Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Чүй облусунун Ысык-Ата, Ош облусунун Кара-Суу, Жалал-Абад облусунун Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 22-октябры № 121
Чүй облусунун Ысык-Ата, Ош облусунун Кара-Суу, Жалал-Абад облусунун Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервинен жана курамынан чыгаруу жөнүндө Б.Т. Иманалиевдин, А. Абдуллаевдин арыздарынын жана М.Т. Джетишованы, К.К. Орозовду Ысык-Ата жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын резервинен жана курамынан чыгаруу жөнүндө сунуштарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” жана 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан "Улуу Биримдик" улутчул-демократиялык партиясы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Иманалиев Болот Токтоналиевич чыгарылсын;
- резервдин курамынан "Эгемен Кыргызстан" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Джетишова Мира Токтоналиевна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден "Демократическая партия "Туран" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Дунганаева Раиса Ибрагимовна киргизилсин.
2. Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан "Улуттар биримдиги элдик партиясы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдуллаев Абдусамат (комиссиянын катчысы) чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден "Республика" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Джуманазаров Ильяс Токтомушевич киргизилсин.
3. Жалал-Абад облусунун Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан "Өнүгүү Прогресс" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Орозов Кадырбек Кудайбердиевич чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Усупбеков Мураталы Курманалиевич киргизилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлу № 7 "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.07.2011 · № 7
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375" Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө…Постановление · 18.10.2011 · № 375
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение "О порядке формирования и расформирования избирательных комиссий" (утвержденное постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 8 июля…Положение · 08.07.2011 · № 7
- Положение "О порядке формирования и ведения резерва избирательных комиссий" (утвержденное постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КРот 18 октября…Положение · 18.10.2011 · № 375