10-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу
Күчүндө · 02.07.2026 редакциясы · 1-глава
1. Ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияларды жана (же) уруксаттарды башка жакка берүүгө тыюу салынат.
2. Ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн учурларды албаганда, жүзөгө ашырылышы үчүн лицензиясы жана (же) уруксаты бар иш Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда, Кыргыз Республикасынын аймагында берилген лицензияларды жана (же) уруксаттарды колдонуу башка мамлекеттердин аймактарына жайылтылат, ал эми башка өлкөлөрдүн аймагында берилген лицензияларды жана (же) уруксаттарды колдонуу Кыргыз Республикасынын аймагына жайылтылат.
Ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасы бир тараптуу тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк лицензияларды жана (же) уруксаттарды колдонууну таанышы мүмкүн. Убактылуу лицензияны колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин ал лицензия алуучунун арызы боюнча узартылышы мүмкүн.
Берененин тексти 02.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205058/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>