Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө“, „Нотариат жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 26-июну № 103
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 9-берененин 2-пунктунун "б" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "б) колдонулушу Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагы менен чектелген жана чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдаланууга лицензияларга, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Улуттук банк тарабынан атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында берилүүчү лицензияларга, жеке нотариалдык ишти жүзөгө ашыруу лицензияларына карата, ошондой эле ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 12 жана 35-пункттарында каралган лицензияларга гана карата киргизилген;".
2-берене. "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 14-марты, № 19) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 14-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "Аймактык колдонуу чөйрөсү боюнча лицензиялар төмөнкүдөй айырмаланат:
- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө универсалдуу лицензия;
- Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө локалдаштырылган лицензия.".
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 48 (3601) саны менен жарыяланды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2024-жылдын 30-майында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- Нотариат жөнүндөЗакон · 09.03.2023 · № 54
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 30-майындагы № 2117-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 30-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 30.05.2024 · № 2117-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 16-майындагы № 2069-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 16-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 16.05.2024 · № 2069-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2024-жылдын 30-майындагы № 2118-VII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү…Постановление · 30.05.2024 · № 2118-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2024-жылдын 16-майындагы № 2070-VII "“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү…Постановление · 16.05.2024 · № 2070-VII
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук бапкы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 11.08.2022 · № 92
- Нотариат жөнүндөЗакон · 09.03.2023 · № 54