Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 15-декабры № 681-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмү" деген сөздөр алып салынсын;
- аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
Премьер-министр
Д. Үсөнов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 681-б буйругуна тиркеме
Ишкердик иш-аракетти жөнгө салуунун ченемдик
укуктук базасына оптималдаштыруу жүргүзүү
боюнча ведомстволор аралык комиссиянын
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри - ЕврАзЭСтеги атайын өкүл, комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри, комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Инвестициялык кеңештин Секретариатынын жетекчиси, комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин лицензиялык иштерди жөнгө салуу жана жөнгө салуучу таасирди талдоо башкармалыгынын начальниги, комиссиянын катчысы.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдук иштер кызматынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана башка мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча секторунун башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентинин Секретариатынын Эксперттик-аналитикалык камсыз кылуу кызматынын мониторинг жана баалоо тобунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын администрациялык реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук колдоо бөлүмүнүн башчысы; Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы; Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргызстандын Ишкерлер союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын Рыноктор, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын Курулушчулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); Менеджерлер ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын Банктар союзунун президенти (макулдашуу боюнча); Бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча ЮСАИД долбоорунун директору (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси
А.Карашев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б (Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия…Распоряжение · 13.06.2008 · № 281-р
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы №94 "Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоону жүргүзүү жана ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты…Постановление · 03.03.2011 · № 94 · Күчүн жоготкон