Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 16-июну № 4655-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык жана "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын 2021-жылдын 10-июнундагы чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.К.Аманова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-июнундагы № 4629-VI токтому менен түзүлгөн "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын курамынан аны чыгаруу менен бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-майындагы № 4576-VI токтому менен түзүлгөн "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабына тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугун, ошондой эле "Вега" радиокуруу концерни" акционердик коому тарабынан бул долбоордун ишке ашырылышынын сапатын жана шарттарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ш.К.Атазов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-майындагы № 4576-VI токтому менен түзүлгөн "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабына тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугун, ошондой эле "Вега" радиокуруу концерни" акционердик коому тарабынан бул долбоордун ишке ашырылышынын сапатын жана шарттарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын курамынан аны чыгаруу менен бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-июнундагы № 4629-VI токтому менен түзүлгөн "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын курамына киргизилсин.
Төрага
Т.Т. Мамытов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-майындагы № 4576-VI «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабына тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугун, ошондой эле «Вега»…Постановление · 27.05.2021 · № 4576-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-июнундагы № 4629-VI "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия…Постановление · 03.06.2021 · № 4629
Шилтеме берет (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-июнундагы № 4629-VI "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия…Постановление · 03.06.2021 · № 4629
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-майындагы № 4576-VI «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабына тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугун, ошондой эле «Вега»…Постановление · 27.05.2021 · № 4576-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон