Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын УО « „АзияУниверсалБанк“ ачык акционердик коомун мамлекеттештирүү жөнүндө» Декрети
Бишкек шаары
2010-жылдын 7-июну УӨ № 56
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
"АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомун
мамлекеттештирүү жөнүндө
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 91 Декретинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 3-пунктунун
негизинде, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-ап-
релиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алып, ошондой эле банктык жана
төлөм системаларынын туруктуулугун камсыз кылуу, коомдогу социалдык
чыњалууну болтурбоо, аманатчылардын жана кредиторлордун кызыкчылыгында
активдерди сактоо, "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомунун (мын-
дан ары - "АзияУниверсалБанк" ААКы) финансылык абалынын начарлоосуна
бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Дек-
ретти кабыл алат:
1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 288-беренесине
ылайык "АзияУниверсалБанк" ААКынын акциялары мамлекеттештирилсин.
1-1. Ушул Декреттин негизинде "АзияУниверсалБанк" ААКынын консер-
ватору жана акционерлеринин реестринин кармоочусу "АзияУниверсалБанк"
ААКынын акционерлеринин реестринде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
мүлк министрлигинин өздүк эсебин ачсын жана ушул өздүк эсепке
"АзияУниверсалБанк" ААКынын бардык акционерлерине таандык акцияларды
которсун.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 91 декретинин редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Кыргыз Республикасы-
нын Финансы министрлиги "АзияУниверсалБанк" ААКын реабилитациялоо менен
байланышкан иш-чаралардын планын бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республи-
касынын Убактылуу Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин, анда аманатчылардын
алдындагы милдеттенмелерди аткаруу каралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү жана Кыргыз Республика-
сынын Улуттук банкы зарыл болгон учурда "АзияУниверсалБанк" ААКына мый-
замда белгиленген тартипте финансылык колдоо көрсөтсүн.
4. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- КР УО 2010-жылдын 1-июлунун № 91 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-июнундагы № 56 "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомун мамлекеттештирүү жөнүндө"…Декрет · 01.07.2010 · № 91
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 20-июнунун №94 "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомун реабилитациялоо планын бекитүү жөнүндө" ТоктомуПостановление · 20.06.2010 · № 94 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон