22-берене. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн статусу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2026 года № 138
1. Төмөнкүлөр округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албайт:
1) Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
3) судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
4) талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;
5) башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
6) мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
7) башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү, ал аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан округдук шайлоо комиссиясынын курамына кирген аймактык шайлоо комиссиясын кошпогондо;
8) (КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 40 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9) терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.
2. Округдук, аймактык, участкалык бир шайлоо комиссиясынын курамына жубайлар жана жакын туугандар шайланышы мүмкүн эмес.
3. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү негизги ишинен ажыратылбастан иштейт.
4. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде негизги иши боюнча милдеттерин аткаруудан убактылуу бошотулат.
5. Шайлоо жана референдум өткөрүү мезгилине округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө шайлоо жана референдумду өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө сый акы төлөнөт.
Негизги иштеген ишинен шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине бошотулган округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө негизги иштеген жери боюнча орточо эмгек акысы сакталат.
6. Округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасына жана катчысына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө сый акы төлөнөт.
Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына жана катчысына шайлоо жана референдумду өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө сый акы төлөнөт.
7. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү тигил же бул маселе боюнча өз пикири, сунушу үчүн куугунтукталышы мүмкүн эмес. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө өз ыйгарым укуктарын жана кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылуу же кимдир-бирөөнүн пайдасына чечим кабыл алууга мажбурлоо максатында таасир көрсөтүү, зомбулук аракеттерди жасоо, мазактоо, ага тете ушактоо, анын ыйгарым укуктарын жана кызматтык милдеттерди аткарышы жөнүндө жалган маалыматтарды таркатуу мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
8. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо, референдумду өткөрүү мезгилинде жана шайлоо, референдум аяктагандан кийин 6 айдын ичинде администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси боюнча иштен бошотулушу же анын макулдугу болмоюнча башка ишке которулушу мүмкүн эмес.
9. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү:
1) жыйналыш жөнүндө күн мурдатан кабардар болот;
2) тийиштүү шайлоо комиссиясынын ыйгарым укугуна кирген маселелер боюнча сунуштарды киргизет;
3) Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарына кирген жана анын жыйналыштарында каралып жаткан ар кандай маселелер боюнча добуш берүү өткөрүүнү талап кылууга укуктуу;
4) тийиштүү жана төмөн турган шайлоо комиссияларынын документтери жана материалдары менен таанышууга, алардын көчүрмөлөрүн алууга (шайлоочулардын тизмелерин, шайлоо бюллетендерин кошпогондо) жана аларды күбөлөндүрүп берүүнү талап кылууга укуктуу;
5) тийиштүү жогору турган шайлоо комиссиясына шайлоо комиссиясынын аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга укуктуу;
6) шайлоочунун, референдумдун катышуучусунун инсандыгы көрсөтүлгөн документ туура келишин жана бюллетенди алуунун тууралыгын текшерүүгө укуктуу;
7) жыйналышта добуш берүүдөн калыс болууга укуксуз.
10. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча төмөнкү учурларда милдеттеринен бошотулат:
1) өз ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө арыз бергенде;
2) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого кеткенде;
3) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же жарандыгын жоготкондо, ошондой эле башка мамлекеттин жарандыгын алганда же чет өлкө мамлекетинин аймагына жарандын туруктуу жашоо укугун ырастаган жашап туруу уруксатын алганда;
4) ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
5) аны аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген жана дайынсыз жоголду, өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
6) тийиштүү шайлоо комиссиясынын билдирүүсү боюнча - кайтыш болгондо;
7) ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер пайда болгондо;
8) тийиштүү шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими менен шайлоо комиссиясынын мүчөсү өз милдеттерин жана тапшырмаларды дайыма аткарбайт деген ырастоосу таанылганда;
9) Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясы таркатылганда;
10) тийиштүү округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча - милдеттерин жана тапшырмаларды системалуу түрдө аткарбаганда.
11. Тийиштүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, бош орунду ээлөө ушул Мыйзамдын талаптарын сактоо менен шайлоо тартибинде жүзөгө ашырылат.
(КР 2013-жылдын 19-февралындагы № 23, 2014-жылдын 13-мартындагы № 40, 2017-жылдын 20-февралындагы № 26, 2019-жылдын 5-ноябрындагы № 121, 2026-жылдын 28-июлундагы № 138 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 28 июля 2026 года № 138 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 ноября 2019 года № 121 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 февраля 2017 года № 26 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Закон Кыргызской Республики "Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 марта 2014 года № 40 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 февраля 2013 года № 23 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики""Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (204)
- Положение "О порядке формирования и расформирования избирательных комиссий" (утвержденное постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 8 июля…Положение · 08.07.2011 · № 7
- Положение ЦИК КР от 6 декабря 2019 года № 176 "О порядке формирования, расформирования избирательных комиссий и формирования, ведения резерва избирательных комиссий"Положение · 06.12.2019 · № 176
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 242 "Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына…Постановление · 26.04.2017 · № 242
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 10-майындагы № 111 "2017-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин…Постановление · 10.05.2017 · № 111
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 16-июнундагы № 163 "Чүй облусунун Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 16.06.2017 · № 163
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 20-июнундагы № 174 "Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине…Постановление · 20.06.2017 · № 174
- КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 6-майындагы № 66 "Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын, Талас…Постановление · 06.05.2013 · № 66
- КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 13-майындагы № 72 "Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын, Нарын…Постановление · 13.05.2013 · № 72
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-мартындагы № 36 "Чүй облусунун Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине, Талас…Постановление · 04.03.2014 · № 36
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын2014-жылдын 30-апрелиндеги № 65 "Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын…Постановление · 30.04.2014 · № 65
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 16-майындагы № 69 "Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Ысык-Көл, Талас облусунун Кара-Буура, Жалал-Абад…Постановление · 16.05.2014 · № 69
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 27-майындагы № 74 "Ош облусунун Араван, Кара-Кулжа, Ноокат; Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Кара-Көл…Постановление · 27.05.2014 · № 74
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 26-сентябрындагы № 113 "Чүй облусунун Аламүдүн, Москва; Нарын облусунун Нарын; Ош облусунун Кара-Суу…Постановление · 26.09.2014 · № 113
- Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 22-октябрындагы № 121 "Чүй облусунун Ысык-Ата, Ош облусунун Кара-Суу, Жалал-Абад облусунун Чаткал…Постановление · 22.10.2014 · № 121
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 128 "Чүй облусунун Панфилов, Сокулук, Токмок; Талас облусунун Манас, Талас; Ош…Постановление · 20.11.2014 · № 128
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 18-декабрындагы № 134 "Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине…Постановление · 18.12.2014 · № 134
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-мартындагы № 22 "Чүй облусунун Кемин, Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын…Постановление · 03.03.2015 · № 22
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 41 "Нарын облусунун Нарын; Баткен облусунун Баткен; Чүй облусунун Москва, Панфилов…Постановление · 16.04.2015 · № 41
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 16-февралындагы № 43 "Талас облусунун Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине…Постановление · 16.02.2017 · № 43
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 3-мартындагы № 64 "Ош облусунун Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине…Постановление · 03.03.2017 · № 64
204 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203100/st-22" title="22-берене - Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>