лицензия берүү жана алардын ишине контролдук кылуу КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ менен макулдашылган ченемдик актыларында белгиленген тартипте ишке ашырылат. |
| 16-статья. Атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуунун шарттары Жекече детективдик ишмердикти жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө атайын каражаттарды колдонууга уруксат берилет, ал эми жекече күзөт ишмердигин ишке ашырууда - атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды ушул Мыйзамда каралган шарттарда жана тартипте гана [жана лицензияларда] берилген укуктардын чегинде колдонууга уруксат берилет. Күзөтчү атайын каражаттарды же ок атуучу куралдарды колдонгондо, болбосо жекече детектив атайын каражаттарды колдонгон учурда: аларды пайдаланууга ниеттенгендиги жөнүндө эскертүүгө, бул учурда өзүнүн койгон талаптарынын аткарылышы үчүн жетиштүү убакыт берүүгө, атайын каражаттарды же ок атуучу куралдарды колдонууну создуктуруу анын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч туудурган же болбосо дагы башка оор кесепеттерге кириптер кылышы мүмкүн болгон учурларды кошпогондо; укук бузуунун мүнөзүнө жана даражасына жана аны жасаган адамдарга, ошондой эле көрсөтүлгөн каршылыктын күчүнө жараша коркунучту жоюуда эң аз залал келтирүүгө умтулууга; тулку боюнан жаракат алган адамдарга врачка чейинки жардамдарды көрсөтүүгө жана болгон окуя тууралу мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө саламаттык сактоо жана ички иштер органдарына билдирүүгө; өлүм болгондогу же тулку боюнан жаракат алгандагы бардык учурлар тууралу прокурорго ошол замат билдирүүгө милдеттүү. Лицензияга ээ болгон жекече детективдер атайын каражаттарды, ал эми күзөтчүлөр - атайын каражаттар менен ок атуучу куралды колдонууга байланышкан шарттарда аракет жасоо жарамдуулугу жагынан мезгил-мезгили менен текшерүүдөн өтүп турууга милдеттүү. Мындай текшерүү [Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги] аныктай турган тартипте жүзөгө ашырылат. Жекече детективдин же күзөтчүнүн аргасыздан муктаж болуп, же коргонууга аргасыз болгондо ыйгарым укуктарынан аша чабуу менен атайын каражаттарды же ок атуучу куралды колдонуусу лицензиядан ажыратууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка жоопкерчиликке кириптер кылат. | 16-статья. Атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуунун шарттары Жекече детективдик ишмердикти жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө атайын каражаттарды колдонууга уруксат берилет, ал эми жекече күзөт ишмердигин ишке ашырууда - атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды ушул Мыйзамда каралган шарттарда жана тартипте гана берилген укуктардын чегинде колдонууга уруксат берилет. Күзөтчү атайын каражаттарды же ок атуучу куралдарды колдонгондо, болбосо жекече детектив атайын каражаттарды колдонгон учурда: аларды пайдаланууга ниеттенгендиги жөнүндө эскертүүгө, бул учурда өзүнүн койгон талаптарынын аткарылышы үчүн жетиштүү убакыт берүүгө, атайын каражаттарды же ок атуучу куралдарды колдонууну создуктуруу анын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч туудурган же болбосо дагы башка оор кесепеттерге кириптер кылышы мүмкүн болгон учурларды кошпогондо; укук бузуунун мүнөзүнө жана даражасына жана аны жасаган адамдарга, ошондой эле көрсөтүлгөн каршылыктын күчүнө жараша коркунучту жоюуда эң аз залал келтирүүгө умтулууга; тулку боюнан жаракат алган адамдарга врачка чейинки жардамдарды көрсөтүүгө жана болгон окуя тууралу мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө саламаттык сактоо жана ички иштер органдарына билдирүүгө; өлүм болгондогу же тулку боюнан жаракат алгандагы бардык учурлар тууралу прокурорго ошол замат билдирүүгө милдеттүү. Лицензияга ээ болгон жекече детективдер атайын каражаттарды, ал эми күзөтчүлөр - атайын каражаттар менен ок атуучу куралды колдонууга байланышкан шарттарда аракет жасоо жарамдуулугу жагынан мезгил-мезгили менен текшерүүдөн өтүп турууга милдеттүү. Мындай текшерүү КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ аныктай турган тартипте жүзөгө ашырылат. Жекече детективдин же күзөтчүнүн аргасыздан муктаж болуп, же коргонууга аргасыз болгондо ыйгарым укуктарынан аша чабуу менен атайын каражаттарды же ок атуучу куралды колдонуусу лицензиядан ажыратууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка жоопкерчиликке кириптер кылат. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 16 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 4-октябрындагы № 2352-V "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Автомобиль жолдору…Постановление · 04.10.2012 · № 2352-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 27-сентябрындагы №2311-V Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ɵзгɵртүүлɵрдү жана толуктоолорду киргизүү жɵнүндɵ" ("Автомобиль жолдору…Постановление · 27.09.2012 · № 2311-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 4-октябрындагы № 2351-V "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Автомобиль жолдору…Постановление · 04.10.2012 · № 2351-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (16)
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б (Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия…Распоряжение · 13.06.2008 · № 281-р
- Курал жөнүндөЗакон · 09.06.1999 · № 49
- Үрөн жөнүндөЗакон · 19.06.1997 · № 38
- Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндөЗакон · 05.04.2008 · № 55
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
- Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 04.06.2005 · № 69
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 02.06.1998 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Дары-дармек каражаттары жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 91 · Күчүн жоготкон
- Мунай жана газ жөнүндөЗакон · 08.06.1998 · № 77 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 09.01.2005 · № 6 · Күчүн жоготкон
- Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндөЗакон · 14.05.1998 · № 61 · Күчүн жоготкон
- Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндөЗакон · 14.01.1998 · № 7 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндөЗакон · 19.11.2001 · № 93 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 35