Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин 2013 жылдын 6 ноябрындагы № 3560-V «Республикалык бюджеттен каржылануучу окуучулардын жана студенттердин контингентинин болушу бөлүгүндөгү орто кесиптик билим берүү жана башталгыч кесиптик билим берүү жаатындагы иштин абалын иликтөө үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясын түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013 жылдын 6 ноябры № 3560-V Республикалык бюджеттен каржылануучу окуучулардын жана студенттердин контингентинин болушу бөлүгүндөгү орто кесиптик билим берүү жана башталгыч кесиптик билим берүү жаатындагы иштин абалын иликтөө үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясын түзүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Республикалык бюджеттен каржылануучу окуучулардын жана студенттердин контингентинин болушу бөлүгүндөгү орто кесиптик билим берүү жана башталгыч кесиптик билим берүү жаатындагы иштин абалын иликтөө үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөндөгү депутаттарынын курамында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясы түзүлсүн (мындан ары - Комиссия):
Осмоналиев К. - "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан; Орозова К. - КСДП депутаттык фракциясынан; Никитенко Н. - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан; Кочкорбаев А. - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан; Акназарова Р. - "Республика" депутаттык фракциясынан.
2. Комиссия өз ишин 2013-жылдын 18-ноябрынан баштасын, билим берүү (Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги) жаатындагы иштердин абалын талдоого алсын жана бир айлык мөөнөттө аткарылган иштердин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын бардык тийиштүү мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
4. Комиссия зарылчылыкка жараша өз ишине ушул маселенин профили боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана коомдук уюмдарынын адистерин жана эксперттерди тартууга укуктуу.
Төрага
А. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3711-V "Республикалык бюджеттен каржылануучу окуучулардын жана студенттердин контингентинин болушу бөлүгүндөгү орто кесиптик…Постановление · 18.12.2013 · № 3711-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 20-февралындагы № 3838-V "Республикалык бюджеттен каржылануучу окуучулардын жана студенттердин контингентинин болушу бөлүгүндөгү орто кесиптик…Постановление · 20.02.2014 · № 3838-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 11-июнундагы № 4149-V "Республикалык бюджеттен каржыланган окуучулардын жана студенттердин контингентинин бар экендиги боюнча башталгыч жана орто…Постановление · 11.06.2014 · № 4149-V
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон