Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу» долбоорун каржылоого Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан бөлүнгөн гранттык жана насыялык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги 189-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 26-октябры № 585-VII "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун каржылоого Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан бөлүнгөн гранттык жана насыялык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 189-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун каржылоого Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан бөлүнгөн гранттык жана насыялык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 189-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтү 2022-жылдын 30-декабрына чейин узартылсын.
2. "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун каржылоого Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан бөлүнгөн гранттык жана насыялык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 189-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пунктта "2022-жылдын 1-ноябрына чейин" деген сөздөр "2022-жылдын 30-декабрына чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Төраганын орун басары
Н.О.Сыдыгалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги №189-VII "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун каржылоого Европа…Постановление · 14.04.2022 · № 189-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон