17-берене. Иш процессинде аракеттердин түрлөрүнө карата уруксаттардын тизмеги
Күчүндө · 02.07.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49
Уруксаттарды алууну талап кылган колдонуунун түрлөрү:
1) (КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2) жардыруу иштерин жүргүзүү укугу;
3) тоо жумуштарын жүргүзүү;
4) аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн руданын жана тоо-тектердин үлгүлөрүн, концентраттарды, өндүрүш калдыктарын жана лабораториялык үлгүлөрдү Кыргыз Республикасына ташып келүү жана анын чегинен ташып чыгаруу;
5) жылмаланган алтынды жана алтын камтыган аралашманы caтып алуу;
6) өсүмдүктөрдөн жасалуучу карантин коюлган товарларды Кыргыз Республикасына ташып келүү;
7) (КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8) Кыргыз Республикасынын аймагында жумуш берүүчүлөрдүн арыздары боюнча чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жалпы квотанын негизинде берилүүчү жумушка уруксат;
9) Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары жерлерде жумушка орноштуруу;
10) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал-жарактын жана аскердик техниканын транзити;
11) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду ташып келүү, ташып чыгаруу, транзиттөө;
12) жарандык жана кызматтык куралдарды жана аларга ок-дарыларды сатып алуу, сактоо, ташуу, алып жүрүү, коллекциялоо, көргөзмөгө коюу;
13) (КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
14) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген атайын каражаттарды сатып алуу, сатуу, сактоо, ташуу, алып жүрүү, ташып келүү, ташып чыгаруу;
15) (КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
16) (КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
17) (КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
18) айлана-чөйрөгө калдыктарды жайгаштыруу;
19) булгоочу заттарды айлана-чөйрөгө агызып чыгаруу;
20) булгоонун стационардык булактары менен булгоочу заттарды атмосферага чыгаруу;
21) (КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
22) (КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
23) (КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
24) (КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
25) (КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
26) кооптуу жүктөрдү ташуу; радиоактивдүү материалдарды жана заттарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү, ташып чыгуу жана ташуу;
27) өнөр жай багытындагы жарылуучу материалдарды сактоо укугу;
27-1) пиротехникалык буюмдарды сактоо укугу;
28) Кыргыз Республикасынын аймагына пиротехникалык буюмдарды ташып келүү;
29) жарылуучу материалдарды сатып алуу укугу;
30) (КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
31) радиоэлектрондук каражаттарды эксплуатациялоо укугуна жыштыктарды ыйгаруу;
32) мамлекеттик ветеринардык көзөмөл контролундагы жүктөрдү (товарларды) Кыргыз Республикасына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгаруу;
33) мамлекеттик ветеринардык көзөмөл контролундагы жүктөргө (товарларга) карата транзиттик өлкөлөргө уруксат суратуу жана Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзити;
34) контролдонуучу продукцияга идентификация жүргүзүү укугу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү контролдонуучу продукциянын Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмесине киргизилген товарлардын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзити, ошондой эле товарларды республиканын ичинде өткөрүп берүү;
35) Маалыматтарды жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды иштеп чыгуу, өндүрүү, сатуу, сатып алуу, сактоо, ташуу;
36) (КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
37) аналогдук берүүдө жана (же) санариптик берүү пакетинде колдонуудагы технологияларга карабастан теле-, радиоканалын жайгаштыруу;
38) мамлекеттик же кызыктыруучу лотереяны өткөрүү;
39) аба кемелерин жер үстүндө тейлөө;
40) атайын учууну аткаруу;
41) борттук радиостанцияларды колдонуу;
42) дары каражаттарын жана медициналык бумдарды жүгүртүү чөйрөсүндө клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүү.
42) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин илимий, маданий-агартуу, тарбиялоо, рекреациялык жана эстетикалык максаттарда жаратылыш чөйрөсүнөн алып коюу;
43) өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде илимий максаттарда алып коюу.
(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 179, 2015-жылдын 21-майындагы № 109, 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2017-жылдын 10-майындагы № 79, 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 51, 2021-жылдын 18-июнундагы № 72, 2022-жылдын 21-январындагы № 11, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195, 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 02.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 декабря 2024 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам здравоохранения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 января 2022 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "Об организации страхования в Кыргызской Республике")Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 июня 2021 года № 72 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике",("О радиационной безопасности населения Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 апреля 2019 года № 51 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об экспортном контроле", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 мая 2017 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования лотерейной деятельности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 мая 2017 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О телевидении и радиовещании")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 мая 2015 года № 109 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (12)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-октябрындагы № 568 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 22.10.2019 · № 568
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Тышкы эмгек миграциясы…Постановление · 01.06.2017 · № 327
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз…Постановление · 18.02.2020 · № 91
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-октябры № 649 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 63 “Кыргыз Республикасынын…Постановление · 08.10.2025 · № 649
- Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы №…Положение · 17.09.2018 · № 430 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрынын № 432 "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал жана аскердик техниканы транзит алып өтүү жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 24.09.2007 · № 432 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-июлундагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2015 · № 431 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 894 "Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды…Постановление · 29.12.2015 · № 894 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 29 декабрындагы № 894 токтомуПостановление · 29.12.2015 · № 894
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 60 токтомуПостановление · 29.01.2018 · № 60
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 60 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы № 432 "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал…Постановление · 29.01.2018 · № 60 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 309 “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз…Постановление · 04.06.2014 · № 309 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө"…Закон · 21.01.2022 · № 11
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 31.12.2014 · № 179
- Лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 28.02.2025 · № 49
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205058/st-17" title="17-берене - Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>