Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги №189-VII „Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу“ долбоорун каржылоого Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн гранттык жана насыялык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 14-апрель №189-VII "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун каржылоого Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн гранттык жана насыялык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 380-VII, 2022-жылдын 26-октябрындагы № 585-VII токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун каржылоого Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн гранттык жана насыялык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
У.Б.Бакасов - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
М.Самыйкожо - "Элдик" депутаттык тобунан;
Э.Р.Джусупов - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
Б.Э.Тентишев - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
Ф.А.Алимжанов - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
А.А.Айдарова - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
З.Д.Мамасадыков - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
Э.Ж.Сурабалдиева - № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча.
2. Комиссия 2022-жылдын 30-декабрына чейин жасалган иштердин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 380-VII, 2022-жылдын 26-октябрындагы № 585-VII токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 380-VII токтомунун редакциясына ылайык)
Төраганын орун басары
У.Б. Примов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 585-VII "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун каржылоого Европа…Постановление · 26.10.2022 · № 585-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 379-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.06.2022 · № 379-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 366-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.06.2022 · № 366-VII
- КР Жогрку Кеңешинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 572-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 26-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.10.2022 · № 572-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 380-VII "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун каржылоого Европа реконструкциялоо жана…Постановление · 30.06.2022 · № 380
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.