КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Чүй облусунун Панфилов, Сокулук, Токмок; Талас облусунун Манас, Талас; Ош облусунун Өзгөн; Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ
2014-жылдын 20-ноябры № 128 Чүй облусунун Панфилов, Сокулук, Токмок; Талас облусунун Манас, Талас; Ош облусунун Өзгөн; Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервинен жана курамынан чыгаруу жөнүндө А.Б. Бактыбековдун, Д.М. Токтобаеванын, С.М. Насарбекованын, Г.З. Орозбекованын, М.А. Мырзаматованын, Т. Сарманованын, Н.Т. Юсуповдун, А.К. Азырболовдун, С.Ш. Токтогазиевдин, Нуркалык кызы Жумагүлдүн, Г.М. Суйуналиеванын, З.А. Жумабаеванын арыздарынын жана З.К. Ибраимовду, У.А. Бейшебаевди, Г.К. Курбанбаеваны Сокулук, Токмок, Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын резервдеринен жана курамдарынан чыгаруу жөнүндө сунуштарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” жана 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан "Демократическая партия "Туран" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Бактыбеков Айбек Бактыбекович; "7-апрель Жаштар кыймылы" Саясий партиясынан көрсөтүлгөн Токтобаева Дария Мадыловна; "Кыргызстан үй куруучулардын партиясы" Республикалык коомдук-саясий партиясынан көрсөтүлгөн Насарбекова Саламат Мирадиловна чыгарылсын;
- резервдин курамынан "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Орозбекова Галина Зарылыковна; "Эгемен Кыргызстан" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Мырзаматова Махабат Асанбековна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден "Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Джунушалиева Махабат Калдыбековна; "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Ибраимова Меримкуль Рыспековна; "ЭлАман" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Мамышева Раушан Талантбековна киргизилсин.
2. Чүй облусунун Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан "Ата-Журт" Мекенчил партиясы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Ибраимов Зайдин Кокончалович; "Эгемен Кыргызстан" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сарманов Толон чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден "Улуттар биримдиги элдик партиясы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Назарова Суюмкан Назаровна; "Улуу Биримдик" улутчул-демократиялык партиясы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Маматкожоева Гульнара Джарпановна киргизилсин.
3. Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан "Ак-Шам" Жаратман мекенчилер саясий партиясынан көрсөтүлгөн Бейшебаев Улан Аруунович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сыдыкова Элиза Абаевна киргизилсин.
4. Талас облусунун Манас аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан "Эгемен Кыргызстан" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Юсупов Нургазы Токтосунович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден "Азаттык" демократиялык партиясы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Шерамдин уулу Ислам киргизилсин.
5. Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Азырболов Аманбек Кадырканович; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Токтогазиев Сагынбек Шукурбекович, Нуркалык кызы Жумагүл чыгарылсын;
- резервдин курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Суйуналиева Гулжакан Мусуралиевна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Раимканов Бактияр Иманбекович; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бейшенбаев Каныбек Камчыбекович, Койчукеева Элиза Молдокановна киргизилсин.
6. Ош облусунун Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан "Азаттык" демократиялык партиясы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жумабаева Зейнеп Абдиевна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден "Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Оморов Омурбек Аманбаевич киргизилсин.
7. Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан "Ата-Мекен" саясий социалисттик партиясынан көрсөтүлгөн Курбанбаева Гульсара Курбанбаевна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден "Улуу Биримдик" улутчул-демократиялык партиясы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Тагаева Айнура Иманалиевна киргизилсин.
8. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлу № 7 "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.07.2011 · № 7
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375" Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө…Постановление · 18.10.2011 · № 375
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение "О порядке формирования и расформирования избирательных комиссий" (утвержденное постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 8 июля…Положение · 08.07.2011 · № 7
- Положение "О порядке формирования и ведения резерва избирательных комиссий" (утвержденное постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КРот 18 октября…Положение · 18.10.2011 · № 375