КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын, Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 30-апрели № 65 Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын, Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Д.К.Разакованын, М.А.Аблесовдун, О.Ш.Медетовдун, С.Д.Кудукбаевдин, Н.О.Бектурованын, А.К.Танабаевдин, Е.В.Иощенконун, С.С.Бердибаеванын арыздарынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 6-пункттарына, 22-беренесиндеги 10-бөлүктүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө" жана 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан - "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Разакова Дамиракан Калназаровна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына - Республикалык коомдук-саясий партиясы "Кыргызстан үй куруучулардын партиясынан" көрсөтүлгөн Мейманалиев Тойчубай киргизилсин.
2. Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан - "Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Аблесов Мирлан Амантурович чыгарылсын;
- комиссиянын резервинен - "Акшумкар" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Медетов Орозалы Шералиевич; "Республика" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кудукбаев Сыргак Дуйшеналиевич чыгарылсын;
- комиссиянын курамына - "Улуу Биримдик" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жээнбаева Айгул Шаршенбековна киргизилсин.
3. Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен: жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бектурова Нуриля Озубековна чыгарылсын.
4. Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен: Республикалык коомдук-саясий партиясы "Кыргызстан үй куруучулардын партиясынан" көрсөтүлгөн Танабаев Аманбек Корчунович; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Иощенко Елизавета Васильевна, Бердибаева Салтанат Сайтовна чыгарылсын.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (3)
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлу № 7 "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.07.2011 · № 7
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375" Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө…Постановление · 18.10.2011 · № 375
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение "О порядке формирования и расформирования избирательных комиссий" (утвержденное постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 8 июля…Положение · 08.07.2011 · № 7
- Положение "О порядке формирования и ведения резерва избирательных комиссий" (утвержденное постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КРот 18 октября…Положение · 18.10.2011 · № 375