Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаевге каршы анын статусунан ажыратуу үчүн күнөө коюу маселеси боюнча корутунду берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атайын комиссиясын түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 13-июну № 3122-VI Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаевге каршы анын статусунан ажыратуу үчүн күнөө коюу маселеси боюнча корутунду берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атайын комиссиясын түзүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу үчүн күнөө коюу маселеси боюнча корутунду берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөндөгү депутаттарынын курамында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу атайын комиссиясы (мындан ары – Убактылуу атайын комиссия) түзүлсүн:
Ө. М. Бакиров
Е.Г. Строкова
К.Ж. Рыспаев
М.Б. Эгембердиев – “КСДП” депутаттык фракциясынан;
Т.Т. Мамытов
Б.К. Райымкулов
Ж.К. Турускулов - “Республика-Ата-Журт” депутаттык фракциясынан;
К.К. Исаев
А.С. Токторов - “Кыргызстан” депутаттык фракциясынан;
Жунус уулу Алтынбек - “Өнүгүү-Прогресс” депутаттык фракциясынан;
Б.С. Турусбеков - “Бир Бол” депутаттык фракциясынан;
К.К. Иманалиев – “Ата Мекен” депутаттык фракциясынан.
2. Убактылуу атайын комиссия өзүнүн корутундусун 7 күндүн ичинде даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Төрага:
Д.А. Джумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндөЗакон · 18.07.2003 · № 152
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон