Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР УО «Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигин түзүү жөнүндө» Декрети
Бишкек шаары
2010-жылдын 26-апрели УӨ № 25
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча
министрлигин түзүү жөнүндө
Жаштар иштери боюнча мамлекеттик органдын ишин уюштурууну
өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алып, Кыргыз Рес-
публикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция ми-
нистрлигинин алдындагы Жаштар иштери боюнча департаменттин базасында
ага жаштар иштери боюнча милдеттерди өткөрүп берүү менен Кыргыз Респуб-
ликасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн түзүмүнө, Кыргыз Рес-
публикасынын жаштар иштери боюнча министри Кыргыз Республикасынын Убак-
тылуу Өкмөтүнүн курамына кирери;
- жаштар иштери маселелери боюнча милдеттер бөлүгүндө Жаштар иште-
ри боюнча департамент менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орношту-
руу жана миграция министрлигинин укугун мурастоочу болуп эсептелери
белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги бир ай-
лык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция ми-
нистрлиги жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги менен биргеле-
шип документтерди, материалдык-техникалык баалуулуктарды, каржыларды,
штаттарды кабыл алууну-өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырсын;
- Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин жобо-
сунун, башкаруу схемасынын, түзүмүнүн жана штаттык санынын долбоорло-
рун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана
миграция министрлигинин жобосун ушул Декретке ылайык келтирүү боюнча
сунуштарды иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитүүгө киргизсин.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары ушул Декретке
каршы келбеген бөлүгүндө колдонулары;
- Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги мурда
Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондуна таандык кылынган имаратта жай-
гаштырылууга тийиш экендиги.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги ушул Дек-
реттин 4-пунктунда көрсөтүлгөн имаратта Кыргыз Республикасынын Жаштар
иштери боюнча министрлигин жайгаштыруу боюнча чараларды көрсүн.
6. Ушул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
7. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-августундагы №176 "2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 26.08.2010 · № 176
- "2015-жылга чейин жаштар саясатынын мамлекеттик СТРАТЕГИЯСЫ" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 640 токтому менен бекитилген )Стратегия · 25.09.2012 · № 640 · Күчүн жоготкон
- КР УӨ 2010-жылдын 1-июлундагы №110 "Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2010 · № 110 · Күчүн жоготкон
- КР УӨ 2010-жылдын 9-июлундагы №120 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги…Постановление · 09.07.2010 · № 120 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-августундагы №176 "2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 26.08.2010 · № 176 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө ЖОБОПоложение · 26.04.2010 · № 25