Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 7-апрели УӨ № 1 (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-майындагы УӨ № 37 Декретинин редакциясына ылайык) Өзүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүнүн алып жүрүүчүсүнүн жана мамлекеттик бийлигинин бирден бир булагынын ыйык укугунан пайдаланып, 2010-жылдын 6-7-апрелинде Кыргызстандын эли К.С.Бакиевдин элге каршы режимин кулатты. Элдин эркин билдирүүсүнүн натыйжасында мамлекеттик бийлик Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө өттү. Кыргызстандын элинин атынан мамлекеттик бийликтин иштиктүү тутумун түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү Кыргызстандын элинин атынан ушул Декретти кабыл алат:
1. Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийлик элдин эркин билдирүүсүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө өтөт.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасында 2007-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын референдуму (бүткүл элдик добуш берүүсү) менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы өзүнүн юридикалык күчүн сактап калат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясында Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитилип берилген ыйгарым укуктар менен милдеттер Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө жүктөлөт.
3. 4-шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул Декрет менен таратылат.
4. Мамлекеттик бийликтин Кыргызстандын элине тиешелүү экендиги жөнүндө конституциялык принципке жана ушул Декретке ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу ыйгарым укуктары менен милдеттерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы курамы шайланганга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү жүзөгө ашырат.
5. 2008-жылы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын курамынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу маселелери боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүү), Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде саясый партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жаңы курамы түзүлсүн. (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-майындагы УӨ № 37 Декретинин редакциясына ылайык)
6. 2009-жылдын 22-октябрында № 283 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү убактылуу сакталып калат.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппараттарынын иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен белгиленген тартипте түзүлгөнгө чейинки мезгилге токтотулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Жогорку Кеңештин аппараттарынын ыйгарым укуктары менен милдеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратына жүктөлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппараттарынын Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн аппаратындагы ишке тартылбаган кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык эмгек өргүүлөрү, ал эми андан кийин эмгек акысы сакталбаган өргүүлөр берилет.
8. Ушул Декреттин 10-пунктунда көрсөтүлгөн органдарды албаганда Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш ийген жана отчет берген мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн баш ийүүсүнө өтөт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын карамагына өткөрүлүп берилет.
9. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, чет мамлекеттердеги дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн, мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын башчылары Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн тиешелүү чечимине чейин өз милдеттерин аткарууну улантат.
10. Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтуна кирүүчү мамлекеттик органдар (Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы, Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укук тартиби боюнча Мамлекеттик кеңешчисинин кызматы, координациялык-кеңешүүчү органдар - Президенттик кеңешме, Өнүктүрүү кеңеши) жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтуна кирүүчү мамлекеттик кызматтар Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укук тартибинин маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министри жокко чыгарылат.
11. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси жоюу комиссиясын түзсүн.
Жоюу комиссиясы белгиленген тартипте жоюлган түзүмдөрдүн документтери менен материалдык каражаттарын Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратына кабыл алууну-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте жүргүзсүн.
12. Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен каралган кызматтарга дайындоо жана кызматтардан бошотуу Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттери менен жүзөгө ашырылат.
13. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону дайындоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декрети менен жүзөгө ашырылат.
14. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун жүрүм-туруму кынтыксыз болуп саналбаган жана аларга карата дисциплинардык өндүрүш менен жазык иштери козголгон судьялары Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декрети менен ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
15. Ушул Декрет ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейинки өткөөл мезгилдин ичинде колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 163 · байланышкандар: 406
Цитата келтиргендер (163)
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-майындагы УӨ № 40 "Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясын кабыл алуу боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) жөнүндө" ДекретиДекрет · 19.05.2010 · № 40
- КР УО 2010-жылдын 9-августунун № 117 "Кыргыз Республикасынын Ош Жалал-Абад, Өзгөн шаарларында, Ош областындагы Кара-Суу, Араван райондорунда жана Жалал-Абад областындагы Сузак…Декрет · 09.08.2010 · № 117
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 3-июнунун № 59 "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун кичи терминалын мамлекеттештирүү жөнүндө" ДекретиДекрет · 03.06.2010 · № 59
- КР УО 2010-жылдын 3-июнунун № 60 "Ташкөмүр" ачык акционердик коомун мамлекеттештирүү жөнүндө" ДекретиДекрет · 03.06.2010 · № 60
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 20-майынын № 43 "Жер участогун жана "Аврора Плюс" турак жай комплексин мамлекеттештирүү жөнүндө" ДекретиДекрет · 20.05.2010 · № 43
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 7-июнунун № 56 " "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомун мамлекеттештирүү жөнүндө" ДекретиДекрет · 07.06.2010 · № 56
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 3-июнунун № 58 "Бишкектеги ликер-арак заводу" ачык акционердик коомун мамлекеттештирүү жөнүндө" ДекретиДекрет · 03.06.2010 · № 58
- КР УО 2010-жылдын 30-апрелинин № 31 "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомун жоюу жөнүндө" ДекретиДекрет · 30.04.2010 · № 31
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 20-майынын № 48 "Пансионат Витязь" жоопкерчилиги чектелген коомунун жеручастогун жана объекттерин мамлекеттештируу женундв" ДекретиДекрет · 20.05.2010 · № 48
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 3-июнунун № 57 "Чатыр-Көл" кинотеатрын мамлекеттештирүү жөнүндө" ДекретиДекрет · 03.06.2010 · № 57
- КР УО 2010-жылдын 26-апрелинин № 32 "Мунапыс жөнүндө" ДекретиДекрет · 26.04.2010 · № 32
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-майындагы № 404 (Кыргыз Республикасынын атынан "Кыргыз инвестициялык кредиттик банк" ЖАК директорлор кеңешинин курамына шайлоо боюнча)…Распоряжение · 27.05.2010 · № 404
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 21-июнунун №97 "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" ТоктомуПостановление · 21.06.2010 · № 97
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын 2010-жылдын 1-июнун № 1-рп (Э.А.Сатылканов жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 02.06.2010 · № 1-рп
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын 2010-жылдын 2-июнун № 2-рп (Р.Ж.Элебесов жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 02.06.2010 · № 2-рп
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын 2010-жылдын 4-июнундагы № 3-рп (К.Н.Жумалиев жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 04.06.2010 · № 3-рп
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын 2010-жылдын 7-июнундагы № 4-рп (М.А.Бегалиев жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 07.06.2010 · № 4-рп
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын 2010-жылдын 7-июнундагы № 5-рп (А.Т.Ногойбаев жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 07.06.2010 · № 5-рп
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын 2010-жылдын 7-июнундагы № 7-рп (А.А.Халмурзаев жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 07.06.2010 · № 7-рп
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын 2010-жылдын 7-июнундагы № 8-рп (Н.С.Усеналиева жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 07.06.2010 · № 8-рп
163 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндөЗакон · 22.10.2009 · № 283 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (406)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР УО 2010-жылдын 26-апрелинин № 23 "Инвестицияларды коргоо жөнүндө" ДекретиДекрет · 26.04.2010 · № 23
- КР УО 2010-жылдын 28-июлунун №113 "Болтурбоого болбогон күчтүн жагдайларынын натыйжасында зыян келтирилген ишкердиктин субъекттеринин кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, айыптык…Декрет · 28.07.2010 · № 113
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 10-апрелинин №8 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу вкметунун Регламентин бекитуу жвнундв" токтомуПостановление · 10.04.2010 · № 8
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын 2010-жылдын 9-июнундагы № 15-рп (Б.Э.Алымкулов жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 09.06.2010 · № 15-рп
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын 2010-жылдын 9-июнундагы № 16-рп (И.М.Еркеев жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 09.06.2010 · № 16-рп
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 20-майынын № 45 "Терра-Нова" жоопкерчилиги чектелген коомунун жер участогун мамлекеттештирүү жөнүндө" ДекретиДекрет · 20.05.2010 · № 45
- КР УО 2010-жылдын 26-апрелинин № 25 "Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигин түзүү жөнүндө" ДекретиДекрет · 26.04.2010 · № 25
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-апрелиндеги УӨ № 132 (Талас областындагы Талас шаарынын мэринин милдетин аткаруучу жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 17.04.2010 · № 132
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-апрелиндеги УӨ № 138 (Т.М.Слащеваны "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директорлугуна - башкы редакторлугуна дайындоо жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 17.04.2010 · № 138
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июнундагы УӨ № 449 (Г.М.Эгимбаева жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 13.06.2010 · № 449
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июнундагы УӨ № 450 (А.Т.Нишанов жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 13.06.2010 · № 450
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-апрелиндеги УӨ № 164 (Ш.И.Абдылдаев жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 23.04.2010 · № 164
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги УӨ № 290 (С.М.Шейшенов жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 30.04.2010 · № 290
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-майындагы УӨ № 379 (Н.Р.Досмамбетов жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 25.05.2010 · № 379
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-майындагы УӨ № 389 (У.Т.Туркменов жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 26.05.2010 · № 389
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-майындагы УӨ № 390 (С.А.Раев жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 26.05.2010 · № 390
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-майындагы № 392 (Т.Ж.Таткулов жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 26.05.2010 · № 392
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-майындагы № 400 (И.Б.Медетов жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 31.05.2010 · № 400
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-майындагы УӨ № 401 (Т.З.Мамыров жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 31.05.2010 · № 401
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи Орун басарынын 2010-жылдын 28-апрелиндеги УӨ № 45-А (А.И.Калмамбетов жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 28.04.2010 · № 45а
406 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.