Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, „Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 20-февралы № 26 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене
1-берене. (КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене
2-берене. (КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 557-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 20-берененин 1-бөлүгүнүн 19-1-пунктунда "өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берген учурда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда," деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 22-беренеде:
а) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Шайлоо жана референдум өткөрүү мезгилине аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө шайлоо жана референдумду өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө сый акы төлөнөт.";
б) 6-бөлүктө "мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн отуз эсе өлчөмүндө" жана "мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн жыйырма беш эсе өлчөмүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене. Ушул Мыйзам анын 2016-жылдын 10-октябрынан тартып күчүнө кире турган 3-беренесинин 2-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 24-февралында № 31 (2756) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
- өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
2017-жылдын 12-январында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской РеспубликиЗакон · 03.03.2023 · № 49
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской РеспубликиЗакон · 03.03.2023 · № 49
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон