Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
33-берене. Убактылуу комиссиялар
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Жогорку Кеңеш айрым маселелерди иликтөө жана парламенттик териштирүүлөрдү жүргүзүү үчүн убактылуу комиссияларды (мындан ары - комиссиялар) түзөт.
2. Комиссия түзүү жөнүндө сунушту фракциялар же комитеттер киргизүүгө укуктуу, ал Координациялык Кеңеш тарабынан каралууга жатпайт.
3. Фракциялардын сунушу боюнча, алардын Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнүн тең салмактуулугун эске алуу менен курамы 5 депутаттан кем эмес болгон комиссия түзүлөт.
4. Эгерде фракция комиссиянын курамына төрагалык кылуучу белгилеген мөөнөттө өзүнүн өкүлдөрүн сунуштабаса, Жогорку Кеңеш алардын катышуусуз эле комиссияны түзөт.
5. Комиссия түзүү жөнүндө токтом төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) комиссиянын аталышын;
2) комиссия кароо үчүн түзүлгөн максаттарды, милдеттерди, маселелердин чөйрөсүн;
3) жеке курамын;
4) анын иштөө мөөнөтүн;
5) иштин натыйжалары жөнүндө баяндама берүүнүн мөөнөтүн;
6) комиссияны уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыз кылуу маселелерин.
6. Комиссиянын иштөө мөөнөтү ал түзүлгөн күндөн тартып 3 айдан ашышы мүмкүн эмес. Комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.
7. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 4 ай калганда комиссия түзүүгө жол берилбейт.
8. Төмөнкүлөр комиссиянын төрагасы жана анын орун басары болуп шайланышы мүмкүн эмес:
1) комитеттердин төрагалары;
2) бир фракциянын мүчөлөрү.
9. Кызыкчылыктардын карама-каршылыгы болгондо депутат комиссиянын курамы шайланганга чейин өз талапкерлигин алып коюуну билдирүүгө милдеттүү.
10. Эгерде комиссиянын ишинин жүрүшүндө депутатта кызыкчылыктардын карама-каршылыгы пайда болсо, ал комиссиянын курамынан чыгуу жөнүндө арызын комиссиянын төрагасына берүүгө милдеттүү, бул жөнүндө фракциянын лидерине билдирет.
11. Комиссиянын чыгып кеткен мүчөсүнүн ордун ээлөө ошол эле фракциянын өкүлдөрүнүн ичинен жүзөгө ашырылат.
12. Комиссиянын төрагасынын же анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, Төраганын орун басарынын ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн белгиленген негиздерде жана тартипте жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (20)
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 3298-VI "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык…Постановление · 23.10.2019 · № 3298-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-майындагы № 4576-VI «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабына тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугун, ошондой эле «Вега»…Постановление · 27.05.2021 · № 4576-VI
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги №189-VII "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун каржылоого Европа…Постановление · 14.04.2022 · № 189-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 21-сентябрындагы № 482-VII "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча…Постановление · 21.09.2022 · № 482-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 18-майындагы № 1591-VI "Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Исаевге карата кылмыш…Постановление · 18.05.2017 · № 1591-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 13-июнундагы № 3122-VI "Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаевге каршы анын статусунан ажыратуу үчүн күнөө коюу маселеси боюнча…Постановление · 13.06.2019 · № 3122-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 13-июнундагы № 3122-VI "Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы анын статусунан ажыратуу үчүн күнөө коюу маселеси боюнча…Постановление · 13.06.2019 · № 3122-VI
- КР Жогорку кенешинин 2021-жылдын 8-сентябрындагы № 4837-VI “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия…Постановление · 08.09.2021 · № 4837-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-июнундагы № 4629-VI "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия…Постановление · 03.06.2021 · № 4629
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-ноябрындагы № 4990-VI ""Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия…Постановление · 03.11.2021 · № 4990-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 6-октябрындагы № 516-VII "Мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана менчиктештирүүнүн натыйжалуулугу маселесин иликтөө боюнча…Постановление · 06.10.2022 · № 516-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 585-VII "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун каржылоого Европа…Постановление · 26.10.2022 · № 585-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2013 жылдын 6 ноябрындагы № 3560-V "Республикалык бюджеттен каржылануучу окуучулардын жана студенттердин контингентинин болушу бөлүгүндөгү орто кесиптик…Постановление · 06.11.2013 · № 3560-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 10-майындагы № 1901-V "Алтын казып алуу кенинин ишинин таасири тийген райондо жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, айлана-чөйрөнүкоргоо…Постановление · 10.05.2012 · № 1901-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 8-февралындагы № 1329-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Саляновага карата кылмыш ишин козгоо жөнүндөгү маселени изилдөө…Постановление · 08.02.2017 · № 1329-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-июну № 4629-VI "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу…Постановление · 03.06.2021 · № 4629-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 381-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 176-VII токтому менен түзүлгөн, Бишкек шаарындагы…Постановление · 30.06.2022 · № 381-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 4655-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.06.2021 · № 4655
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 380-VII "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун каржылоого Европа реконструкциялоо жана…Постановление · 30.06.2022 · № 380
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы №526 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-августундагы №419 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин…Постановление · 14.08.2009 · № 526 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-33" title="33-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>