КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Чүй облусунун Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине, Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 4-марты № 36
Чүй облусунун Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине, Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Э.А. Шакированын арызынын, Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Д. Джетигеновдун кайтыш болгондугу жөнүндө билдирүүсүнүн негизинде, Талас аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган Э.Д. Мураталиевдин Талас облусунун Талас районунун Калба айылдык кеңешинин депутаты болуп шайлангандыгына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2,6,7-пункттарына, 22-беренесиндеги 10-бөлүктүн 1,6,7-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө» жана 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан чыгарылсын: Шакирова Эрмек Ажакматовна, Джетигенов Дженишбек – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
- комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Айтбаева Алмакул Айдарбековна, Асиров Мансур - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
2. Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен чыгарылсын: Мураталиев Джанболот Эсенжанович - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (3)
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлу № 7 "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.07.2011 · № 7
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375" Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө…Постановление · 18.10.2011 · № 375
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение "О порядке формирования и расформирования избирательных комиссий" (утвержденное постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 8 июля…Положение · 08.07.2011 · № 7
- Положение "О порядке формирования и ведения резерва избирательных комиссий" (утвержденное постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КРот 18 октября…Положение · 18.10.2011 · № 375